Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Ноябрь 2019
18
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Сыргак Айталиев: “Кыргыз тай боксчулары дүйнөнү дүңгүрөтөт”
Башкалар06-февраль 2019-жыл, среда. 01:29

Сыргак Айталиев: “Кыргыз тай боксчулары дүйнөнү дүңгүрөтөт”

Кабарыңыз бар 3-февралда Бишкекте тай бокс WMF боюнча Кыргызстандын кезектеги чемпионаты аяктады. Ошого байланыштуу аталган Федерациянын түптөөчүсү, машыктыруучу жана жөн гана оптимист Сыргак Айталиев менен маек курдук.

- Саламатсызбы Сыргак мырза? Маегибизди чемпионат тууралуу баштасак, мелдеш канча спортчуну чогулта алды жана өлкөбүздүн кайсы аймактарын кучагына алды?
- Жалпысынан 218 спортчу катышты. Облустар боюнча алсак, эң көп катышуучулар албетте Чүй облусунан болду. Мындан тышкары Ош, Талас жана Ысык-Көлдөн да өкүлдөр келишти.

- Мелдеш сиздин үмүтүңүздү актадыбы?
- Чынында мен күткөн нерселердин баары орун алды. Бул чемпионат тай боксту жайылтууда алдыга дагы бир кадам болду десем жаңылышпайм. Спортчулар менен машыктыруучулар көбөйүп, чеберчиликтери өсүп жатканы байкалды.

- Чемпионаттын жыйынтыгында эмнелерди белгилеп кетесиз?
- Чемпионат жакшы атаандаштыкта өттү. Мушкерлерден Оштон келген үч бир туугандардын улуусу Бакытбек уулу Арлетти белгилеп кете алам. Ал мыкты техникасын көргөзүп, баардык беттештерин мөөнөтүнөн мурда жеңүү менен жаштар арасында 63,5 кг салмакта татыктуу чемпион аталды. Чынында мен мындайды күткөн эмесмин. Абдан таң калдым. Буюрса ал ушундай нукта машыгууларын улантса, келечекте мыкты спортчу чыгарына ишенем.

- Саамалыкка кикбоксчулардын да катышкандыгына кандай карайсыз?
- Негизи бул спортто кадимки эле көрүнүш. Ошондуктан буга көз карашым да түз. Кикбоксчулар менен тай боксчулар бири-бири менен таймашып, өз ара жакшы эле тажрыйба алышты деп ойлойм. Мындай атаандашуу эки тарапка тең пайдалуу болду деп эсептейм. Негизи спортто бир багытта эле жүрбөстөн, ар тараптуу машыгуу жана таймашуу жаңы шыктардын ачылуусуна түрткү болот.

- Чемпионаттын башкы максаттарынын бири – бул Дүйнө чемпионатына тандоо болчу. Курама команданын курамы бекитилди деп эсептесе болобу?
- Ооба. Чемпионат мыктылардын мыктысын аныктап берди.

- Ошентсе да Данияр Кашкараев, Жаныбек Бейшебек уулу сыяктуу мушкерлер Дүйнө чемпионатына тандоосуз эле барышса керек?
- Ооба. Кечээ тай бокс сүйүүчүлөр арасында тандоо болду. Ал эми Данияр менен Жаныбектин чеберчилиги жогору болгондуктан, алар Дүйнө чемпионатында профессионалдар арасында күч сынашат.

- Тай бокстун тарыхы тууралуу да маалымат бере кетсеңиз?
- КРнын Тай бокс WMF федерациясы жаш өнүгүп келаткан уюм. 2013-жылы ноябрда түптөлгөн. Ошентсе да ушул кыска аралыкта Дүйнө чемпиондору чыкты. Андыктан келечегибиз алдыда. Баары эми гана башталууда.

- Учурдагы кыргыз тай боксунун абалын жана өнүгүүсүн кандай баалайсыз?
- Тай бокс өнүгүп жатат. Бирок биз каалагандай эмес. Баары каржылык колдоого барып такалат. Тай бокс башка спорт түрлөрү сыяктуу энтузиасттардын арты менен эле кармалып, жайылып келет десем аша чапкандык болбос. Негизи тай бокстун кудурети бар, анткени таланттуу мушкерлер көп.

- Маегибиздин аягында өзүңүз тууралуу да маалымат бере кетсеңиз? Спортко кантип аралашып калгансыз, башкы максатыңыз эмне?
- Бала кезимде көптөгөн спорттук секцияларга бардым. Бокс, күрөш, сууда сүзүү. Анткени Совет мезгилинде баары бекер жана жеткиликтүү болчу. Ал эми тай бокско аралашуума Павел Федотов менен Аман Атилов себепчи болушкан десем болот. Дал ушул адамдардан тай бокс эмне экенин билип, кызыгуум артып, убакыт өткөндөн кийин биротоло байланып калдым. Учурда 51 жаштамын. Азыр машыктыруучулук менен алектенем.

Спорттогу башкы максатым – тай боксту өнүктүрүү жана таланттуу мушкерлерди ачуу. Мисалы Жаныбек Бейшебек уулун алалы. Ал Таиландда жашап, мелдештерге катышып жүрдү. Талыкпас эмгеги жана таланты менен тай бокс дүйнөсүндө сый-урмат арттыра алды. Кичинекей Кыргызстандан дүйнөлүк деңгээлдеги спорчтулар чыгарын иш жузүндө далилдеди. Азыр аны белгилүү тай боксчулар баары билишет, олуттуу атаандаш катары кабыл алышат. Айтор мезгил келет ыргыздын көптөгөн таланттуу тай бокс чеберлери чыгып, дүйнөнү дүңгүрөтөт. Мен буга ишенем.