Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Декабрь 2019
13
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Кыргызстандын Олимпиадага жолдомолорунун саны 4кө жетти
Башкалар22-сентябрь 2015-жыл, вторник. 01:40

Кыргызстандын Олимпиадага жолдомолорунун саны 4кө жетти

Эркектер арасында жарышка түшкөн Илья Тяпкин классикалык 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 20 мүнөт 17 секундда чуркап өтүп, 2-орунду ээледи. Ал эми кыз-келиндер арасында Мария Карабицкая финишке 3-болуп жеткен. Натыйжада М. Карабицкаянын көрсөткүчү 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өтчү Жайкы Олимпиада оюндарына катышуу укугун берди. Ошентип Кыргызстандын олимпиадалык жолдомолорунун саны 4кө жетти. Буга чейин Олимпиадага жолдомолорду жеңил атлетиканын башка өкүлдөрү Дарья Маслова менен Юлия Андреева (Архипова) жана балбан Арсен Эралиевдер утуп алышкан.