Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Ош: волейбол боюнча республикалык турнир жыйынтыкталды
Волейбол09-декабрь 2016-жыл, пятница. 18:23

Ош: волейбол боюнча республикалык турнир жыйынтыкталды

Улуу талант Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча республикалык мелдеш жыйынтыкталды. Бул оюн 24 жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл ага 8 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгында:

* 1-орун – “Erem” командасы (Бишкек)  -    70 миң сом;

* 2-орун – “Дархан” командасы (Ош)      -    50 миң сом;

* 3-орун – “Улар” командасы                   -     25 миң сом;

* 4-орун – “Ош-Бажы” командасы           -     10 миң сомдон жана ар бир командага кубоктор да тапшырылды.

Андан сырткары, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты күйөрман” номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, аларга Ош шаардык спорт комитети тарабынан баалуу белектер берилди.

Мелдеш 2016-жылдын 30-ноябрынан 3-декабрына чейин болду.

Ош шаардык жана Ош облустук валейбол федерациясынын президенти Кылыч Жолдошев:   “Быйыл тарых жана маданият жылына да арналып өтүп жатат. Буга чейин эл аралык мелдеш болучу, жакындан бери республика ичинде гана өтүп калды. Тажикстан жана Өзбекстандан быйыл да каттар келди, тилекке каршы аларды биз кабыл ала албадык. Турнирди кайрадан эл аралык деңгээлине жеткирүүгө аракет көрөбүз”.