Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Май 2019
26
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Расул Тезекбаев: “ИИМдин Биринчилигинде таң калыштуу аракеттер орун алды”
Башкалар28-февраль 2019-жыл, четверг. 22:54

Расул Тезекбаев: “ИИМдин Биринчилигинде таң калыштуу аракеттер орун алды”

Грэпплинг жана ММА боюнча кыргыздын туусун бийик желбиретип жүргөн Расул Тезекбаев кечээ жакында күжүрмөн самбо боюнча ИИМдин Биринчилигине катышып, вице-чемпион аталды. Ал менен байланышканыбызда аталган мелдеште акылга сыйбас таң каларлык жагдайлар орун алганын билдирди.

Грэпплинг жана ММА боюнча кыргыздын туусун бийик желбиретип жүргөн Расул Тезекбаев кечээ жакында күжүрмөн самбо боюнча ИИМдин Биринчилигине катышып, вице-чемпион аталды. Ал менен байланышканыбызда аталган мелдеште акылга сыйбас таң каларлык жагдайлар орун алганын билдирди.

- Күжүрмөн самбо боюнча ИИМдин биринчилигине кантип катышып калдың? Негизи мындай мелдешке катышуу үчүн күч структураларында кызмат кылыш керек эмеспи, сен бул тармакта эмгектенесиңби?
- Бул мелдешке акыркы 3 жылдан бери катышып, күчүмдү сынап келем. Анткени өзүм Ош шаарындагы Ыкчам чара көрүүчү атайын багыттагы отрядда (СОБР) кызмат өтөйм. Быйыл 68 кг салмакта таймаштым.

- Буга чейин кандай орундарды ээлегенсиң?
- Эң биринчисинде чемпион болгом. Былтыр болсо калыссыздыктын айынан финалда жеңилип калгам. Анан быйыл да ошол нерсе кайталанып, чындыкка жатпаган нерселер болуп кетти.

- Финалда Майрамбек Казыбеков аттуу атаандашыңдан жеңилүү ызасын тартып калдың? Финалда чемпион болуу үчүн эмне жетишпей калды деп ойлойсуң?
- Жогоруда айтып кеткендей, калыстар тартып койду. Адилеттүү калыстык жетишпей калды. Куру сөз болбосун, менде финалдык кармаштын видеосу бар. Баарын өз көзүңөр менен көрүп алсаңыздар болот. Анда атаандашым килемди айланып, менден качып жүргөнүн көрүүгө болот. Мен аны 3 ирет кулатып, эми упайга иштейин десем тургузуп коет. Ал эми атаандашым качып, пассивдүү аракеттерди жасап жатса да, мен чабуул жасап жаткан жеримден беттешти токтотуп, мага эскертүү берип, атаандашыма 1 упай ыйгарып коюшту. Жана ошол 1 баллдын арты менен ал жеңүүчү аталып кетти. Буга эми эмне дешти да билбейсиң. Жөн гана сөз жок.

- Эмне себептен ушундай аракеттер жасалууда деп ойлойсуң?
- Жылда мени жана ошол бишкектик жигитти 2 башка тайпага коюшат. Мен өз тайпамды жеңип финалга чыгам. Тиги бала тияктан чыгат. Анан финалда баары алдын-ала сүйлөшүлөт. Калыстар атаандашыма “сен жөн гана туруштук берип кой, калганын биз жасайбыз” дешет. Анан мага болбогон жерден ойлонуп табылган эскертүүнү беришет. Өз кезегинде ал үчүн атаандашка 1 упай жазылат. Ошентип ал ошол 1 упай менен жеңип кетет. Мен аны кулатып, эми ыкма жасайын десем тургузуп коюшат. Мага калыстар иштегенге эч кандай мүмкүнчүлүк беришпейт. Мелдештен кийин айрым калыстар “сеники туура эмес болуп калды” деп айтышат.

- Бул сенин быйылкы жылдын эсебинен алгачкы таймашың болду окшойт, алдыда дагы кандай мелдештер күтүүдө? ММА боюнча быйыл кандай беттештерге чыгууну пландаштырып жатасың?
- Быйыл ММА боюнча мелдештерим мартта башталат. М1 Глобал жана жаңы түзүлгөн АСА уюму менен келишим түзүүнүн үстүндө аракет кылуудабыз. Буюрса келишимге жетишип калсак, буюрса жакшы натыйжаларды көргөзөбүз деп айтып кетет элем.

P.S. ИИМдин Биринчилигинде ушундай терс көрүнүштөр болуп жатканы өкүндүрөт. Алдын-ала кимдир бирөөнү чемпион кылуу операциясы “ийгиликтүү” ишке ашырылып келет. Чынында бул нерсе мелдештин аброюн арттырбайт. Жогору жактагылар өз балдарына минтип жан тартпай, качан баары килемде калыс чечилет болду экен? Анткени күч атасын тааныбайт эмеспи.