Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Дайыр Карыяев: “Күчүмдү жаңы салмакта сынап көрдүм”
Башкалар11-февраль 2019-жыл, понедельник. 21:29

Дайыр Карыяев: “Күчүмдү жаңы салмакта сынап көрдүм”

Бишкекте жыйынтыкталган самбо боюнча Виталий Гордеевдин кезектеги Эл аралык мелдешинин каармандарынын бири Дайыр Карыяев болду. Жеңиши жана жакынкы келечектеги пландары тууралуу ал мындай дейт.

- Виталий Гордеевдин мелдешине кантип даярдык көрдүң?       
- Мелдешке режим сактап, 2 маал машыгууларды өткөрүп даярдандым. Тилекке каршы машыгуу сборун өтө алган жокмун.

- Бул мелдешке канчанчы жолу катышып атасың жана канча жолу жеңишке жетишип отурасың?
- Быйыл Гордеевди 4-ирет катары менен жеңип алдым. Ага чейин байгелүү орундарды ээлегем. Белгилей кетсем, буга чейин күжүрмөн самбо боюнча катышып келсем, быйыл спорттук самбо боюнча таймашып, ийгиликке жеттим.

- Жалпы канча кармаш өткөрдүң? Атаандаштарың жана атаандаштык тууралуу айтып берсең?
- Жалпысынан 5 кармаш өткөрдүм. Экинчи айлампада казакстандык атаандашым менен беттешим кыйын болду. Негизи быйыл буга чейин чыгып жүргөн 74 кг эмес, 82 кг салмакта өз күчүмдү сынап көрдүм. Бул салмактардын айырмасы байкалды. Өзгөчө физикалык жактан кыйын болду десем болот.

- Алдыда дагы кандай мелдештер күтүп турат?
- Апрель айында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Анда жеңип чыккандар Азия жана Дүйнө чемпионатына жолдомо алышат. Максат – буюрса чемпионатта жеңип чыгып, Эл аралык мелдештерде кыргыздын намысын коргоо.