Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Декабрь 2018
14
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Валентин Данилин: “Олимпиада чемпионун чыгармайынча, карылыкка моюн сунбайм”
Бокс/MMA03-декабрь 2018-жыл, понедельник. 00:26

Валентин Данилин: “Олимпиада чемпионун чыгармайынча, карылыкка моюн сунбайм”

Баатырдын атын алыстан ук жанына келсең бир киши. Түштүктө башы чыккан бокс чеберлеринин дээрлиги Валенитин агайдын окуучулары. “Кесибим менин курдашым, канча жашка чыкпайын бокс залында тээ артта калган жаштыгыма барып келем” деген Валентин Вячеславович Данилин биздин маек төрүбүздө.

Валентин Вячеславович Данилин

Туулган жери: Фрунзе шары
Туулган жылы: 1949-ж, 29-июнь
Кесиби: Дене тарбия мугалими.
Жетишкендиктери: СССРдин жана КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, КРнын эл агартуунун отличниги, КР нын өкмөтүнүн, Ош облустук, Ош шаардык спорт комитеттеринин ж.б көптөгөн Ардак баракчаларынын ээси.
Учурда Ош облустук өспүрүмдөрдү олимпиадага даярдоо мектербинде бокс боюнча башкы машыктыруучу.
Үй-бүлөлүү: 2 уулдун атасы

- Агай айтсаңыз, бокс дүйнөсүндө күн кечирип жатканыңызга канча жыл болду?
- Быйыл туптуура 41 жыл болду. Өзүм сүйгөн кесипке 1972- жылы ээ болгом. Андагы сезимдер азыр да эсимде.

- Фрунзеде төрөлүп, Ошко келип машыктыруучу болуп калууңуздун эмне себеби бар?
- Совет доорунда окууну бүткөн соң, жумушка жайгаштыруу да мамлекеттин милдети эле. Фрунзедеги мамлекеттик дене тарбия институтун аяктаган соң, институттун буйругу менен Ошко келип эмгек жолумду 1974- жылы бокс боюнча машыктыруучу болуп баштадым.

- Эки доордун каарманы катары айтсаңыз, кайсыл мезгилде спорт сизге жемишин көбүрөөк берди?
- Албетте жаштыгым калган СССР де ийгилик жалпы эле Кыргызстанга мол болду. 1983- жылы СССР элдеринин арасындагы спартакиадада эмгек сиңирген эң жаш машыктыруучу деген сыйлык алгам. Маселен Азия, Дүйнө, Олимпиадада бокстун ишеничин актагандар: Назарбаев, Сарымсаков , Маткасымов, Усманов, Халмурзаевдерди айта алам. Ал кезде СССРдин Кыргызстандагы курама командасынын башкы калысы болуп да эмгектендим.Атайын машыктыруучулар бригадасы болчу. Андан кийин деле Атазов, Сатыбаев, Чыңгараев деген бокс чеберлерин даярдадым.

- Адистердин айтымында, эмнегедир акыркы жылдары бокска болгон кызыгуу солгундап баратат. Себеби эмнеде?
- Бул бир гана Кыргызстанда болгон жагымсыз көрүнүш. Бир айда жок эле дегенде үч ирет сыртка мелдешке катышып келүү керек. Кыргызстан жылына араң эле үч жолу барат. Олимпиаданын курамында чоң тарыхы, орду бар спорт түрүн көз жаздымда калуусу өкүнүчтүү. Көптөгөн мыкты машыктыруучуларды жоготтук. Алар айлык акынын аздыгы, жумушсуздук маселеси менен чет жака кетүүгө аргасыз болушту. Себеби нукуралыкты эмес, жасалмалуулукка ыктап, оңой оокатка көнүп баштадык. Бокс тармагы кризисте.

- Улам көбөйүп жаткан жеке спорт залдарда бокс менен да машыктырып, ийгилик алып келгендерге көз карашыңыз?
- Ачыгын айтканда мен аларды кубаттабайм. Теория менен практиканы анчейин түшүнбөгөн, сабатсыз машыктыруучулар көбөйдү. Алар өз чөйрөсүндө шоу жараткандай. Чынында классикалык түрү менен машыктырган өлкөдө саналуу гана мугалим бар.

- Спорттогу максатыңызга жеттиңизби?
- Олимпиадада ондуктун арасында , дүйнө биринчилигинде үчилтике илинген күндөр болду. Көз карандысыз мамлекетке айлангандан бери, бокска илгеркидей акча каражат бөлүнгөндө дүйнөнүн далай чемпиондору чыкмак. Максатыма жеттим деп айткым келбейт, ал үчүн карьераны токтотушум керек. Олимпиада чемпионун чыгармайынча, карылыка моюн сунбайм (күлүп).

- Өзүңүздүн балдарыңыз да спортго аралаштыбы?
- Эки уулум бар. Бокска эмес, сууда сүзүү менен бир аз алектеништи. Бой жеткенден кийин билим жолуна түшүп, Орусия жергесинде жашап калышты.

- Өкүнгөн күндөр да болобу, капалуу көрүнөсүз?
- Ак менен кара эриш аркак эмеспи. Эстесем мындан 6-7 жыл илгери спортчуларды Казакстанга мелдешке алып бармакмын. Ошол эле акча маселеси чечилбей калды. Балдарым баардык жактан даяр эле. Алар намыс талашабыз деген ниеттерин таш каап, каражаттын жоктугу жан дүйнөмдү жанчып салган. Көпкө чейин өзүмө келе албай жүрдүм. Балдардын жүзүнө караган сайын өзүмдү айыптуу сезчүмүн.

- Машыктыруучуга мындан өткөн жаза жок. Спорттук ишмердигиңизге көз артып, ири сумманы сунуштаган чет элдиктер болдубу?
- Вьетнам, Иран, Ирак сыяктуу өлкөлөрдөн көп эле сунуштар түштү, чакыруулар болду. Кара курсакты ойлоп кетип калсам, өмүрүм өлкөмө болгон кусалык менен өтмөк. Чет жакта жашоо кечирүү түк оюма келген эмес.

- Каржы маселеси чечилсе, кандай тартипте иштемексиздер? Маселен аралаш уруш спорт түрүнө, колдоочулар көп, бокста фанаттар жокбу?
- Андай каражат болсо, бокс мугалимдери үйүнө кетпей рингде уктап, иштешмек (күлүп). Эрежеси жок нерсе спорт эмес. Кумар бизнеси. Ошол үчүн жаштардын көпчүлүгү акча табуунун оңой жолуна түшүп жаткандай. Бул маселе дүйнөнү каптады. Чыныгы спортчуга, спорт атын жамынып акча жасаган шоуларды сунуштабайм.

- Эрежесиз эр урушту жакынкы жылдары Олимпиада оюндарынын программасына киргизилет деген да маалыматтар жок эмес, буга кандай карайсыз?
- Кызык кайсы эреженин негизинде киргизишет экен?! Эрежесиз эр уруш Олимпиаданын талаптарына жооп бербейт жана эч качан анын программасына кирбейт! Олимпиада – чыныгы спорттун ордосу.

- 2020-жылы Олимпиадага бокс боюнча Оштон спортчу баруусу мүмкүнбү?
- Азырынча 75 килограмм салмакта Ильяз Акматалиев деген жигит үмүтүбүзгө шерик. Бокс сүйүүчүлөр таптакыр жоголду дебейм, келечекте чемпиондор чыгарына ишенем.

Шайлообек Атазов, шакирти:

- Валентин агайым бокста мыктылардан калган жалгыз таберик. Жалпы машыктыруучулар Оштогу бокстун атасы дешет. Мен эң алгач спортго келгенде агайдын колуна келгем. Эсимде башында тартипке бекем болчу. Кечиккенди, жалкоолукту, ашыкча шаан шөкөттү жактырбайт. Негизи шайыр агай, физикалык эле эмес психологиялык жактан мыкты мугалим. Качан сен жеңишке жеткениң, ошол сага чоң майрам деп көп айтаар эле. Жетимиштен ашкан агайым сыноого чыйралып, тажрыйбасы менен бөлүшүп жатканы сыймыктандырат.