Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Март 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
ИИМ: “Күчтүүлөр гана жеңишет, жеңилгенди да билүү керек”
Башкалар06-март 2019-жыл, среда. 14:36

ИИМ: “Күчтүүлөр гана жеңишет, жеңилгенди да билүү керек”

2019-жылдын 28-февралында topsport.kg спорттук-маалымат сайтында ИИМдин Ош шаарындагы Ыкчам чара көрүүчү атайын багыттагы отрядынын кызматкери Расул Тезекбаевдин “ИИМдин биринчилигинде таң калыштуу аракеттер орун алды” деген макаласы жарык көргөн. Биз мына ошол маалыматтарга бир аз тактоо киргизип коюуну туура көрдүк.

Күжүрмөн самбо боюнча КР ИИМдин биринчилигинин башкы калысы Бахтияр Ахунжанов:

- 2019-жылдын 19-20-февраль күндөрүндө “Динамо” КДСБда Кыргыз Республикасынын ИИОнун атайын бөлүктөрүнүн кызмат өтөө учурунда баатырларча курман болгон кызматкерлеринин жаркын элесине арналган күжүрмөн самбо боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин биринчилиги болуп өттү. Аталган мелдешке тажрыйбалуу, көз карандысыз, улуттук категориядагы калыстар катышып, калыс бааларын беришти. Бул турнир 10 жылдан бери өткөрүлгөн эмес, бирок акыркы 3 жылдан бери кайрадан өткөрүлүп, ар бир жыл сайын жогорку деңгээлге өсүп жетүүдө. Мындан ары бул турнирди Эл аралык деңгээлде өткөрүү пландалып жатат.

Бул мелдеште Ош ш. ИИБдин командасынан катышкан Р. Тезекбаев менен ИИМдин “Шумкар” АБПнын командасынын катышуучусу М.Казыбековдун беттешинде калыс баа берилген. Бирок мелдештин катышуучусу Р.Тезекбаев бир топ убакыт өткөндөн кийин калыстарга өзүнүн  нааразычылыгын билдирген. Судьянын чечими боюнча ар бир нааразычылык күжүрмөн  самбонун эл аралык эрежелерине ылайык, мелдештин башкы калысына кат түрүндө кайрылгандан кийин, судьялык коллегия тарабынан каралат. Бирок аталган спортчулардын мелдешинде судья өзүнүн калыс жана объективдүү  баасын берип, күчтүүсүнө жеңиш ыйгарылгандыгын дагы бир ирет тастыктап кетким келет.  Кандай гана мелдеш болбоосун күчтүүлөр гана жеңишет. Эгерде сен күчтүү болсон сага эч кандай тоскоолдук туруштук бере албайт. мисалы, мына кечээ жакында 2- 6-февраль күндөрү Афган согушунда  курман болгон, Кызыл Жылдыз орденин кавалери В.Гордеевдин элесине арналган самбо боюнча чемпионатта эл аралык спорттун чеберлери деле биздин кызматкерлерге жеңилип калгандыгы, спортто күчтүүлөр гана женишке жете тургандыгын далилдейт.

Ошондой эле ИИМдин Атайын бөлүктөрүнүн Ардагерлер кеңешинин төрагасы  Нурканбек Айдаркулов бул окуя боюнча мындай деди:

- Ош шаарынын ИИБдин командасынан катышкан Р.Тезекбаевдин мелдеш тууралуу айткан нааразычылыгына төмөнкүлөрдү билдирип кетким келет. Абалтан атайын багыттагы бөлүктүн (спецназдын)  кызматкерлери эч качан спорттогу жетишкендиктерине нааразычылык билдирген эмес. Анткени ал спортчу болуу менен катар эле атайын багыттын кызматкери, погон тагынып, форма кийип жүрөт. Негизи эле спортто күчтүүлөр гана жеңишке жетише алат.  Ошондуктан спорттук мелдештерге ар бир спортчу жогорку даярдык менен келип, өзүнүн чыныгы чеберчилигин көрсөтүп, жеңишти багындыра алат. Чындап эле чыныгы спортчу болсо таза жеңишке нокдаун же нокаут менен жетишип, өзүн рингде көргөзүшү керек. Ал эми Ош ш. ИИБдин командасынан катышкан Р. Тезекбаев өзүнүн жеңилүүсү мелдеш аяктаган мезгилден бир топ күн өткөндөн кийин нааразычылык билдирип, даттанганы бул – уят. Ал быйыл гана эмес былтыркы жылы дагы мелдеште утулганына даттануу билдирген. Айта кетчү нерсе, спецназдын арасындагы мелдеште далай-далай чемпиондор, спорттун кайсы түрүнөн болбосун, жеңилүүгө дуушар болгон. Себеби, спецназда чыныгы мекенчил атуулдарда өзгөчө дух жана ишеним бар. Бул дух спецназ үчүн өзүнүн милдетин аткарууда, Ата-Мекенине чындап кызмат кылууда, өзүнүн керт башын аябастан, кандай гана коркунучтар болбосун, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн кызмат кылууга жогорку дем жана күч берет. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик этикасын сактоо бул эң негизги милдети

Расул Тезекбаев менен беттешке чыккан ИИМдин “Шумкар” АБПнын 2-батальонунун күжүрмөнү кызматкери Майрамбек Казыбеков:

- Күжүрмөн самбо боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин  биринчилиги  боюнча мелдеш өткөрүлгөн. 68 кг. салмактагы финалда Тезекбаев Расул экөөбүз беттештик, финалда аны утуп жеңишке ээ болдум. Менин айтайын дегеним ал беттеште Тезекбаев айткандай судья тараптан эч кандай мага тартуу жана атайын баа ыйгаруу болгон жок, мелдеш адилеттүү болду. Финалдык беттеште өзүңөр көрсөңүздөр самбо эрежеси боюнча мен көп ирээт чабуул кылдым,  атаандашым коргонуу ыкмасында эле жүрдү, мен чабуулду көбүрөк жасагандыгым үчүн судья Тезекбаевге эки  жолу эскертүү берген. Жеңиш калыс болду деген ойдомун бирок,  “Жыгылган күрөшкө тойбойт” деген макалдай, убагы келсе, мелдеш учурунда ал спортчу менен кайрадан күч сынашууга даярмын

Дал ошентип күч атасын тааныбайт, күчтүүлөр гана жеңишет дегендей чоң спортто жеңишти да баалай билип, женилүү ызасын да көтөрө билүү керектигин белгилейбиз.

ИИМдин Басма Сөз кызматы