Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Куба курамасындагы беш валейболчу зордуктоодо айыпталып, камалды.
Волейбол04-октябрь 2016-жыл, вторник. 14:08

Куба курамасындагы беш валейболчу зордуктоодо айыпталып, камалды.

Үстүбүздөгү жылдын жай айында, Рио-2016 Олимпиадасынын алдында, Финляндияда Кубанын эркектер курамасындагы башкы оюнчулары катышкан ызы-чуу катталды.  Спортчулар кыз талашып мушташа кетишкен. 20-сентябрда жергиликтүү сот бул ишти карап чыгып, өзүнүн вердиктин жарыялады.

Инцидент Дүйнөлүк Лиганын алдында болгон. Куба курамасы жашап турган Тампере шаарындагы мейманканада, спортчулар кыз зордукташкан. Окуядан соң, алар камакка алынып, командадан четтетилди: ызы-чууда 8 валейболчунун аты аталды, алардын ичинде команданын капитаны да бар. Бирок, полиция эки оюнчуну бошоткон.

Төрт валейболчу 5 жылга эркинен ажыратылды, дагы бирөөсү 3,5 жылга камалса, бирөөсү өзүнүн күнөөсүз экендигин далилдеген.

Мындан тышкары, сот спортчуларды жабырлануучуга 24 миң евро өлчөмүндө айып пул төлөп берүү боюнча да чечим чыгарган.