Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Октябрь 2019
16
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Рыспеков Майрамбек:"Аттын күүсү менен токтоно албай,тайказанга улак менен кошо түшүп бараттым"
18-сентябрь 2019-жыл, среда. 12:52

Рыспеков Майрамбек:"Аттын күүсү менен токтоно албай,тайказанга улак менен кошо түшүп бараттым"

Ош жана Талас облусунун оюнчуларынын беттеши болуп өттү.Оюн курч абалда өтүп, өзүнүн командасы үчүн 4 салым салган Рыспеков Майрамбек менен маек курдук.

Атым Рыспеков Майрамбек, учурда 25 жаштамын . Көк бөрүгө биринчи жолу 6- классымда  чоң тойго барып, оюнга болгон сезимдер ошондо ойгонгон. Ошондон бери ойноп баштагам. Минген тулпарымдын аты Береке. Өзүмдүн атым кечеки оюндан жаракат алгандыктан Ынтымак клубунун атын миндим. Оюн мыкты деңгээлде өттү.  Даярдыктар жакшы болчу, биз жигиттер менен келишип, сүйлөшүп даярданганбыз. Негизи президенттин кубогуна чейин андан кийин дагы 20 күндөй даярдандык. Баары Алла тааланын буйругу, Алла тааламдын жардамы, Манас бабамдын рухунун колдоосу менен командабыздын достугу, биримдиги менен жарым финалга чыктык.