Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Мыкты ММА чебери-2018: Талапкерлер (топ-7)
Бокс/MMA24-ноябрь 2018-жыл, суббота. 10:51

Мыкты ММА чебери-2018: Талапкерлер (топ-7)

Бул номинацияда талапкерлерди бекитүүдөн мурда жыл ичинде өзгөчөлөнгөн ата мекендик мушкерлерибизди аныктап алдык. Финалдык үчилтикке дал ушул 7 эр-азаматыбыздын үчөөсү кирмекчи.

Белгилей кетсек, мыктыларды тандоодо алардын Кыргызстанда эле эмес, чет жерде абройлуу мелдештерде күчтүү атаандаштар менен күч сынашуусун эске алдык. Анан албетте ММА менен алектенген экс-спортчулар, машыктыруучуларга кошо спорт журналисттеринен да чакан сурамжылоо жүргүзүүгө жетиштик. Анда эмесе ММА боюнча өтүп бараткан жылда ийгиликтүү сезон өткөргөн спортчуларды (топ-7) сунуштайбыз. Тизме алфавиттик тартипте берилгенин кошумчалап кетели.

Абдибаит уулу Бусурманкул (2 беттеш – 2 жеңиш)

“Мыкты ММА чебери” наамынын учурдагы ээси Бусурманкул Абдибаит уулу тилекке каршы быйыл 2 беттеш менен чектелди. М1 Global менен келишим түзгөн мушкерибиз алгач жыл башында экс-чемпион Максим Дивничтин айласын тапса, кечээ жакында чемпиондукка талапкер болушу күтүлүп жаткан Залимбег Омаровду жеңип алды. Күйөрмандар Бусядан бул жылы көптү, жада калса чемпиондук курду да күтүшкөн. Чынында мекендешибиз үчүн 1 жылда 2 гана беттеш өткөрүү аздык кылат. Айла канча спортто жаракат деген нерсе бар. Анын айынан “Алай” дээрлик 9 ай чоң спорттон четтөөгө да аргасыз болду.

Абдисалам уулу Кубаныч (4 беттеш – 4 жеңиш)

Келечектен көптү үмүттөндүргөн Кубаныч Абдисалам уулу быйыл карьерасында чоң секирик жасай алды десек жаңылышпайбыз. 4 беттеш өткөрүп, баарында жеңүүчү аталган мушкерибиздин өзгөчө ACB`нин Berkut Young Eagles Гран-Присиндеги 2 беттеши көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Чү дегенде эле мелдештин фавориттеринин бири Магомед-Эмин Миятлиевге каршы чыгып, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Андан соң чейрек финалда Абдулла Альмурзаевди мелдештен чыгарып салды. Эми ал 22-декабрда жарым финалда Казим Туменов менен күч сынашмакчы. Аталган 2 беттештин ортосунда WEF Global 14`түн алкагында өз үйүндө Жамшидин Сайфуддинов жер каратылганын кошумчалап кетели.

Дүйшөбаев Бакыт (4 беттеш – 4 жеңиш)

Өтүп бараткан жылда өзүнүн мыкты сапаттарын көргөзгөн келечектен көптү үмүттөндүргөн мушкерлердин бири Бакыт Дүйшөбаев болду. Ал өткөргөн 4 беттешинин баарында жеңүүчү аталып, ата мекендик мыкты мушкерлердин бири Тилек Курманалиевди жеңүү менен кеңири кулач жайып бараткан WEF Global`дын чемпиондук куруна ээ болсо, аз убакыттан соң биргелешкен WEF Global 14 & Real Fight Arzalet Fighting Globe Championship мелдешинде япониялык Рой Ямагачриону жеңип, чемпиондук наамын коргоого да жетишти. Ал эми Кыргызстандан тышкары өткөрүлгөн жалгыз беттеште Астанада Нурлан Карабалинди утуп алган эле.

Жээнбеков Тилек (3 беттеш – 3 жеңиш)

Тилек Жээнбеков бул тизмеде ийгилик жараткан оор салмактын жалгыз өкүлү. Жыл ичинде өткөргөн 3 беттешинен Юрий Проценко менен кармашы ММА күйөрмандарырын дале эсинде болсо керек. Далай кыргыз мушкерлерин багынткан украиналык спортчунун айласын дал Тилек таап, намыска жараган эле. Андан соң Малик Тамбени жеңип, конокто кореялык Жун Су Лимдин үстүнөн ийгиликке жетти. Учурда Азия Арстаны атыккан мушкерибиз Американы багынтуу максатында океандын ары жагында жүргөнү белгилүү.

Келдибеков Канат (4 беттеш – 4 жеңиш)

Тынып-тынчыбас Канат Келдибеков быйыл да мыкты ММА чеберлеринин катарында. Өзү инстаграм баракчасы аркылуу кабарлагандай, “эч кандай кыйынчылыкка моюн бербестен, колдоо жок деп отуруп, калбай, чоң максаттарды коздөй алга гана жылып отурууда”. Албетте бул кубандырбай койбойт. Өткөргөн 4 беттешинин ичинен талашсыз түрдө Бакуда жергиликтүү мушкер Агшин Бабаевди кооз ыкмада утканын айтсак болот. Калган беттештери да оңой болбой, ошого карабастан Тайсон ишенимдүү жеңиштерге жетишти. Ошентсе да быйылкы жыл Канат үчүн бүтө элек. Декабрь айында Алаш Прайд уюмунда беттешүүсү күтүлүүдө.

Рахманберди Нурсултан (4 беттеш – 4 жеңиш)

Быйылкы жылды туруктуу жакшы денгээлде өткөргөн дагы 1 мушкер – бул Нурсултан Рахманберди. Азырынча анын эсебинде быйылкы жылы 4 жеңиш, 0 жеңилүү бар. Жылды WEF Global 14тө Муса Юсуповдүн үстүнөн оор жеңишке жетишип баштаган Нурсултан кийинки кармашында Berkut Young Eagles Гран-Присинде жеңилбес Алисхан Чадаевди тизе бүктүрүп, өзүнө көпчүлүктүн көңүлүн бурдура алды. Андан ары Абугофор Бобоев менен Сирожиддин Абдукаюмовдор спортчубузга 1 раунд да чыдай алышкан жок.

Усенов Бакберген (3 беттеш – 3 жеңиш)

Мыкты жетиликтин аягынан ММА дүйнөсүнө жарып кирген Бакберген Усенов орун алды. Карьерасын быйыл баштаган мушкерибиз ММА сүйүүчүлөр арасында Азия чемпиондугун багынтты. Кытайда өткөн мелдеште жергиликтүү спортчу Юнпенг Ксай менен казак атаандашы Нурбек Кабдрахмановду утуп алды. Андан соң профессионалдар арасында дебют жасап, Челябинскте өткөн Road to M1 мелдешинде Муродали Салимовду жеңди.

P.S. Жогорудагы мушкерлердин кимиси көбүрөөк тер төктү? Финалдык үчилтикке кирүүгө татыктуу 3 спортчунун аты-жөнүн комментарийге жазыңыз.