Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Эркинбек Абдуллаев: “Баяндамачылык – мен сүйгөн кесип”
Башкалар04-январь 2019-жыл, пятница. 15:05

Эркинбек Абдуллаев: “Баяндамачылык – мен сүйгөн кесип”

Быйыл Sports Awards`дун алкагында “Мыкты баяндамачы” номинациясы кошулду. Бул наамга 4 талапкер ат салышууда. Алардын бири НТС Спорт каналынын кызматкери Эркинбек Абдуллаев.

Абдуллаев Эркинбек Саттарович

Туулган жылы: 07.11.1984
Туулган жери: Лейлек району, Коммуна айылы
БГУнун Журналистика факультетин аяктаган
Үй-бүлөлүү, 2 уул жана 1 кыздын атасы.

- Саламатсызбы Эркинбек? Баяндамачы болуу оңой иш эмес, эфирге даярданууда кандай кыйынчылыктар болот?
- Кыргызстанда болгон спорттук иш-чараларда жетиштүү маалымат табуу маселе жаратат, ал эми дүйнөлүк спорттук окуяларга даярдануу такыр кыйынчылык жаратпайт.

- Кандай себептерден улам баяндамачы болууну чечкенсиз?
- Спорттук баяндамачы болгонго чейин радиодо, ТВда кабарчы болуп иштеп жүргөм. Бирок ошол убакта эле спорт баяндамачысы болууну самачумун. 2014-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталаарда өзүмдү сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк туулуп, алгачкы эфирден кийин эле баяндамачылык мен сүйгөн кесип экенин түшүнгөм.

- Сындарды кандай кабыл аласыз? Сизге көрөрмандар тарабынан катуу сындар айтылды беле?
- Сынды тура кабыл алам. Кыргызстандын аудиториясы спортту өтө жакшы түшүнгөн көрөрмандар. Андыктан сапаттуу баяндоо талап кылынат.  Андыктан Россиянын комментаторлоруна берилүүчү “Алтын микрофон” сыйлыгынын 3 жолку жеңүүчүсү Владимир Гомельскийден жана МАТЧ ТВнын баяндамачысы Нобель Арустамяндан сабак алгам. 3-4 жыл мурда катуу сындар айтылчу, акыркы убакта азайып калды. Андан сырткары спорт дүйнөсүн жакшы түшүнгөн Абель Жусубакунов жана Кыргызстандагы баяндамачылыкка чыйыр жол салган Кубан Атабеков, Канай Аламанов сыяктуу устаттарым бар. Алар жолукканда кеп-кеңешин берип турат. 

- Футболду баяндап, аны ийне жибине чейин билип калсаңыз керек, өзүңүз футболго кызыгасызбы?
- Футбол ойногондон да, футболдо калыстык кызматты аркалагандан да, экран аркылуу же жеринен көргөндөн да жана баяндагандан да ырахат алам.

- Эфир учурунда кандай кызыктуу учурлар болот?
- Кызыктуу учур дээрлик ар бир эфирде эле болуп турат. Бир жолу жаңы баяндамачы биринчи эфиринде мени менен чогуу чыкты. Бундеслиганы баяндап жатканбыз. Чабуулчу дарбазачы менен бирме-бир чыгып калды. Анан чабуулчу дарбазаны көздөй топту тепкенде ал “Гоо-оол!” деп кыйкырып, ордунан туруп кетти. Экранды караган жок. Топ дарбазага кирбей кыйгач өтүп кеткен болчу. Мен колум менен гол болгон жок деп кол жаңсап көрсөтөйүн десем мени да карабай сүйлөп атат. Карасам микрофону жок, ал ордунан турганда жерге түшүп калыптыр. Сөздү мен улап кеткем. Анан 1-тайм бүтүп 15 мүнөттүк тыныгуу учурунда “уят болдум, экинчи таймга чыкпайм, сүйлөбөйм” деп туруп алган. Биз “мейли сүйлөбөсөң да студияда отуруп тур, аягында күйөрмандар менен коштошуп коесуң” деп кайра алып киргенбиз. Экинчи таймда өзүм жалгыз сүйлөп, аягында күйөрмандар менен чогуу коштошконбуз. Ошол бойдон анны коргон жокмун. Футболду өтө жакшы билген бала болчу.

- Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Эки уул бир кыздын атасымын. Келинчегим 1 жашар кызыбыз менен үйдө. Теннис Академиясында иштечү. Улуу балам 1-класста окуйт. Экинчи балам 3 жашта, бала бакчага барат.

- Чет элдик баяндамачылардан кимди жактырасыз?
- Америкалыктардын баяндоо стили жагат.  Постсоветтик өлкөлөрдүн менталитети, темпераменти бир аз башкача болгондуктан, кечке кыйкырып сүйлөгөндөрдү же өтө жай үйлөгөндөрдү жактыра бербейт. Ага карабастан батыш стилинде баяндаган Нобель Арустамяндын алып барганы жагат.

- Быйыл биринчи жолу Sports Awards`до “Мыкты баяндамачы” наамы берилгени турат, талапкерлерден кимди татыктуу деп ойлойсуз?
- Талапкерлердин баары татыктуу. Жылдын мыктысы деген наамга жок эле дегенде Кыргызстандын 10 баяндамачысы татыктуу.

- Сизге окшоп баяндамачы болом дегендерге кандай кеңеш берет элениз?
- Ютубдан каалаган оюнду (беттешти) тандап, түз эфирде отурам деген сезим менен башынан аягына чейин баяндаш керек. Бир айда жыйырма матчты үйдөн баяндап, анан бизге келсе кошумча кеңештерди беребиз.

- Маегиңизге чоң рахмат!