Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Кубаныч Султан уулу: “Жаш улакчыларды тарбиялап-өстүрсөм деген тилегим бар”
Улуттук түрлөрү03-январь 2019-жыл, четверг. 23:14

Кубаныч Султан уулу: “Жаш улакчыларды тарбиялап-өстүрсөм деген тилегим бар”

Жекеме-жеке чебери Кубантай (көк бөрү сүйүүчүлөрү ушинтип аташат) быйыл чоң жетишкендиктерге жетишип, татыктуу түрдө “Мыкты улакчы” номинациясында үчилтикке кирип отурат.

Туулган жылы: 28.10.1992
Туулган жери: Чүй облусу, Суусамыр айылы
Машыктыруучусу: Нуристан Толтоев
Үй-бүлөлүк абалы: Бойдок

- Саламатсызбы Кубаныч? Жыл жыйынтыкталып жатат, бул жыл сиз үчүн кандай болду?
-Саламатсыздарбы, быйыл негизинен ийгиликтер көп болду. III Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында биринчиликти алдык, Көк-Бөрү чемпионатында дагы биринчиликти багынттык, андан тышкары “Мыкты оюнчу” аталдым.

- Көк-Бөрүдө канча жылдан бери ойнопкелесиз?
- 16-17 жашымдан баштап эле ойноп келе жатам.

- Улакчынын ийгиликке жетүүсүнө бирден-бир тулпары себепкер болот десе да жарашат. Өзүңүз минип жүргөн атыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
- Туура айтасыз, негизи буга чейинкөп эле аттарды миндим, алардын баары жакшы аттар. Негизи мен аттарды ылгабайм, аларды оюндун жүрүшкнө жараша мине берем. Ушул күнгө чейин Байтур, Краз, Атаман өңдүү аттарды миндим.

- Негизи эле ат тандоодо кандай сапаттарына көңүл буру керек?
- Ат тандоодо мүнөзүнө, күлүктүгүнө, улакка жарай тургандыгына карата тандайбыз. Калганын өзубүз тарбиялап үйрөтүп алабыз.

- Өзүңүздү мыкты улакчымын деп эсептейсизби?
- Өзүмдү мыктымын деп деле эсептебейм, бизде мыкты улакчылар көп, өзүмдү ошолордун катарында элемин деп эсептейм.

- Улактан тышкары эмне менен алектенесиз?
- Улактан тышкары айылда мал чарбачылык менен алектенем.

- Ата-эне, биртуугандарыңыз тууралуу да айта кетсеңиз?
- Ата-энемдагы мал чарбачылык менен алектенет, үйдө беш биртууганбыз. Мен үйдүн улуусумун. Ини-карындаштарым бар.

- Алдыда кандай максаттарыңыз бар?
- Алдыга койгон максаттарым көп буюрса. 2020-жылы Түркияда өтө турчу Көчмөндөр оюнунда, 2019-жылы Орто Азия боюнча Өзбекстанда өтө турган чемпионатта биринчиликти алып, Кыргызстандын желегин желбиретким келет. Андан сырткары алдыда жаш улакчыларды тарбиялап өстүрсөм деген оюм бар.