Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Июль 2019
16
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Зыярат Эсенбай: “КТРК Спорт – баяндамачыларды тарбиялоочу биринчи мектеп”
Башкалар04-январь 2019-жыл, пятница. 15:25

Зыярат Эсенбай: “КТРК Спорт – баяндамачыларды тарбиялоочу биринчи мектеп”

КТРК Спорт телеканалынын баяндамачысы менен ар кандай темада баарлашып, оюн биле алдык. Маек учурунда келечектеги баяндамачыларга кеңешин берип, кыргыз спортчулары тууралуу да өз пикирин билдирди. Анда эмесе Зыярат Эсенбай менен болгон кызыктуу маекти сунуштайбыз.

- Саламатсызбы Зыярат байке? Алгач өзгөчө атыңыз тууралуу сурагым келип турат. Ким жана кандай тилек менен койгон?
- Саламатчылык, атым сиздер угуп жүргөн Меккеге зыярат кылуу деген эле диний сөздөн алынган. Жакшы нерсени тилек кылып атам койгон.

- Кыргызстанда атайын баяндамачыларды тарбиялоочу мектептер жок, жаңы келгендерге мурда иштеп жүргөндөр тажрыйбасы менен бөлүшөт деген жайыңыз бар. Анда айтсаңыз азыркы сиздин ишмердүүлүгүңүз кимдин жемиши?
- Ооба, Кыргызстанда баяндамачыларды тарбиялаган мектеп жок, бирок КТРК Спорттун ачылышы бул нерсеге бөгөт койду десем жаңылышпайм. Анда күн сайын спортко арналган жаңы маалыматтар берилип, тажрыйба топтогонго чоң мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан КТРК Спортту Кыргызстандагы баяндамачыларды тарбиялоочу биринчи мектеп десем болот. Өзүм тууралуу айтсам, мен мен бул өнөргө мурдатан кызыгуум бар болчу. Ошол убакта Кубан Атабековдун баяндамаларын угуп жүрчүмүн. Кийин КТРК Спорт каналы ачылганына эки ай чамалап калганда келип, эртеси эле эфирге чыккам. Кубан Атабековдун сүйлөгөн сөздөрүн колдонуп, Эркин Абдуллаевдин көрсөткөн ыкмаларына салып жүрүп, бир топ тажрыйба топтодум.

- Сизди баяндамачылыкка жетелеген ким же эмне болгон?
- Баяндамачылыкка мени жетелеп келген менин спортко болгон кызыгуум болду. Спорттук оюндарды калтырбай көрүп жүргөн убакта бактыма КТРК Спорт телеканалы ачылып, мына минтип баяндамачы болуп иштеп калдым.

- Баяндамачылардын сөз байлыгы мол болуу керек, ал үчүн атайын китеп окуу зарылбы?
- Бул сөзгө толук кошулам. Спортто оор жаракат алып же тыныгуу көп болуп калган учурлар кездешет. Мына ушул кырдаалдан чыгуу үчүн боштуктарды толтурууга көп маалымат керектелет. Ушундай нерсеге кабылбоо үчүн кыргызча адабий чыгармаларды жана күнүмдүк жашоодо эле сайттардагы жаңылыктарды окуп туруу зарыл. Ал жактан сөздөрдүн керектүүсүн өзүңө сиңирип, сөз байлыгыңды күчтөп алуу мүмкүнчүлүгү бар.

- Жаш баяндамачыларга конкреттүү кандай китеп сунуштайсыз?
- Конкреттүү бир китепти сунуштай албайм. Анткени бизде түптөлүп калган кандайдыр бир эрежелер менен байытылган китеп жок. Бирок орустун Виктор Гусев, Георгий Черданцев сыяктуу белгилүү баяндамачыларынын берген кеңештери, макалалары менен таанышып, интервьюларын окуп, спорттогу баяндаганын көрүп, угуп турса өзүнө сабак ала алат. Алар тажрыйбасы көп, өзүн баяндамачылыкка арнаган адамдар эмеспи. Ал эми кыргыз тилдүү баяндамачы болом десе КТРК Спорттун берүүлөрүн көрүп, көп нерседен кабардар боло алат.

- Өзүңүз спорт менен доссузбу? Кайсы бир түрү менен алектенесизби?
- Ооба мен спорт менен досмун. Экинчи курска чейин грек-рим күрөшү менен машыкчумун. Кийин сабактарга байланыштуу таштаганга туура келди. Азыр кесиптештер менен жумасына бир жолу футбол ойноп турабыз. Бул тонусту кармаганга жардам берет. Андан сырткары бош убактымда залга барып турам. Чындыгында спорт булл – сергек жашоо, ден соолуктун чыңдыгы. Ошондуктан спорт менен бир гана спортчулар эмес жөнөкөй адамдар да алектенип туруусу керек.

- Кыргыз спортчулары тууралуу эмне айта аласыз жана кыргыз спортуна эмне жетишпейт?
- Кыргыз спортчуларындагы өжөрлүктү айта алам. Финансылык жактан колдоолор болбосо да, өзүнүн күчү менен чыгып жүргөн спортчулар бар. Алардын бул кыймылын патриоттулук, мекенчилдик, намыстуулук деп бааласак болот. Азыркы учурда спортту колдоо жакшырып баратат. Бирок 100% көңүл буруу, ар бир спортко бирдей деңгээлде каралбай же региондорго жайылтуу маселелери, ар бир спорттун түрүн өнүктүрүү толук каралбай жаткандай. Албетте ар бир мамлекет кайсы бир спорттон күчтүү болот. Мисалы Кыргызстан күрөштөн алдыда, буга басым жасаш керек. Ошол эле учурда башка спорт түрлөрүнө да көңүл буруу зарыл. Андан сырткары жаш спортчуларды колдоп, көптөгөн мелдештерге жиберүү туура. Себеби акча маселесинен улам көптөгөн чемпиондор чыга албай жаткандыгы толук ыктымал.

- Дарегиңизге келген сын-пикирлерди кандай кабыл аласыз?
- Дарегиме сын пикир дайыма болбосо да, маал-маалы менен болуп турат. Албетте объективдүү болсо туура кабыл алам. Ал эми жөн гана адамды каралоо болсо, анда ага көңүл бурбай коюуга туура келет. Жалпысынан алганда сын пикир адамды өнүктүрүүгө түрткү берет. Дүйнө чемпионатында жана футбол боюнча чемпионатында да сын-пикир өзгөчө көп болгон.

- Чыгармачылыктан бир аз алыстап, жеке жашоонуз тууралуу кеп кылсак, жакшы коргон адамыңыз барбы?
- Жумуш менен алектенип жүргөнүмө байланыштуу, азырынча сүйүктүүм жок. Ошол үчүн жеке жашоом боюнча чоң нерсе айта албайм. Буюрса баары алдыда.

- Мүнөзүңүздүн шайырдыгы жумушунузга терс таасирин тийгизбейби?
- Шайырдыгым жумушума терс таасирин тийгизбейт. Адам кайсы гана тармакта жүрбөсүн шайырдыгы алдыга жылууга, өзүн өнүктүрүүгө жардам берет. Ошондуктан мен кесиптештерге шайыр болууну сунуштайт элем. Бул сапат жумушта өзүңө дем берип, ишиңдин илгерилешине өбөлгө түзөт. КТРК Спорттун кызматкерлеринде жаштар көбүрөөк. Биз тамашалашып, ар кандай темада сүйлөшүп, ойноп турабыз.