Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Декабрь 2018
14
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Назик Бурганакова: “Мыкты чабандес болуу үчүн атты жакшы көрүү керек”
Улуттук түрлөрү28-ноябрь 2018-жыл, среда. 15:55

Назик Бурганакова: “Мыкты чабандес болуу үчүн атты жакшы көрүү керек”

Биздин кезектеги маектешибиз 15 жашта экенине жана кыз болгонуна карабастан, быйыл катышкан бардык мелдештеринде жеңүүчү аталып, триумф жаратты. Ат жарышта мырзаларды артта калтырган Назик Бурганкова менен кенен тааныштырабыз.

Назик Таалайбековна Бурганакова

Туулган датасы: 04.08.2003
Туулган жери: Ысыккөл облусу, Чолпон-Ата шаары
Машыктыруучусу: Бурганаков Таалайбек
Жетишкендиктери: Ат чабыш боюнча Кыргызстандын жана III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү, “Тайтору” Кубогунун ээси.

- Маегибизди сен жеңүүчү аталган III Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынан баштасак...
- Саламатсыздарбы, мен Көчмөндөр оюндарына Данбай аттуу күлүгүм менен чыктым. Ал Англиядан келген 2 жаштагы ат. Жарышка катышаарда Данбай менен сынактан өтүп, оюнга жолдомо алдык. Оюнда ар кайсы мамлекеттертен күлүктөр чыкты. Мен башында атымдын күчүн аяп катуу баштаган жокмун. Маарага жетээрде гана катуулап 3 күлүктү ашып биринчи болуп келдик. Сыйлоо аземинде алтын медаль тагынып, Кыргызстандын гимни ойногондо аябай толкундандым.

- Канча жашаңдан баштап ат үстүндөсүң? Кантип жана кандай шартта чабандес болуп калдың,ким себепчи болгон?
- Негизи кичинемден эле ат минип жүрөм. Менин чоң атам атактуу саяпкер Жапаров Бурганак убагында белгилүү Астра, Океан, Ангел аттуу күлүктөрдү минип, чоң-чоң байгелердин ээси болгон. Атам дагы чоң атамдын жолун жолдоп саяпкер, ал дагы 20-25 жылдын ичинде чоң мелдештердин жеңүүчүсү аталып, алар менен кошо 30дан ашуун автоунаанынээси болгон.

- Биринчи жолу ат жарышка түшкөн күнүң эсиңдеби?
- Менин кичинемден кыялым бар болчу форма кийип алып жарыштарга түшсөм деген. Анан 2016-жылы Көчмөндөр оюнунда кыз куумайга катышып калдым. Андан кийин атам ат жабдыктарын толугу менен алып берип, майда жарыштарша түшүп биринчи, экинчи орундарды ала баштадым. Андан кийин быйыл Ноорузда Раджах аттуу күлүгүм менен Тажикстанга барып, экинчи орүндү алдым. Андан соң өлкөбүздө Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн жарышта биринчи орунду ээледим. Жакында эле Ош жергесинди Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн жарышта Метеорит аттуу атым менен биринчи орунду алып келдим.

- Ошол ат үстүндө баратканда оюңа эмнелер келет?
- Элдердин сүрөөсү, аттын дүбүрттөрү мага дем-күч берет. Ат үстүндө баратканда биринчиликти алып, Кыргызстандын желегин желбиретсем деп ойлойм.

- Негизи ат жарышта ийгиликке жетиш үчүн минген атың менен айкалышып, бири-бириңерди түшүнүп сезиш керек болсо керек? Кудум Аватар тасмасында аватарлар менен учуучу ажыдаарлар сыяктуу. Минген атыңа кантип кам көрөсүңөр?
- Жылкы баласы деле кичинекей бала сыяктуу болот. Ага жакшылап кам көрүш керек. Алар деле ооруп калышат, ооруп калганда адамдарга даары бергендей эле аларга дагы дары берилет. Бат-бат астын тазалап, тамагын, чөбүн өз убагында берип туруш керек. Кыскасы кичинекей баланы кандай карасаң, аттарды дагы ошондой эле карап, кам көрүш керек.

- Кыз киши үчүн мындай спорт оорчулук туудурбайбы?
- Мен үчүн оорчулук деле туудурбайт. Мен ат үстүндө жүргөндү, атымды минип алып көлдүн жээгинде бастырганды абдан жакшы көрөм.

- Ата-эне, бир туугандарың сегин спорткө болгон кызыгууңду канчалык деңгээлде колдошот?
- Үйдө 4 бир туугандын кенжесимин. Ата-энем, бир туугандарым, чоң ата, чоң энем бардыгы мени колдошот. Алар менин эң негизги күйөрмандарым, жеңишке жеткенде көздөрүнө жаш алып колдоп турушат. Апам дагы атты сыйлаган адам, ал бизге көп жардам берет. Мен аларга ыраазымын.

- Мыкты чабандес болуш үчүн кандай сапаттардын ээси болуш керек деп ойлойсуң?
- Мыкты чабандес болуш үчүн эң негизгиси атты түшүнө билиш керек. Атты таптаганды, ага жакшы мамиле кылганды жана эң башкысы атты жакшы көрүш керек деп ойлойм.

- Жаш курагыңа караганда мектеп окуучусу болсоң керек? Мелдештепде жүрүп сабакты калтырган, жетишпей калган учурлар болсо керек ээ?
- Ооба мелдештердин вйынан сабакка баралбай калган учурлар болот. Бирок ошого карабастан, сабактарымдан жетишкенге аракет кылам.

- Келечекте эмне менен алектенгиң келет?
- Келечекте мен дагы атама окшоп машыктыруучу болгум келет. Буйруса жарыштардан биринчиликти алып, Кыргызстандын желегин желбиретким келет.

- Маегиңе рахмат, ийгилик каалайм!