Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Ноябрь 2019
15
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Асель Садырова: “Спорт жашоодогу кыйынчылыктарды унуттурат”
Улуттук түрлөрү23-ноябрь 2018-жыл, пятница. 23:18

Асель Садырова: “Спорт жашоодогу кыйынчылыктарды унуттурат”

24 жылдан бери мугалимдик кесипти аркаласа да, спортко убакыт таап, кыргыздын туусун бийик желбиретип келет. Быйыл коздөгөн максатына жетип, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону аталды. “Чет өлкөдө мекениңдин гимни жаңырып, туусу бийик көтөрүлүп жаткандагы сенин ички толкундооңду ошол бийиктикке чыккан гана чемпион билет” деген Асель Садырова менен кызыктуу маекти сунуштайбыз.

Садырова Асель Сүйналиева

Туулган жылы: 11.01.1975
Туулганжери: Нарын облусу, Тогуз-Торо району
Бою – 185 см, салмагы – 60 кг
Машыктыруучусу: Кубан Томотоев, Алмаз Акунов
Жетишкендиктери: Жаа атуу боюнча Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коло медалчысы(2016) жана жеңүүчүсү (2018), Манас оюндарынын чемпиону (2017), КМШ өлкөлорүнүн арасында өткөн мелдештин ечмпиону (Россия, 2017), BBC агентствосунун версиясы боюнча 2016-жылы “Дүйнөнүн 100 мыкты айымы” тизмесине кирген.
Билими: Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын жана Ош МУну аяктаган.
Жактырган спортчулары: Каныбек Осмоналиев, Айсулуу Тыныбекова
Жактырган тасмасы: “Ак кеме” жана “Ак илбирстин тукуму”
Үй-бүлөлүү, эки баланын апасы.

- Саламатсызбы, Асель? Маекти балалык күндөрүңүздөн баштасак, кандай үй-бүлөдө туулуп-өскөнсүз? Балалык кыялыңыз кандай эле?
- Саламатчылык. Мен кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам архитектор болсо, апам – мугалим, эмгектин ардагери жана баатыр эне.  Жети биртууганбыз. Бала кезимден эле спортко кызыгам, сүрөт тартам, мектепти жакшы окуп, алдыңкы окуучулардан болчумун. Жаш кезде атамдын жолун жолдосом деп кыялданчумун, бирок апамдын жолун жолдоп, азыркы убакытта мугалим болуп эмгектенем. Бала кезден көздөгөнүмө жетип келем: өжөрмүн,тырышчаакмын. Сөзгө бекем туруп, максат коюп, талыкпай эмгектенгенди жактырам.

- Спортко кантип аралашып калдыңыз? Салбуурунду тандооңузга ким же эмне себепчи болгон?
- Спортко мектеп курагымдан бери жакынмын. Өспүрүм кезимде калаадан жаа атып, шыктанып кетчүмүн. Кийин салбуурунга жаачы кыздар изделип жатканын угуп, жаштыкты эстеп катышып, ийгиликтерди жаратып калдым. Ошондон бери токтоно албай, мелдештерде биринчиликти бербей Жаныл Мырза, Кыз Сайкал деген аттарга конуп келем. Аялзаты спортто аз, бирок саз келет. Жаа атуусуз жашоомду элестете албайм. Жаа атуудагы салбуурунду тандоого түрткү болгон – бул Көчмөндөр оюндары десем болот.

- Ийгиликке жетиш үчүн кандай кыйынчылыктар болду?
- Чоң ийгиликтерди жаратуу – мен үчүн кыйын болду. Жаачынын курал жарактары жана кийимин камдоо, убакыт табып машыгуунун өзү көп убакытты талап кылат. Анан дагы башка мамлекеттерде өтчү мелдештерге жол каражатын табуу кыйынчылыкка турат.

- Машыгууңуз кандай өтөт?
- Жаңы жаа кармап баштаганда күнүгө бош убакытта талыкпай жаа атчуумун. Азыр машыгууга мелдештин алдында көбүрөөк убакыт бөлөм. Кантсе да аздыр-көптүр тажрыйбалуу болуп калбадымбы.

- Көчмөндөр оюндары сиз үчүн кандай өттү? Ойлогон ой-максаттарыңызга жеттиңизби?
- 2016-жылдагы Көчмөндөр оюндары мен үчүн жомок болду. 6 ай машыгып, коло медалга ээ болгом. Ал эми быйыл максатыма жетип, алтын медаль тагындым. Чемпион аталып, кыргыздын желегин желбиреткениме абдан кубанычтамын. Жеңиш кыйынга турду. Атаандаштарымдын баары көзгө атар мерген болчу.

- Жашоодо эмне кесипти аркалайсыз? Спорт сиз үчүн эмне?
- Борборубуздун мектептеринин биринде 24 жылдан бери сүрөт мугалими болуп эмгектенем. Спорт – менин жашоом, эрмегим. Спорт менен жашоомдогу көп кыйынчылыктарды убактылуу болсода унутуп калам.

- Sports Awards иш-чарасы тууралуу кабарыңыз барбы? Кандай пикирдесиз?
- Sports Awards иш-чарасын билем, былтыр сыйлоо аземине көрүүчү катары катышкам. Бирок өкүнүчтүүсү – улуттук спорттун өкүлдөрүнө азыраак көңүл бурулуп калган. “Олимпиадалык” деген статуска жооп бербегени эле болбосо,улуттук оюндарыбыз деле ошол деңгээлде деген ойдомун. Кандай болгон күндө да бул иш-чара спорт адамдарына стимул берет. Алардын көңүлүн көтөрүп, эмгегин баалоо деп ойлойм. Жамаатыңарга терең ыразычылык билдирем!

- Быйыл кыргыз спортчуларынын кайсы ийгилиги сизди кубантты?
- Быйыл спорт чеберлери ар кандай спорт түрлөрүнөн, ар кандай мелдештерде талыкпай эмгектенип, Кыргызстандын желегин желбиретип атабыз. Ар бир спорт чеберинин жеңиши мени кубантат. Өзгөчө менин быйылкы ийгилигим мен үчүн чоң бакыт болду.

- Убакыт таап, маек куруп бергениңиз үчүн рахмат. Мындан да чоң ийгиликтерге жетишиңизди каалайм!