Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Иззат Артыков: “Кимдин ким экени кыйынчылыкта билинет экен”
Башкалар27-ноябрь 2018-жыл, вторник. 21:12

Иззат Артыков: “Кимдин ким экени кыйынчылыкта билинет экен”

Биздин кезектеги маектешибиздин талашсыз түрдө багынбас эрки жана темир мүнозү бар десек жаңылышпайбыз. Анткени дисквалификациянын айынан олимпиадалык медалынан куру калса да, сынып калбай, тескерисинче жаңы дем менен чоң спортко кайтып, ийгиликтүү сапарын улантууда.

Артыков Иззат Пахлаванович

Туулган датасы: 08.09.1993
Туулган жери: ЖалалАбадоблусу, Токтогул шаары
Бою – 160 см, салмагы – 69 кг
Машыктыруучулары: Молдодосов Омуржан Молдодосович жана Майназаров Усенкан Молдодосович
Жетишкендиктери: Өспүрүмдөр арасындагы Азия Чемпионатынын коло медалчысы (Ташкент, 2009), Өспүрүмдөр арасындагы Азия Чемпионатынын күмүш медалчысы (Мьянма, 2012), Азия Чемпионатынын коло медалчысы (Пхукет, 2015), Азия Чемпиону (Ташкент, 2016), Олимпиада оюндарынын коло медалчысы, бирок дисквалификация болгон (Рио-де-Жанейро, 2016), Азия оюндарында 3-орун (Индонезия, 2018). Sports Awards-2018 салтанатында “Мыкты спортчу” аталган.
Билими: Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган
Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.

- Алгачкы эле суроо: дисквалификациядан кийин кайдан күч жана мотивация таптыңыз Азия оюндарында натыйжа көрсөтүүгө?
- 2016-жылы Рио Олимпиадасынан кийин август айында мекенибизге сүйүнүч менен кайтып келгенбиз, анан эле дисквалификация кылып коюшту. Башында абдан начар абалда жүрдүм. Андан көп өтпөй сентябрь айында биринчи кыздуу болдук, ошол мага кайра мотивация тартуулады. Үй-бүлөм, апам жана биртуугандарым мени колдоп, дем-күч беришти.

- Жашоодо адамдын башына кыйынчылык түшкөндө кимдин-ким экени билинет дейт. Бул сөзгө кошуласызбы?
- Ушул сөзгө кошулам. Чындыгында кимдин-ким экени кыйынчылыкта билинет экен. Бирок мага чындап күйгөн адамдар дагы аз эмес.

- Кыздарыңыз жакшы чоңоюп жатабы? Аттары ким эле? Алар да сизди чоң жеңиштерге шыктандырса керек?

- Рахмат! Сиз айткандай эле Олимпиададан келгенден сон биринчи кыздуу болгонбуз. Аты Раяна. Экинчи кызыбыз Дария 2017-жылы ноябрь айында төрөлгөн. Кудайга шүгүр кыздарыбыз ширин болуп чоңоюп жатышат.

- Негизи өзүңүз кандай үй-бүлөдө туулуп-өскөнсуз? Бала-чак, ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз?
- Биздин кичине чагыбызда эле атам менен апамдын турмушу бузулуп, бизди апабыз жалгыз чоңойткон. Үй-бүлөдө 2 биртууганбыз, улуу эжем бар.

- Оор отлетикадан тышкары эмнеге кызыгасыз? Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Биз машыгуу учурларда жумалап, айлап үйгө келбей, сборлоп жүрүп калабыз. Ошондуктан бош убактымды үй-бүлөм менен эле өткөрүп, кыздарыма көбүрөөк көңүл бурганга аракет кылам.

- Sports Awards-2016 салтанатында “Мыкты спортчу” аталгансыз. Иш-чарабыз тууралуу оюңуз?
- Ооба, 2016-жылы "Мыкты спортчу" наамын алганмын. Спорттон четтетип койгонуна карабай чакырганыныздарга абдан ыраазы болгонмун. Sports Awards спортчуларга жакшы эле дем берет деп ойлоймун.

- Быйыл да сиз олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча “Мыкты спортчу” номинациясында талапкерлердин катарындасыз. Дагы кайсы спортчуларыбыздын ийгиликтерин белгилеп кетет элеңиз?
- Чон рахмат! Мен ар бир эле спортчунун эмгегин баалаймын, баардык спортчуларыбызга ийгилик каалайм. Баары сый-урматка татыктуу.

- Маегибиздин аягында келечектеги пландарыңыз тууралуу ой бөлүшүп кетсеңиз?
- Келечектеги пландарым: спорттук карьерамды аяктагандан кийин машыктыруучу болуп, өзүбүздөй балдарды өстүрүп, мыкты чемпиондорду чыгарсам деп ойлойм.