Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Декабрь 2019
13
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Шаршенбек Абдыкеримов Азиянын олимпиадалык кеңешине мүчө болду
Башкалар21-сентябрь 2015-жыл, понедельник. 16:30

Шаршенбек Абдыкеримов Азиянын олимпиадалык кеңешине мүчө болду

Маалыматка ылайык, Шаршенбек Абдыкеримов АОКтун 16-сентябрда Ашхабадда өткөн Генералдык Ассамблеясында мүчөлүккө шайланган. Эми ал КРнын АОКтун эл аралык байланыштар комитетиндеги өкүлү болуп, маркетинг бөлүмүн жетектейт. Муну менен Ш. Абдыкеримов АОКто мүчө болгон 4-кыргызстандыкка айланды. Мындан 4 жыл мурда Садыр Мамытов, Канат Аманкулов жана Саламат Эргешовдор АОКтун мүчөлүгүнө кабыл алынышкан. Ошондой эле аталган жыйында кувейттик шейх Ахмад Аль-Фахад Аль-Сабах АОКтун президенти болуп 4 жылга кайра шайланды. Учурда АОКко Азиянын 45 улуттук олимпиадалык комитеттери кирет. Кошумчалай кетсек, шейх Аль-Сабах АОКту 1991-жылдан бери башкарып келет. Мындан тышкары ФИФАнын Аткаруу комитетинин да мүчөсү болуп саналат.