Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
24
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Мыкты улакчы-2018: Талапкерлер (топ-10)
Улуттук түрлөрү22-ноябрь 2018-жыл, четверг. 01:11

Мыкты улакчы-2018: Талапкерлер (топ-10)

Мына ошентип 1 жылдык тыныгуудан соң Sports Awards салтанатына “Мыкты улакчы” номинациясы кайтып келди.

Эске салсак, былтыр республикалык ири мелдештерде чуулуу окуялар орун алып, мыкты улакчыны аныктоо мүмкүн эмес болуп калган. Ал эми быйыл ири 5 мелдеш (Нооруз, Жеңиш күнү, Көчмөндөр, Президенттин кубогу жана Өлкө чемпионаты) өтүп, мыкты улакчыны аныктабоонун өзү күнөө болмок. Андыктан Инстаграмдагы kokboru.kg баракчасынын жардамы менен мыктылыкка талапкер 10 оюнчунун тизмесин түзүп чыктык. Дал ушул ондуктан үчилтик тандалып, жыл аягында бирөөсү мыкты аталат. Белгилей кетсек, оюнчулар алфавиттик тартипте берилди.

1. Анарбек уулу Сейитбек (“Ынтымак”)

Чабуулчу болгонуна карабастан, коргонууда жана жекеме-жекеде да оюн көрсөтө алат. Ат тандабаган универсал оюнчу. Өзгөчө Нооруз мелдешинде жана Көчмөндөрдө мыкты оюн көргөздү. Ноорузда жарым финалда катуу жаракат алып, капельница аркылуу дарыланууга аргасыз болсо да, кайра финалга чыгып, фантастикалык оюн тартуулаганын күйөрмандар азырга чейин айтып жүрүшөт.

2. Аскаров Аскат ("Достук”)

Командасынын экинчи чабуулчусу. Шамдагайлыгы менен айырмаланып, Манас Ниязов экөө өз командасын алга сүрөп, керегине жарап келишет. Былтыркы жылдын жыйынтыгында kokboru.kg`нин тандоосу боюнча "Мыкты улакчы" наамын алган.

3. Манас Ниязов ("Достук")

Командасынын жана улуттук курама командабыздын ишенген чабуулчусу. Нооруз мелдешинде "Мыкты чабуулчу" наамын алса, 9-май – Жеңиш күнүнө арналган саамалыкта "Мыкты улакчы" аталды. Ошентсе да Манас сезонду ийгиликтүү аяктай алган жок. Анын жыл соңунда орун алган Өлкө чемпионатына катышпай калганын көк бөрү сүйүүчүлөрү бүгүнкү күнгө чейин түшүнө албай келишүүдө.

4. Нурболот уулу Эламан ("Сары-Өзөн Рассвет”)

Команданын Биринчи лигадагы чабуулчусу. Эң жаш шамдагай улакчы. Жаш болгонуна карабастан, "Мыкты улакчы", " Мыкты чабуулчу" наамдарын алганга жетишти. Өзгөчө анын 9-май – Жеңиш күнүнө карата уюштурулган республикалык мелдештеги укмуштуу оюну көк бөрү күйөрмандарынын дале эсинде десек жаңылышпайбыз.

5. Насакеев Улан ("Биримдик”)

Кара күчкө ээ чабуулчу. Шамадагайлыгы менен биргеликте улакты тайказанга алыстан ыргытуу боюнча чебер. 2018-жылы өткөрүлгөн мелдештердин баарына катышып, Кочмөндөрдө коргоочунун милдетин аркалады.

6. Мелисбек уулу Нуржан (“Ынтымак”)

Чабуулчу. Эбегейсиз кара күчко ээ болгондуктан, "Кара дөө" деген лакап атты да алып жүрөт. Ноорузда "Мыкты улакчы" аталып, Көчмөндөрдө мыкты оюн көргөздү.

7. Султан уулу Кубаныч ("Биримдик")

Кубаныч жекеме-жекеде алдына эч кимди салбайт десек аша чапкандык болбос. Бекеринен сезонду жыйынтыктаган Өлкө чемпионатында "Мыкты улакчы" деп табылган жок.

8. Табышев Астаркул ("Бакубат-Талас")

Тизмедеги Биринчи Лигада ойногон 2 оюнчунун бири (Нурболот уулу Эламан экөө). КРнын Президентинин Кубогунда "Мыкты улакчы" наамын эч кимге берген жок. Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата өткөн мелдеште командасынын чемпион аталышына чоң эмгек сиңирди.

9. Айбек Темирбаев (“Достук”)

Командасынын жекеме-жекечиси. Шамдагайлыгы жана кара күчүнүн аркасында 1 жылдын ичинде улуттук курама команданын курамына кошула алды. Өзгөчө 9-май – Жеңиш күнүнө арналган мелдеш менен Көчмөндөрдө мыкты оюн көргөздү. Бирок жыл аягында Ошто өткөн Өлкө чемпионатына катышпай калганы көк бөрү сүйүүчүлөрү тарабынан чоң кемчилик катары бааланууда.

10. Тыналиев Рустам ("Биримдик")

Көп жылдан бери жогорку деңгээлде оюн көргөзүп келаткан тажрыйбалуу оюнчу. Быйыл укмуштуудай аракеттене албаса да, туруктуу оюну үчүн мактоого татыктуу. Нооруз жана Жеңиш күнүндө күйөрмандар билген Рустамды эске салган көзгө толгон оюнду көргөздү.

P.S. Урматуу көк бөрүнүн күйөрмандары! “Мыкты улакчы-2018” номинациясында кайсы үчилтикти көргүңүз келет? Сиздин пикириңизде кайсы улакчылар быйыл мыкты оюн көргөздү. Комментарийге 3 оюнчунун аты-жөнүн калтырыңыз.