Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Январь 2019
21
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Кубаныч Абдисалам уулу: “Тилегим – UFC`де кыргыздын туусун желбиретүү”
Бокс/MMA06-январь 2019-жыл, . 23:12

Кубаныч Абдисалам уулу: “Тилегим – UFC`де кыргыздын туусун желбиретүү”

Биздин бүгүнкү маектешибиз КМШнын ММА дүйнөсүнө жарып кирген мушкер Кубаныч Абдисалам уулу. Ал быйыл 5 беттеш өткөрүп, баарын жеңип алуу менен Sports Awards-2018де “Мыкты ММА мушкери” номинациясында талапкер болуп, АСВ`нин Беркут Гран-Присинде финалга чыкты.

Бою – 180, салмагы – 70 кг
Туулган жери – Өзгөн району, Шоро-Башат айылы
Туулган жылы – 04.06.1994
Машыктыруучусу – Алым Насипов, Арслан Тыныбеков
Спорт клубу – “Ынтымак-Ихлас”
Жактырган спортчусу – Фёдор Емельяненко

- Спортко кантип аралашып калгансыз?
- Кичине кезимден эле кызыгуум бар болчу. Ошол өзгөчө бир шык берип жандандырып, спорттук жолду тандагам.

- Эмне себептен ММАны тандагансыз, эрежесиз эр уруштун баарынан эмнеси жагат?
- Бала кезимден көчөдө көп жүрүп, уруштарды баштан далай кечирген тентектигим кызыгууга айланып, ММА дүйнөсүнө жетелеген.

- Көп мушкерлердин максаты UFC. Сиз да анда мушташкыңыз келеби?
- Албетте, баардык эле мушкерлердей менин да тилегим UFCде Кыргызстандын желегин желбиретүү.

- Быйыл АСВ`нин Беркут Гран-Присинде чоң жаңылык жаратып, финалга чыктыңыз. Эмненин эсебинен мыкты ММА чеберлери Миятлиев, Альмурзаев жана Туменовдорду жеңип алдым деп ойлойсуз?
- Аракетчилдигим жана тынымсыз машуугумдун артынан, бир сөз менен айтканда аракеттенүүм жеңишке жеткирди. Баары Алланын буйругу менен болду!

- Мындай жеңиштерден кийин белгилүү уюмдардан сунуштар түшүп атса керек?
- Азырынча эч кандай сунуштар түшө элек.

- Маекти башка нукка бурсак, ата-эне жана бир-туугандарыңыз жөнүндө айтып берсеңиз: кандай үй-бүлөдө туулуп-өскөнсүз?
- Өзүм жөнүндө айтсам, мен жөнөкөй үй-бүлөдө чоңойгом. Атам менен апам жети баланын ата- энеси. Мен бешинчисимин. Үч эжем, байкем, карындашым жана иним бар.

- Жашоодо жана спортто устатым деп кимди эсептейсиз?
- Жашоомдогу устатым деп мен өзүмдүн бир тууган байкемди эсептейм. Себеби мен ал адамга өзүмдү салыштырып, ага карап өстүм. Ал эми спорттон айта турган болсом мени алдыга сүрөп, көп мээнет кылган агайларымды айта алам.

- Эгерде мушташ сиз пландаштыргандай болбой, башкача жүрүп жатса, жеңилип баратсаңыз, кандай жол тутасыз?
- Бойду эртерээк бүтүрүүгө аракет кылам. Мисалы: муунтуу, колун кайруу жолу жана башка ыкмаларды колдонуп.

- ММА боюнча кайсы беттешиңиз сага чоң сабак болгон? Эмне деген сабак?
- Эң акыркы беттешим оюмдагыдай болбой башкача болуп калды, ошол мен учун чон сабак болду! Атаандашым жабыр тарткандыгына байланыштуу калыстардын чечими менен кармаш эрте бүттү. Мен ойлогом атандашым боксчу болгондуктан, күрөш жагы менен кандайдыр бир башкача ыкма менен жеңишке жетем деп. Мисалы: муунтуп, кол кайрып же башка. Бирок тилекке каршы андай болбой, беттеш стойкада эле ишке ашты.

- Лакап атыңызды ким койгон жана ал эмнени билдирет?
- Менин лакап атымды, агайым койгон себеби мен беттеште сокку жегениме карабай жабыр тартсамда, алга барууну, чабуулду уланта берем. Ошол себептен агай мени "Танк" деп койгон Тайманбас, эр жүрөк деген мааниде.

- Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Бош убактымды досторум менен өткөрөм. Киного барып, топ ойноп, сууга түшүп жана башка нерселер менен алектенем.

- Маегиңизге чоң рахмат, иштериңизге ийгилик каалайм!