Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Октябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Спорттук ТВ долбоорлор (ТОП-6)
Башкалар13-декабрь 2018-жыл, четверг. 22:57

Спорттук ТВ долбоорлор (ТОП-6)

Быйыл “Sports Awards-2018” салтанатынын программасына “Мыкты спорттук ТВ долбоор” аттуу номинация кошулууда. Анткени акыркы мезгилде кыргыз спортун ар тараптан чагылдырган мындай берүүлөр туруктуу көрсөтүлүп, телекөрармандарды аздыр-көптүр маалымат менен камсыз кылууда. Белгилей кетсек, төмөндө борбор калаабыздагы ар бир телеканалдан 1ден гана берүү тандалып алынды. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларындагы берүүлөр тууралуу эмки макалаларыбызда маалымат беребиз.

Sport Mix (НБТ)

Тизмедеги эң “аксакал” теле берүү. Анын автору Тахир Гафуров кыргыз спорт журналистикасынын да аксакалы десек жаңылышпайбыз.

Негизделген жылы: 1998-жыл

Режиссёру жана алып баруучусу: Тахир Гафуров

Мезгилдүүлүгү: Апталык

Узактыгы: 55 мүнөт

Форматы: Бир нече рубрикалардан турат:

а) кандайдыр бир спорттук иш-чара жөнүндө репортаж;
б) Маанилүү маек;
в) Фитнес-клуб рубрикасы;
г) Апталык спорт жаңылыктары

Өзгөчөлүгү: Ата мекендик спортчулар жана алардын жетишкендиктери менен тааныштыруу.

Ютубдагы жазылуучуларынын саны: 9700

Тахир Гафуров берүүсү тууралуу

- Биздин берүүнү мындан 20 жыл мурун элдин баары, алардын ичинде спортчулар биле берчү эмес. Бул долбоор спортубузду жана спортчуларыбызды даңазалоо, калкыбызды сергек жашоо образына үндөө максатында ачылган. Ал эми кыйынчылыктар дайыма эле боло берет. Көбүнчө каржылоо жагынан кыйналчубуз. Андайда бизге Улугбек Салымбеков, Советбек Сакебаев, Генрих Балян, Рустам Мамбетовдор жардам берип келет.

“Стимул” (КТРК Спорт)

Ачылганына 1 жылдан ашса да, бул долбоор эл оозуна тез эле алынды. Анткени анын алкагында элеттеги талантуу бирок мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөрдүн спорттук жолу чагылдырылат.

Негизделген жылы: 2017-жылдын январь айы

Режиссеру, алып баруучусу жана монтажеру: Темирлан Жумабеков

Мезгилдүүлүгү: Айына 2 жолу эфирге чыгат

Узактыгы: Ар бир каарманга жараша 15 минутадан 30 минутага чейин

Форматы: Портреттик жана социалдык көрсөтүү

Өзгөчөлүгү: Айыл жергесиндеги жаш улан-өспүрүмдөргө арналган жалгыз долбоор. Социалдык абалы начар, атасы же энеси жок, тоголок жетим жаш спортчуларга басым жасалат.

“Бийиктикти багынткандар” (НТС)

Аты айтып тургандай эле карьерасында ийгиликке жетишкен спортчуларга арналган теле берүү.

Негизделген жылы: 2017-жыл

Режиссеру: Режиссеру жана алып баруучусу: Бакыт Табышев

Мезгилдүүлүгү: Аптасына 1 жолу

Узактыгы: 30 мүнөт

Форматы: Ийгиликтүү спорт адамдары менен кенен тааныштыруу

Өзгөчөлүгү: спорттун ишенимдүү жардамчысы болуу жана коомго анын канчалык маанилүү экендигин түшүндүрүү. Көрүүчүлөрдүн спортко болгон сүйүүсү менен кызыгуусун күчөтүү.

100PUDOV (Youtube)

Негизделген жылы: 2015-жыл

Режиссёру: Артем Мищенко

Алып баруучулары: Артем Мищенко, Виталий Тарадин

Мезгилдүүлүгү: жумасына 3-4 берүү

Узактыгы: 10 минутадан 30 минутага чейин

Форматы: Спортчулар менен чогуу машыгуу, актуалдуу маек, мелдештерден репортаж жана топ-5 мыктылары

Өзгөчөлүгү: Кыргызстандагы спорт жөнүндө YouTube канал

Ютубдагы жазылуучуларынын саны: 63 200

Sport life (СТВ)

Бул берүү учурда туруктуу иштеп жаткан айым алпарган жалгыз спорттук долбоор болуп саналат.

Негизделген жылы: 2015-жыл 

Режиссёру: Азиза Нурланова

Автору жана алып баруучусу: Жанара Эсенова

Операторлору: Абдыкапар уулу Шухраб жана Улан Нурмамбетов

Мезгилдүүлүгү: Аптасына 1 жолу

Узактыгы: 30 минута

Форматы: студиялык жана сырттан жеринен даярдоо

Өзгөчөлүгү: Ата мекендик гана спортчуларыбызга багытталган. 2 түрдө даярдалат:
1. Спортчу жөнүндө маек иретинде маалымат берет
2. Жаңы же буга чейин аты чаккан жанаулуттук спорттордун чечмелениши, келип чыгышы жана эрежелери тууралуу атайын спорттук эксперттер жана тийиштүү спорттун каармандары (спортчулар, машыктыруучулар, жана башка өкүлдөр) айтып беришет.

Спорт мейкиндиги (NEW ТВ)

Теле айдыңында эле эмес, интернетте да кеңири жайылган ТВ долбоорлордун бири “Спорт мейкиндиги” тууралуу малымат назарыңыздарда.

Негизделген жылы:  7- сентябрь, 2017 жыл

Режиссеру жана алып баруучусу: Токтомуш Жекшенбай уулу

Мезгилдүүлүгү: жумасына бир жолу кайталоосу менен

Узактыгы: 20 мүнөт

Форматы: Кыргыз спортун ар тараптан чагылдырып, ачыр берүү – репортаж, маанилүү маек, апта каарманы, саресеп жана башка.

Өзгөчөлүгү:Кыргыз спортчуларынын эмгегин жалпы элге көркөм образдагы тасма аркылуу көрсөтүү, олтуруп алып эле кур сөз менен сүйлөшүү эмес. Кыймыл-аракетте спортчунун ийгиликтери, жеңиши, канча мээнет кылып, тер агызып машыгуусу, жеке жашоосу, үй-бүлөсүнө чейин камтып эле калбастан, спортчуларга моралдык жана материалдык жактан жардам бергенге аракет кылат. Бизди көрүп өсүп келе жаткан жаш муундарды спортко кызыктыруу жана келечекке туура багытта жол көрсөтүү "Спорт мейкиндиги” программасынын бирден бир башкы максаты болуп саналат.

Ютубдагы жазылуучуларынын саны: 66 500