Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Октябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Олжобай Кудайберди уулу: “Виталий Гордеевдин мелдешин биринчи жолу жеңип алдым”
Башкалар11-февраль 2019-жыл, понедельник. 12:54

Олжобай Кудайберди уулу: “Виталий Гордеевдин мелдешин биринчи жолу жеңип алдым”

Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган күжүрмөн самбо боюнча мелдеште 90 кг салмакта Олжобай Кудайберди уулу жеңүүчү аталды. Спортчу жеңиши жана келечек пландары тууралуу ой бөлүштү.

- Виталий Гордеевдин мелдешине кантип даярдандыңыз, жеңип чыгууга чейинки процессти айтып берсеңиз?
- Кызуу даярдык көрдүм. Режим сактап, диетага отурууга туура келди. Атаандаштарым да оңой спортчулар эмес болду, анткени баары бул мелдештин буга чейинки чемпиондору эле. Мага караганда тажрыйбалуу самбочулар.

- Ким менен болгон кармашыңыз кыйынчылык жаратты?
- Мен өзүм ММА, бокс, кикбокс менен көп таймашып жүргөндүктөн, базалык тажрыйбам пайдасын берди. Самбодон кыйраткан ыкма билбей, күрөшө албай улам жыгылып калып жаттым. Упайдан жактан алдырып коюп жатсам да, жарым финалда “ударный” техника, ал эми финалда нокаут менен утуп алдым.

- Мелдешке канчанчы ирет катышып жатасыз?
- Алгач самбо боюнча 2014- жылы Кыргызстандын чемпионатына катышып жеңилип калгам. Андыктан Гордеевдин мелдешин биринчи жолу жеңишим. Быйыл жеңиш мага жылмайды.

- Адатта жылды Гордеевди жеңип баштаган спортчулар көп ийгиликтерге жетишет, быйылкы жылга пландарыңыз кандай?
- Буюрса аралаш уруш боюнча Өлкө, Азия жана Дүйнө чемпионаттарына кызуу даярдыктар болот. Эки жылдан бери ММА боюнча дүйнө чемпионатында үчүнчү орунда багынтып келсем, Кудайым колдоп турса быйыл акыры чемпион болмокчумун.

- Ооматыңызды берсин, ийгилик!