Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
24
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Кубаныч Айбек уулу: “Буюрса Дүйнөнү багынтам”
Башкалар26-ноябрь 2018-жыл, понедельник. 02:17

Кубаныч Айбек уулу: “Буюрса Дүйнөнү багынтам”

Түштүк аймактар боюнча кабарчыбыз Сезимай Жунусованын жаш талант Кубаныч Айбек уулу менен интервьюсун сунуштайбыз. Дзюдону өнөр туткан мекендешибиздин маеги эч кимди кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.

Кубаныч Айбек уулу

Туулган жылы: 28.10.2000
Туулган жери: Ош шаары.
Бою – 168 см, салмагы – 60 кг
Спорт клубу: “Мухаммед-Умар”
Машыктыруучусу: Бакыт Жусупов
Жетишкендиктери: “Азия балдары” Эл аралык мелдешинин чемпиону (Якутия, 2016), Жаштар арасында Азия чемпионатынын коло медалчыс (Кыргызстан, 2017), Азия чемпиону (Ливан, 2018)
Жактырган спортчусу: Тадахиро Номура (Дзюдо боюнча үч жолку Олимпиада чемпиону).
Учурда Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менежмент факультетинин 2-курсунун студенти.

- Кубаныч айтсаң спортго кантип аралашып калгансын?
- Шаарда өскөндүктөн башка балдардай эле чымыр денелүү болуп жетилишимди каалап, атам өзү мени спортго алып барган.

- Устатың деп кимди эсептейсиң?
- Устатым – Бакыт Жусупов. Ал баардык ийгиликтеримдин себепчиси. Агайымды спорттогу атам десем болот.

- Кандай үй-бүлөөдө туулуп өскөнсүң?
- Кыргыздын карапайым эле үй-бүлөсүндө туулуп-өстүм. 5 бир тууганбыз - 2 уул жана 3 кыз. Ата-энем биздин көксөөбүздү аткаруу менен убара.

- Багам аралында өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпионаты тууралуу айтып берсең?
- Биринчи айлампада австралиялык, экинчиде казакстандык спортчу менен ийгиликтүү беттеш өткөрдүм. Үчүнчү айлампада жарым финалдын жолдомосу үчүн монголиялык атаандаш менен бет келдим. Таймаштын үчүнчү мүнөтүндө колумду сындырып алдым, ага карабай атаандашымды таза чаптым. Колумдун сынганын текшерген дарыгерлер ошол жерде мелдештен четтетишти.

- Эгерде акырегиң сынбаганда финалга чыгат белең?
- Чемпион аталып өлкөмдүн намысына жараганга моралдык жана физикалык жактан даяр элем. Буюрбаптыр. Спортто мындай болуп турат.

- Негизи дзюдо эмнеси менен арбап алган?
- Спорт дүйнөсүнө баш бакканда эле дзюдо менен машыгып баштадым. Спорттун бул түрүн абдан берилип жактырдым. Бакыт агайым өзүндөгү бар нерсеси менен бөлүшүп, мени дзюдо адамына айлантты. Туруктуулукту жактырам, дарак бир жерден көгөрөт дейт. Буюрса дүйнөнү багындырам.

- Спортго биринчи аралашып баштаганыңда кандай кыйынчылыктар болду?
- Олуттуу деле кыйынчылык болгон жок. Залда биринчи күнү машыгып, эртеси денем бир ааз ооруган (жылмайып).

- Талыкпаган машыгуулар, жана мелдештер өжөрлүк менен таймашуу күчтүү эрк менен сабырдуулукту талап кылат. Булар үчүн мотивацияны кайдан аласын?
- Албетте улуу спортчулардын таймаштарын көрүп, спортто басып өткөн жолуна саресеп салам. Маселен мага ийгилике оной эле жетип, бардар үй-бүлөөдө чоңойгон спортчулардын өмүр баяны анчейин кызык эмес. Канчалык буттан тартып, тагдырдын сыноосуна сынбай, өжөрлүк астында мыкты аталгандар чыныгы спортчулар деп эсептейм.

- Спорт сага эмне берди?
- Берип бүттү дебейм, берип баштады десем туура болот. Намыскөй кылды. Чет жакта намыс талашаарда, Кыргызстан деген сөз кулагыма жаңырат. Болгону 18 жаштамын. Мындай сөз барго: “Жашыңда берсин мээнетти, каарыганда берсин дөөлөттү”. Ошол сыңары жаштыгымда Кыргызстаныма дүйнө, олимпиада чемпиондугун алып келип, картайганда элимдин сыймыгы болгум келет.

- Спортчу болгусу келген жаш жеткинчектерге кандай кеңеш берет элең?
- Баштадыңбы – таштаба!

- Маегиңе рахмат! Тилегиңе жет!