Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
24
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Нурзат Бактыяр кызы: “Ийгиликке жетүү оңойго турган жок”
Улуттук түрлөрү27-ноябрь 2018-жыл, вторник. 20:24

Нурзат Бактыяр кызы: “Ийгиликке жетүү оңойго турган жок”

Алыш күрөшүн өнөр туткан, Кыргызстандын эле эмес, дүйнөнүн да чемпиону, ИИМ тармагында иштеп, спортко да көңүл бурганга убакыт тапкан Нурзат Бактыяр кызы бүгүн бизге маек куруп берди.

Нурзат Бактыяр кызы

Туулган жылы: 08.06.1994
Туулган жери: Өзгөн району, Жаңгакты айылы
Билими: Э. Алиев атындагы ИИМ Академиясын бүтүргөн
Спорт түрү: Алыш күрөшү
Машыктыруучусу: Акыев Жээнбек
Жактырган спортчусу: Хабиб Нурмагомедов
Жетишкендиктери: Алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону, Курманжан Датка Гран-Присинин жеңүүчүсү, Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык мелдештин бир нече жолку чемпиону, Жабык имараттарда өткөн Азия оюндарында алтын жана коло байгенин ээси (2017), II Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 2-орун, III Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын чемпиону
Учурда: Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгында эмгектенет

- Саламатсызбы Нурзат, быйыл жакшы жетишкендиктерди багындырдыңыз, куттуктайбыз! Кайсы жеңишиңиз сиз үчүн кымбат болду?
- Саламатчылык! Рахмат чоң мен үчүн быйыл сентябрь айында өткөн Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында алган алтын медалым өтө кымбат. Анткени ага жетүү үчүн 2 жылдык эмгегимдин акыбети кайтып, 65 кг салмакта чемпион болдум.

- Аялзатынын спортко аралашуусу чанда кездешет жана ага чоң бир нерсе түрткү болот. Сизге эмне же ким себепчи болгон?
- Мага атам түрткү болгон. Атам спорту түшүнгөн адам, ары улакчы. Мага кичине кезимден эле Курманжан Даткадай таанымал, күчтүү айым болосун деп айта берчү. Анан атам өзү дагы спорт менен аралашып эрте туруп өзүнө кошуп мени дагы кун сайын машыктырчу, албетте бир туугандарымдын дагы колдоосу менен спорт чөйрөсүнө аралашып калдым.

- Алыш күрөшүнүн сизге баарынан да эмнеси жагат?
- Алыш күрөшү биринчиден биздин улуттук күрөшүбүз жана аны дүйнө жүзүнө жайылтууга чоң аракеттер жасалууда. Келечеги кең деп ойлойм. Дагы бир артыкчылыгы кийимдери узун болуп, адамдын денесин толугу менен жаап турат.

- Спорт жолунда кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуз?
- Албетте кыйынчылыктарсыз ийгиликтер жаралбайт, көп жетишкендиктерге жетишүү үчүн канчалаган мээнеттер талап кылынды. Көптөгөн бут тосууларды басып өттүм. Айтор ийгиликке жетүү оңой болгон жок.

- Жеке жашооңуз тууралуу айта кетсеңиз. Кандай үй-бүлөдө туулуп-өскөнсүз, бала чагыңыз кандай өткөн?
- Атам Молдомаматов Бактыяр 1956-жылы, апам Таныкулова Малика 1959-жылы туулган. 10 бир тууганбыз: 3 уул жана 7 кызбыз. Мен 8чисимин, 2 байкем, 5 эжем жана 1ден иним менен синдим бар. Үй-бүлөдө мен эле спорт чөйрөсүндөмүн. Балачагым Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңгакты айылында өткөн.

- Сиз ИИМ системасында эмгектенет экенсиз. Ал тармак да, спорт да көп убакытты талап кылат. Жумуш менен спортту айкалыштыруу кыйын эмеспи?
- Ооба азыркы учурда Өзгөн РИИБде Жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспектор болуп 2016-жылдан бери эмгектенип келемин. Мен мектеп убагынан баштап эле спорт менен машыгып, аны таштабаганга аракет кылдым. Академияда дагы окуп жүргөн учурумда спортко көңүл бурганга аракет кылчумун. Айтор кызыгуу өтө күч болгондуктан, сөзсүз убакыт тапчумун. Азыр болсо жумушума байланыштуу Өзгөндө жайгашкан стадионго чыгып эрте жана кечкисин машыгууларымды өткөрүп турам. Эң негизгиси кызугуу болсо, баардык нерсеге убакыт табылат экен.

- Жашоодо кандайдыр бир нерсеге жетүү үчүн башка бир нерсени курмандыкка чалыш керек дейт. Сиз спорттон эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?
- Спортто менде эч кандай жоготуу болгон жок, тескерисинче жаш кезимде кыялданган жана теледен көрүп жүргөн спортчулар менен жуз көрүшүп, кошо машыгууларды өткөрүп, көптөгөн жетишкендиктерге жетиштим. Чет мамлекеттерге чыгып ар кандай мелдештерге катышып, Кыргызстанымдын желегин желбиретүү деген тилегим орундалды. Теледен мен дагы чыксам деп кыялданчумун, элге таанылдым, сый-урматка ээ болдум. Башкысы кыргыз спортуна аз да болсо салымымды коштум деп ойлоймун.

- Быйыл III Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан күйөрманары күткөн ийгиликке жете алган жок. Командалык эсепте жеңишти тарттырып жибердик, жеңүүчү жана байге ээлери да аз болду. Мунун себеби эмне деп ойлойсуз?
- Негизи даярдык жакшы эле болгон. Федерация тарабынан уюштуруу иштери жетишерлүү деңгээлде эле алып барылды деп ойлойм. Өз кезегинде спортчуларыбыз да ийгиликке жетүү үчүн жакшы эле тер төгүштү. Эми бул спорт. Анын үстүнө алышты коңшу өлкөлөр абдан жакшы өздөштүрүп алган.

- Маегиңизге рахмат! Ийгилик каалайбыз!