Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Ноябрь 2019
13
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Тилек Жээнбеков: “Оор салмактагылардын оор жаракат алып калуу коркунучу жогору”
Бокс/MMA03-январь 2019-жыл, четверг. 23:21

Тилек Жээнбеков: “Оор салмактагылардын оор жаракат алып калуу коркунучу жогору”

Тилек Жээнбеков Sports Awards`дун тарыхында калат десек жаңылышпайбыз. Эмнеге дейсизби? Анткени ал иш-чаранын алкагында ММА боюнча “Мыкты спортчу” номинациясына кирген алгачкы оор салмактагы мушкер болду.

- Америкадан мүмкүнчүлүк болду дегиче мекениңизге шашып келиптирсиз. Кыска убакыт болсо да ал жактагы жашоо жана машыгуу пайдалуу болсо керек?
- Албетте, Америкада аз убакыт болсом дагы жогорку деңгээлде машыкканга, алдыга жылганга, мыкты машыктыруучу, менеджерлер менен пландар чечилип келди. Менин эрте келишимдин дагы бир себеби, мен үйдө жалгыз баламын. Ошондуктан ата-энемди карашым керек. Өзүңөр деле билесиңер эне-ата дүйнөдөгү эң бир чеги жок бакыт экенин.

- Быйыл өткөргөн 3 жолку беттештериңиздин үчөөндө тең техникалык нокаут менен жеңип алыпсыз. Эмне себептен мындай болду деп ойлойсуз?
- Мунун эч кандай сыры деле жок. Ал болгону машыктыруучуларым, спаринг өнөктөштөрүм менен туура, так даярданганымдын жемиши. Ар бир кармашка, ар бир атаандашка ылайыкташтырып дайынданабыз.

- ММАга өтүү тууралуу чечим чыгарган күнүңүз эсиңиздеби? Кантип жана кандай шартта мындай чечимге келгенсиз, эмне түрткү болгон?
- ММАда мушташам деп мен бала кезимде эле кыялданчумун. Кассеталарды сатып алып мушташтарды көрчүмүн. Негизи мен чоңойгон жерде шарт жок болгонуна байланыштуу мен футбол, волейбол гана ойноп жүрчүмүн. Борборго 2006-жылы келип спортту кикбокстон баштадым. Кийин грэпплинг, самбо менен жүрүп ушундай деңгээлге жетем деп максат коюп, бала кезимден бери жактырып жүргөн спортума кадам таштагам.

- Артка коз чаптырып саресеп салсаңыз быйылкы чыгууларыңызды, жалпы эле быйылкы сезонду кандай баалайсыз?
- Артка кайрылсак өзүңүздөр билгендей эле бул жыл мага абдан ийгиликтүү жылдардын бири болду. Бирок жашоодо ар кандай болот экен. Буга чейин да аракет кылып, үй бүлөлүк шартка байланыштуу толугу менен спортко кирип кете албай жүрдүм. 2017- жылы толук кандуу даярданып үстүбүздөгү жылда мына ушундай ийгиликтерге жетиштим. Булар менен гана токтоп калбастан, белгилүү болгондой АКШ менен келишим түзүлүп ал жактан да мелдешке чыкканы жатам. Ошондуктан бир айдын ичинде аталган өлкөгө кайтып барып даярдыктарды көрүп баштайм.

- Лакап атыныз кантип пайда болгон?
- 2008-жылы Казакстандагы Бурабай шаарында беттеш болуп көптөгөн машыктыруучулар ошондой эле спортчулар барганбыз. Анан ошол жерден ар бир мушкердин өзүнүн каймана аты болушу керектигин айтышкан. Машыктыруучулар жана кыргыздын кыраан жигиттери менен биргеликте Таластан чыккан баатыр кабылан Манастай айкөл, күчтүү, алп болсун деген тилектер менен менин атым “Кабылан” болот деп чечим чыгарылган. Тилекке каршы бул сөз Орто Азияга гана түшүнүктүү болгондуктан “Азия арстаны” деген сөз менен алмаштырганга туура келди.

- Спорттон сырткары эмне менен алектесиз? Эмнеге кызыгасыз?
- Спорттон сырткары эч нерсе менен алектенбейм. Спортто чоң ийгиликтерге жетишип, кыргыздын туусун көтөрүп, ата-энемди гана эмес кыргыз элин сүйүнтсөм, кыргызды дүйнөгө таанытсам деген максаттын үстүндө иштеп келе жатам.

- Ата-энениз, бир туугандарыныз тууралуу айтып берсениз? Кандай үй-бүлөдө өсүп чоңойгонсуз?
- Союз учурунда Селпо деп аталган жерде атам айдоочу, апам сатуучу болуп эмгектенчү экен. Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз. Мен жана карындашым. Мен Талас облусунун Талас районундагы Чат базар кыштагында төрөлүп-өскөм. Спортко ошондо эле кызыгуум күч болчу. Телевизордон көргөндөрүмдү кайталап тоолордо чуркап, таштарды уруп, тээп билген нерселер кылып машыга берчүмүн (күлүп). Кийин Бишкекке келгенде машыгууну улантам деген максат бар болчу.

- Оор салмакта ММА да биринчи орунга эмне чыгат: физика, тактика, моралдык сапаттар же башка нерсеби?
- Оор салмакта мушташыш үчүн албетте эң биринчи физикалык, психологиялык жана моралдык жактан даяр болушуң керек жана ар бир бир беттешке ар бир атаандашка ар кандай тактикалар коюлат. Бирок оор салмактагыларды жакшылап карап, бакпаса мушташ учурунда оор жаракат алып калуу коркунучу жогору.

- Жеке жашоонуз тууралуу да маалымат берип кетсениз: келинчегиниз менен кантип таанышкансыз, балдарыныз спортчу болушун каалайсызбы?
- Ата-энем менен чогу Бишкек шаарында турабыз. Келинчегим Момункулова Алина экөөбүз эки уулдун ата-энесибиз. Ал менен таанышканыма өзүмдүн карындашым себепкер болгон. Анткени экөө бир окуу жайда курсташ болчу экен. Анан карындашым Алинаны сунуштап тааныштырган. Экөөбүз тил табышып,ошентип баш кошуп калганбыз.

Албетте кийин балдарымды спорт менен машыкканга үгүттөйм. Себеби спорт бул – жашоо, дененин бекемдигин камсыздап, турмуштун өйдө-ылдыйына такшалдырат. Бирок көңүлү болбосо аны мажбурлоо туура эмес, кандай гана кесипти тандабасын мен балдарымды колдойм.

- Жашоодо устатым деп кимди эсептейсиз?
- Жашоодо устатым деп албетте, эң биринчи таалим тарбия берип чоңойткон ата энемди эсептейм. Борборго келгенден кийин спорттогу жетишкендиктериме гана эмес, баскан турганыма, адам менен мамиле курганыма тарбия берип себепкер болгон машыктыруучум Чекиров Кенжебек болгон. Андан башка дагы ар түрдүү тармакта агаларым бар. Алар менен ар кандай темада акылдашып, ислам дининен да сабак алып турам.

- Убактыңызды бөлүп, кызыктуу маек куруп бергениңизге рахмат!