Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Оңолбек Каныбек уулу:"Оюн учурунда команда мүчөлөрү күч кубат берди"
Волейбол04-сентябрь 2019-жыл, среда. 19:01

Оңолбек Каныбек уулу:"Оюн учурунда команда мүчөлөрү күч кубат берди"

19-24 август күндөрү өткөн волейбол боюнча Азия аймактык чемпионатында Оңолбек Каныбек уулу экинчи ирет "Мыкты оюнчу" наамына татыган. "Акыркы өткөргөн беттеште сүйүндүргөн учур көп болду"- деген спортчу ийгилик жараткандагы сезимдери менен бөлүштү.

Аты жөнү: Каныбек уулу Оңолбек

Туулган жылы: 17 08 1991

Туулган жери: Ысык-Көл облусу, Тоң району, Оттук айылы

Бою: 197 см

Салмагы:102кг

Спорттун түрү:Волейбол

Жетишкендиктери:2015- КРнын Волейбол федерациясынын версиясы боюнча "Мыкты спортчу".

"Sports Awards-2015" долбоорунун версиясы боюнча "Мыкты волейболчу"

2016- Улуттук лиганын чемпиону, Жаңы муун командасынын курамында КРнын чемпиондугунда || орун, Ысык-Көл оюндарында жана республикалык спартакиадада алтын медалдын ээси.

2017-  КР өкмөтүнүн ардак грамотасы, Азиянын аймактык чемпионатынын"Мыкты оюнчусу"

2018-  Дүйнө чемпионатынын || тандоо турунун "Мыкты оюнчусу"

2019- Азиянын аймактык чемпионатынын жеңүүчүсү жана "Мыкты оюнчусу"

Билими:Иса Ахунбаева атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын педиатрия бөлүмүн аяктаган.

Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда ординатор

Үй бүлөлүк абалы: бойдок

-Оңолбек алгач ийгилигиңиз менен куттуктап өтөйүн, өзүңүз кандай абалда болдуңуз?

Чоң рахмат.Ийгиликке жеткенде сезимдер башкача болду.Эл аралык деңгээлде Кыргызстандын желегин дүйнөгө желбиретип өнүгүүгө салым коштук деп ойлойм.Патриоттук сезимдер ойгонуп өлкөбүздүн туусу көккө көтөрүлүп гимндин ойнолушу менен сыймыктануу жүзүбүздөн байкалып турду.

-Азыркы өткөргөн мелдешиңизде сүйүндүрүп же бармак тиштеген учур болдубу?

Акыркы өткөн мелдеште сүйүндүргөн учурлар көп болду Команда өтө ынтымактуу жана жакшы даярдыкта оюн көргөзө алдык.Элибиздин  колдоосу да бизге күч берип турду.Ушундай колдоого алган, кыргыз элиме чоң рахмат.

-Быйылкы өткөн Азия аймактык чемпионатында мыкты оюнчу аталдыңыз.Буга эмне көбүрөөк себеп болду деп ойлойсуз?

Ар кандай иштин башын баштоодо аракет жана ишеним керек.Чемпионатка даярдык учурунда команда мүчөлөрү мага ишеним көргөзүп күч кубат бергендиги себеп болду окшойт.

- Волейбол чөйрөсүндө кайсы спортчуну татыктуу атаандаш деп билесиз?

Курама командада ойногон ар бир волейболчу мыкты,ар бири таланттуу жана жөндөмдүү.Мен бирөөсүн белгилеп көрсөтө албайм.