Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
24
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Айзада Бактыбекова: "Тогуз коргоол – кыздар үчүн абдан ыңгайлуу оюн"
Улуттук түрлөрү23-ноябрь 2018-жыл, пятница. 23:22

Айзада Бактыбекова: "Тогуз коргоол – кыздар үчүн абдан ыңгайлуу оюн"

Sports Awards-2018 салтанатынын алкагында мыкты аталууга талапкерлер менен тааныштырууну улантабыз. III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тогуз коргоол боюнча мыкты оюн көрсөтүп, эл оозуна алынып калган Айзада Бактыбекова менен менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп ала алдык.

Бактыбекова Айзада Бактыбековна

Туулган жылы: 20.03.1997
Туулган жери: Чүй обласы, Панфилов району Ровное айылы
Бою – 163 см, салмагы – 53 кг
Машыктыруучусу: Шаршенбеков Бектемир, Тинибеков Бектур, Султанмуратова Нурия
Жетишкендиктери: ДКО-2018де жаат эсебинде 2-орун, жеке эсепте 3-орунду ээледи
Билими: Юридикалык Академиясынын Экономика факультетинин Салык жана салык салуу багытында 1-курсунун студенти (Магистратура)
Үй-бүлөлүк абалы: Бойдок

- Саламатсызбы?! Окууларыңыз кандай?
- Саламатчылык, рахмат окуулар жакшы буюрса.

- Тогуз коргоол кыздарга ыңгайлуу спорттун түрү болсо керек?
- Кыздар табиятынан назик келишет эмеспи. Аларга күч жаратылыш тарабынан өлчөмдө гана берилген. Ошондой эле аялзатынын келечекте туура ойлонуусу абдан маанилүү. Ал эми тогуз коргоол ушулардын баарына шарт түзүп бергендиктен, кыздар үчүн абдан ыңгайлуу оюн деп эсептейм.

- Оюн учурунда эмнени көбүрөөк эске аласыз?
- Такта үстүнө отуруп, каршылаш менен кол алышкандан кийин мен бир гана нерсени эске алам, ал – жөн гана утуу эмес, атандашка татыктуу оюн көрсөтүү.

- Оюн үчүн эки саат убакыт берилет экен. Мындай узак убакыт оюнчуларды тажатып жибербейби?
- Жок, берилген убакыттан оюнчулар тажабайт, тескерисинче оюндун кумарына кирип кетип, убакыт кандай өтүп кеткенин байкабай калышат. Кээде бизге ушул эки саат да жетпей калат. Жеке менин тажрыйбамда оюн аягына чыкпай, убакыт бүтүп калган учурлар болгон.

- Бокста каршылашыңдын кыймыл аракетин алдына-ала билип алып, ошого жараша иш кыласың. Сиздерде кандай?
- Бокстагыдай эле биз дагы ар бир атандашка кылдаттык менен даярдык көрөбүз. Тогуз коргоол ойногон оюнчулардын да өзүнүн стили, колдонуп жүргөн ыкмалары болот. Ошондуктан бизге талыкпай эмгектенип күнүгө ойноп туруу зарыл.

- Спортчулар үчүн окуу жайдан атайын жеңилдиктер каралганбы?
- Мен Кыргыз мамлекеттик юридика академиясында окуйм. Ал жакта студенттер арасында жыл сайын университеттер аралык Универсиада болуп турат. Контракттык негизде окугандар үчүн аталган мелдештен 1-орунга – 50%, 2-орунга – 40% жана 3-орунга – 30% арзандатуу каралган. Окуу жайыбыз спортчуларга колдоо көрсөтүп, ойногонго шыктандырып турат.

- Спорттон сырткары эмнеге кызыгасыз? Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Спорттон тышкары мен заман талабына ылайык тилдерди өздөштүрүүгө кызыгам. Учурда англис тилин үйрөнүү үстүндөмүн. Ал эми бош убакытта китеп окуп, кино көрүп, өзүмдү өстүргөнгө аракет кылам.

- Студенттик күндөрдү эстен кеткис учур деп коёт эмеспи. Ошондой кызыктуу күндөрдөн кеп салсаңыз...
- Ооба, студенттик күндөр эң сонун учур экен. Мектепте окуп жүргөндө ой жүгүртүүң чакан болуп, алысты көрө албайт экенсиң. Ал эми студент болгондон кийин жашоого туура көз карашта карап, алдыга максат коюп, ага жетүүгө аракет жасап калат экенсиң. Дос күтүп, чөйрөң дагы кеңейет экен.

- Маектин соңунда өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз. Кандай үй-бүлөдө туулуп өскөнсүз?
- Мен Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Ровное айылында туулгам. Азыр да ошол жакта жашайм. Мектепте окуп жүргөн кезимде эле тогуз коргоолго кызыкчумун. Мени бул спортко алып келген машыктыруучум Шаршенбеков Бектемир агай. Учурудан пайдаланып агайыма ыраазычылык билдирем. Мен тогуз коргоол менен бирге эле комуз чертип, шахмат да ойночумун. Бирок жүрөгүм тогуз коргоолду тандады десем болот. Кийин мектепти аяктап Юридика академиясына тапшыргандан кийин тогуз коргоолду андан ары уланттым. Мелдештерге чыгып калганда апам моралдык жактан колдоо көрсөтүп ийгиликтериме себепчи болду. Ал эми үй-бүлөм тууралуу айта кетсем, апам математика мугалими болуп эмгектенет.Төрт бир туугандын үчүнчүсүмүн. Эң өкүнүчтүүсү мен жаңыдан гана ийгиликтерге жетишип баштаганда атам дүйнө салды...