Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Октябрь 2019
16
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
11-май күнү Айдаркен шаарында волейбол боюнча мелдеш өттү
Волейбол23-май 2017-жыл, вторник. 17:15

11-май күнү Айдаркен шаарында волейбол боюнча мелдеш өттү

11-май күнү Айдаркен шаарында "Ыйман, адеп жана маданият" жылы жана Улуу Ата мекендик жеништин 72-жылдыгына карата спорттук мелдеш өттү. Иш-чара Баткен ОИИБнын башчысы Ашим Тагаевдин жана Кадамжай РИИБнин Айдаркен аймактык милиция бөлүм тарабынан демилгеленип өткөрүлдү. 10 мектептен 9-10-класстардын окуучуларынын арасында он команда түзүлүп, Орозбай Маканов мектебинде жаш спортчулар күч сынашты.

Бирлик айыл аймагынын Айдаркен шаарында көп улуттардын өкүлдөрү жашагандыктан иш чаранын максаты – достукту бекемдөө, улуттар арасындагы биримдикти көрсөтүү деп белгиленген. Ошондой эле, мындай иш-чаралар кылмыштуулуктун, чыр-чатактардын алдын алуу максатын көздөшөт.

Жалпысынан 10 мектептин окуучулары аралашып, 10 команда түзүп спорттун волейбол түрүн ойношту. Бул иш-чарага Кадамжай РИИБнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип катышышты.

Эске сала кетсек, аталган аймакта күч түзүмдөрү байма-бай спорттук иш-чараларды өткөрүп келүүдө деп, Баткен ОИИБнын маалымат катчылыгы билдирди.