Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Ноябрь 2019
18
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Нуржан Мелисбек уулу: “Улак тартышыма апам каршы болгон, анткени атам ушул оюндун кесепетинен каза тапкан”
Улуттук түрлөрү04-январь 2019-жыл, пятница. 23:27

Нуржан Мелисбек уулу: “Улак тартышыма апам каршы болгон, анткени атам ушул оюндун кесепетинен каза тапкан”

Улакчы Нуржан Мелисбек уулу быйыл бир да чоң мелдешти калтырбай, туруктуу жакшы оюн көргөздү. Натыйжада Sports Awards`дун Уюштуруу комитети тарабынан талапкерлердин мыкты үчилтигине кошулуп отурат. Добуш берүү менен Комиссиянын тандоосунун негизинде жылдын “Мыкты улакчысы” аталабы же жокпу аны убакыт көргөзөт эмеспи.

- Саламатсызбы Нуржан? Азыркы убакта көк бөрү сиз жок тузсуз тамактай эле болуп калат болуш керек. Алгач спорттун бул түрүнө келген биринчи күндү эске салсаңыз?
- Көк бөрү менин эң сүйүктүү спортум жана хоббим болгондуктан, бул оюнду ойнобой калсам кыжаалат болуп, өзүмдү тамак ичпей калгандай эле сезем. Бул спортко биринчи келген күнүмдү эстей албай жатам. Бирок эсимде калганы 2016-жылкы “Достук” менен ойногон Нооруз мелдеши болду. Негизи ата-тегим улакчы болгондуктан атамды, байкемди ээрчип айылда ойноп жүрүп кызыгуум артып кеткен.

- Көк бөрү ойногонуңузга үй-бүлөңүз каршы экенинен кабарым бар. Акыркы көрсөткөн оюндарыңызда оор жаракат алып калганда абал дагы да оорлошту болуш керек...
- Албетте, көк бөрү кооптуу жана жаракаттуу оюн болгондуктан, башында апам каршы болуп жүрдү. Анын дагы бир себеби атам ушул оюндун кесепетинен каза тапкан. Бирок бул менин көк бөрү ойнобой калышыма аралжы боло алган жок. Кызыгууң артып, каныңда бар болсо спортту таштап коюу оңой эмес экен. Азыр апам оюнга аттанаарда ак батасын берип, жакшы ниетте жөнөтөт. Ал эми оюн болгондон кийин андай жаракат алуулар болуп турат экен. Буйруса азыр баары жакшы, апамын да да каршылыгы жок.

- Жеңиштериңиздин санын эсептейсизби?
- Жеңиштеримдин санын эсептебейм. Бирок жеңгенге аракет кылып ойнойм. Менин “Ынтымак” командасына келгениме 3 жыл болду. Ушул убакыт аралыгында 5 жолу жеңишке ээ болдук. Бул дагы чоң жетишкендик деп ойлойм

- Ат үстүндө желдей сызып, айыгышкан беттештерде жакшы жыйынтык көрсөтүп, жумурай журтка улакчы катары таанылып калдыңыз. Айтсаңыз бала кезиңизде улакчы болом деп кыялдандыныз беле?
- Ооба мен кичине кезимде улакчы болом деп кыялданчумун. Буюрса ошол кыялдар орундалып келе жатат. Көк бөрүнүн артынан таанылып жатканым мен үчүн сыймык жана чоң жетишкендик. Баары алдыда, мындан да мыкты ойноп, Кыргызстандын намысын коргойм деген жакшы ой-тилектер бар.

- Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Айыл жергесинде жашаганыма байланыштуу, бош убактымдын көбү мал карап, ат багуу менен өтөт. Өзүм да жылкыга аябай жакынмын.

- Кандай үй-бүлөнүн мүчөсүсүз?
- Бир орто үй-бүлөнүн тун уулумун, үч карындашым, эки иним бар

- Спорттон тышкары эмне менен алектенесиз?
- Спорттон тышкары малдарды багуу менен алектенем. Убактымдын көбү жана айтып өткөндөй мал жанды кароо менен өтөт.

- Жеке жашооңузда эмне жаңылык болуп атат?
- Азыркы учурда менин жеке жашоомдо жаңылык деле жок.

- Маегибизди мыкты спортчу номинациясына татыктуумун деп ойлойсузбу деген суроо менен жыйынтыктасак...
- Жыл жыйынтыгын аныктаган иш-чаранын " Мыкты улакчы" номинациясынын талапкерлигине илинип калам деп ойлогон эмесмин. Себеби дегенде Кыргызстанда мыкты улакчылардын саны өтө көп. Бирок быйыл жакшы оюн көрсөткөнгө аракет кылгам. Көк бөрү оюнунун күйөрмандары жана сүйүүчүлөрү баалап, күчтүүсүнө добуш беришет деген ишеничтемин.

- Маегиңизге чоң рахмат!