Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Жалал-Абадта алыш күрөш боюнча Губернатордун Кубогу өткөрүлдү
Улуттук түрлөрү30-август 2017-жыл, среда. 10:48

Жалал-Абадта алыш күрөш боюнча Губернатордун Кубогу өткөрүлдү

13- августта Алыш күрөш сүйүүчүлөр үчүн Арсланбап аймагында чоң күрөш майрамы уюштурулду. Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин демилгесинин алкагында Алыш күрөш боюнча Губернатордун Кубогу өткөрүлүп, элге жайкы спорттук эс алуу тартууланды.

Белдери бек балбандар акчалай сыйлыктарга ээ болушса, чемпиондукка жеткендер жылкы миништи. Иш чаранын максаты "Спорт - тынчтыктын элчиси" деген ураан менен достукка үндөө болду. Өткөн күрөш мелдешине жетекчилер жана жергиликтүү адамдар катышып, ак сакалдар тынчтык үчүн батасын беришти.

70    кг салмакта:

1орун - Бурканбеков Алибай

2 орун - Жаныбек уулу Үсөн

3 орун - Нээматжан уулу Бактияр, Тажимурад уулу Нурбай.

80 кг салмакта:

1 орун - Хабибуллаев Куштар

2 орун - Каримжан уулу Жылдызбек

3 орун - Топчубай уулу Кубат, Табалдиев Руслан.

80 кгдан жогоркулар:

1 орун - Молдотаев Бакыт

2 орун - Койлиев Ыйман

3 орун - Ботбаев Аскар.