Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Гүлшанай Сатарова: “Турмушка чыкканымда баары “Гүлшанайдын карьерасы бүттү” дешкен”
Башкалар25-февраль 2019-жыл, понедельник. 22:28

Гүлшанай Сатарова: “Турмушка чыкканымда баары “Гүлшанайдын карьерасы бүттү” дешкен”

Жеңил атлетика боюнча Азияны багынткан айымдарыбыз аз эмес. Алардын бири Гүлшанай Сатарова жакында Өлкө чемпионатында алдына күлүк салдырбай, биринчи аталды. Каарманыбыз спорттун ысык-суугун айтып, келечек пландарынан кеп салды.

Толук аты-жөнү: Сатарова Гүлшанай Сафаралиевна
Туулган жылы 01.09.1992
Туулган жери: Өзбекстан республикасынын Андижан облусу.
Билими: ЖАМунун дене тарбия факультетин бүтүргөн.
Жетишкендиктери: Жеңил атлетика боюнча Эл аралык класстагы спорт чебери. КРнын бир нече жолку чемпиону, Азия оюндарынын жана чемпионаттарынын байге ээси.
Машыктыруучусу: Төрөжан Абдиллажанов.
Үй-бүлөлүү 1 кыздын энеси.

- Гүлшанай 2017- 2018 жылдар сиз үчүн жемиштүү болду, ийгиликке кандай жол туттуңуз?
- Турмуштан жолдуу экенмин. Эң биринчи ийгилигим спортту түшүнгөн жигитке баш байладым. Кыйынчылыктарга чыдабай, ыйлактаганда жолдошум өзү баш болуп моралдык жардам берип, шыктандырат. 2017- жылы Ашхабад шаарында жабык имараттар ичинде өткөн Азия оюндарында 2- орунда алдым. Андан кийин Казакстан, Өзбекстанда өткөн Эл аралык мелдештерде жеңүүчү болдум. 2018-жылы Иранда өткөн Азия чемпионатында да экинчи болсом, быйылкы республикалык чемпионатты 3000 метр аралыка чуркоону уттум.

- Жөө күлүктөр машыгууну дээрлик таза абада өткөрүшөт. Өлкөнүн кайсы жерлеринде машыгууга ыңгайлуу?
- Көбүнчө Бостери, Кажы-Сай, Караколдо даярдыктар жүрөт. Негизи Кыргызстан абасы таза керемет жер, баардык уюлу машыгууга ыңгайлуу.

- Балалык кезден биз билбеген спорттун кайсы түрүнөн күчүңүздү сынап , кайсы айылдын мыктысы элеңиз?
- 10 жашымдан баштап, бир тууган агамдын таасиринин астында каратэ менен машыгып, кызыл курду багынткам. Кичи мекеним Өзбекстандын Андижан облусуна караштуу Кара-Суу районун Токтогул айылында туулуп-өстүм. Биздин айылда көпчүлүк жаштар спорт менен алектенишер эле. Спортго болгон кызыгуумду ырамаатылык атам байкап, өзү спорттук колледжге тапшырткан. Орто мектепти бүткөндөн кийин Кыргызстанга биротоло көчүп келгенбиз. Жогорку билимди Жалал-Абад мамлекеттик университетинин дене тарбия адистигинен алдым.

- Кыйынчылык, атаандаштыка кантип туруштук берүүдөсүз?
- Бир эле сөз өстүрөт же чөктүрөт. Ушул сөзгө бөркүмдөй ишенем. Турмушка чыкканымда баары “Гүлшанайдын карьерасы бүттү” дешкен. Намыска тийген сөздөргө теригип, Төрөжан агайыма кадимкидей бышактагам. Устатым экөөбүз биз аларга жыйынтык менен дадилдейбиз деп, ийгиликке бет алдык. Негизи үй-бүлөлүү айымга спортту тең алып кетүү оңой эмес. Төрөгөндөн кийин спортко кайтуу кыйын болду. Кечке эле көчөдө чуркап жүрө берсең, үй-бүлөң калат. Атам мага ишенип, кызым сен чемпион болгонуңда сыналгыдан көрөбүз деп айтып калчу. Ошол сөздөр дем берип, атамдын, агайымдын мээнетин актайм деп өзүмдү колго алдым.   

- Эстегенде ууртуңузга жылмаюу тартуулаган учурлар көптүр?
- Бир жолу Ирандагы Азия чемпионатында 1 км аралыкты басып өтүү үчүн стадионду беш ирет айланып чуркоо керек эле. Эң алдыда бараткам, бир маалда атаандаштарым баарысы менден мурда маарага жетип келишти. Нес болуп калыстарга барып мен эмне акыры калып кеттим деп чуу салдым. Алар: "Финиш" десек бизди укпай чуркап кетип калдыңго деп боору эзилип каткырды. Көрсө мен беш ирет чуркап маарага жетипмин дагы адашып кетип алтынчы ирет калыстардын "Утуш" деген дабышын укпай чуркоону уланта берипмин. Ошондо уялганымды айтпаңыз, бир чети өзүмдү өзүм шылдыңдап күлгөмүн (күлүп).

- Спортто кимди кумир тутуп, кандай үй-бүлө курдуңуз?
- Жеңил атлетика менен алектенешдин бир себеби эфиопиялык жөө күлүк айым Кензебе Дибаба. Анын сулуулугуна жана ийгиликтерине суктанам. Спорттук үй-бүлөө курдук деп айта алам, жолдошум да бокс менен алектенет. Жумушу спорттон алыс эмес, күч түзүмдөрүндө эмгектенет. Алиман аттуу кызыбыз бар. Кызыбызды гимнастикага берели деп жатабыз, Алиман үйдө мага кошулуп чуркап калат. Кыскасы үчөөбүз тең спорт десе ичкен ашыбызды жерге коебуз.

- Алдыда дагы кандай жаңылыктар менен кубантайын деп жатасыз?
- Азырынча олимпиада оюндарына лицензия алуу аракетиндемин. Кудай колдоп турса жыл аягына чейин, Эл аралык мелдештерден мекенимди куру койбойм деп ишендирем.

- Ийгилик каалайбыз!