Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Ноябрь 2019
18
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
2015-жылдын "Мыкты волейболчусу" мыктылыгын тастыктады
Волейбол22-сентябрь 2016-жыл, четверг. 09:58

2015-жылдын "Мыкты волейболчусу" мыктылыгын тастыктады

Маалыматка ылайык, тандоо туру 15-17-сентябрь аралыгында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында орун алып, ага Кыргыз Республикасы, Бангладеш жана Филиппин аралдарынын курамасы катышкан. Жыйынтыгында кыргыз волейболчулары эки атаандашын тең 3:0 эсебинде утуп, кийинки тандоо туруна жолдомо алган.

Уюштуруучулар мелдештеги "Мыкты оюнчу" наамын Оңол Каныбек уулуна тапшырышты. Эске салсак, Оңол "Sports Awards-2015" салтанатында "Жылдын мыкты волейболчусу аталган эле. Андыктан ал мыктылыгын дагы бир ирет далилдеп отурат.