Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Өткүр Асхат уулу: “Машыктыруучунун айтканын так аткаруу зарыл”
Башкалар03-январь 2019-жыл, четверг. 21:39

Өткүр Асхат уулу: “Машыктыруучунун айтканын так аткаруу зарыл”

Sports Awards-2018дин жаш номинанттары менен тааныштырууну улантабыз. Төмөндө кол күрөш чебери Өткүр Асхат уулу менен маекти сунуштайбыз.

Туулган жылы: 30.05.2001
Туулган жери: Жалал-Абад облусу, Аксы району
Бою – 168 см, салмагы – 63 кг
Машыктыруучусу – Каныбек Эсенгелдиев
Жетишкендиктери – Кол күрөш боюнча КРнын өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында чемпиону, Дүйнө чемпионатынын коло медалчысы (2017) жана Дүйно чемпиону (2018). Кол күрөштөн тышкары кыргыз күрөшкө кызыгат.
Жактырган тасмасы – “Форсаж”

- Маегибизди алгач армрестлинг боюнча Дүйнө чемпиондугунан баштасак. Ал жакта сен ийгилик жаратып, Sports Awards салтанатында Мыкты спортчу наамына талапкер болуп атасың. Кандай максат менен бардың эле, атаандаштар кандай экен, жеңишке жетүүдө кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуң?
- Дүйнөлүк турнирде атаандаштарым өтө күчтүү болду. 15-октябрда сол кол менен таймаштык, жарым финалда орусиялык балбаны менен күрөшүп, жаракат алып, финалда болсо Казакстан спортчусунан жеңилүү ызасын тартып калдым. Ал эми 16-октябрь күнү оң колдон 1-орунду багындырдым.

- Спортко кантип аралашып калдың эле?
- Менин армрестилингге келишиме дос балам түрткү болгон. Мектепте күрөшүп отуруп досторумду утуп коюп, ошентип уланып кеткен... Армрестлинг менен 4-жылдан бери машыгып келем.

- Армрестлинг тууралуу айтып берсең: кантип машыгасыңар, башка спорт түрлөрүнөн эмнеси менен айырмаланат? Армрестлер болуу үчүн кандай сапаттар зарыл?
- Негизи армрестлингтин машыгуулары көпкө бөлүнөт. Башка спорт түрлөрүнөн айырмачылыгы – биз көбүнчө убакытка тартабыз. Канчалык көп турсаң, ошончолук жеңишке жакынсың. Армрестлер болуу үчүн – адамдын жеке кызыгуусу болсо эле ийгилик болот. Анан албетте машыктыруучунун айтканын так аткаруу зарыл.

- Бала кезиң тууралуу да айтып берсең: ким болгуң келчү, кандай үй-бүлөдө туулуп-өскөнсүң?
- Бала кезимден тиш дарыгери болгум келет. Үй-бүлөдө 4 биртуганбыз. Мен эң улуусу болом, эки карындашым жана бир иним бар.

- Спорттон тышкары эмне менен алектенесиң? Келечекке пландарың кандай?
- Учурда спорттон тышкары мектепте окуймун. Келечекте дүйнөлүк мелдештердин көп жолку чемпиону болуп, кыргыздын туусун желбиретким келет.

- Жылдын жыйынтыгында мыкты аталууга татыктуумун деп ойлойсуңбу?
- Ооба. Бир мүнөзүм бар – айтканымдан эч кайтпайм. Ийгиликке жетмейинче токтотбой машыга берем. Ошонун арты менен ушундай ийгиликтерге жетишип жүрөм.