Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
17
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Кара-Сууда 1 млн сомдук байге фонду менен волейбол мелдеши өтөт
Волейбол28-август 2017-жыл, понедельник. 14:10

Кара-Сууда 1 млн сомдук байге фонду менен волейбол мелдеши өтөт

Ош облусундагы Кара-Суу районунун Жоош айыл-өкмөтүндө 1 млн сомдук байге фонду менен волейбол мелдеши өтөт. Мелдеш, эгемендиктин 26 жылдыгына карата, 29-30 август күндөру, Жоош айылынын жайкы волейбол талаасында өтө турганы маалым болду.

Волейбол боюнча 40 жашка чейинкилер жана 40 жаштан жогоркулар күч сынашат. Жыйынтыгында 40 жашка чейинкилер арасында 1- орунду ээлегендер 300 миң сом, 2- орунга, 100 миң сом, 3- орунга 60 миң сом, 4- орунга 40 миң сом акчалай байге коюлат.

Ошондой эле 40 жаштан жогоркулар арасында 1- орун 120 миң сом, 2- орунга 60 миң сом, 3- орунга 40 миң сом, 4 - орунга 30 миң сом бөлүндү. Финалдык оюндан кийин түштүк аймактагы райондордун мыкты оюнчуларынан куралган команда менен "EREM" клубунун ортосунда супер оюн өтөт. Ага 100 миң сом байге фонду каралган.