Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
24
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Азат Усеналиев: “Келинчегимдин жашоомо келиши менен спортко берекеси тийип жатат”
Бокс/MMA21-ноябрь 2018-жыл, среда. 17:29

Азат Усеналиев: “Келинчегимдин жашоомо келиши менен спортко берекеси тийип жатат”

Заманбап кыргыз бокс мектебинин жаркын өкүлдөрүнүн бири Азат Усеналиев менен маек курдук. Мушкерибиз кызыктырган суроолорубузга жооп берип, айрым орчундуу жагдайлар боюнча өз пикирин билдирди.

Усеналиев Азат Султанбекович

Туулган жылы: 11.09.1991

Туулган жери: Токмок

Бою – 166 см, салмагы – 56 кг

Машыктыруучусу: Ильяс Маров, Клим Василич Те

Жетишкендиктери: Бокс сүйүүчүлөр арасында Азиянын чемпиону (2013) жана коло медалчысы (2015), Азия оюндарында 3-орун (2018). Sports Awards-2015 салтанатында “Мыкты муушкер” наамынын ээси.

 

- Саламатсызбы?! Иштериңиз кандай?
- Жакшы рахмат.

- Узак убакыт тыныгуудан кийин чоң спортко кайтып келип, Азия оюндарында ийгилик жараттыңыз. Тыныгуудан кийин кайра кайтуу кыйын эле болсо керек?
- Аны тыныгуу деп деле айта албайм. Себеби мен спортту токтоткон жокмун. Эки жыл машыгууга болгон аракетимди жумшап жаттым. Ошондон уламбы кыйынчылык деле болгон жок.

- Негизи ошол корүнбөй жүргөн 2 жыл аралыгында эмне менен алек болуп жүрдүңүз?
- Ал убакыттын ичинде эч нерсе менен алектенген жокмун. Чемпионат Азиядан ийгилик жаратайын деген ой менен. Болгон күчүмдү жана энергиямды машыгууга гана сарптап жаттым.

- Азия оюндарында чемпион болуу үчүн сизге эмне жетишпей калды деп ойлойсуз?
- Мен биринчи жана экинчи раундда тактикалык ката кетирип үчүнчү раундда аны оңдогонго жетишпей калдым. Ушундай катачылыктардан улам жеңишке жетпей калдым деп ойлойм.

- Былтыр үйлөнгөнүңуздөн кабарыбыз бар. Үйлөнгөндөн кийин жашооңуз кандай өзгөрүүлөр болуп атат? Келинчегиңиз боксту түшүнөбү? Кызыгабы?
- Үйлөнгөнүмө бир жылдан ашып калды. Кудайга шүгүр өзгөрүүлөр жакшы жакка болуп жатат. Келинчегимдин жашоомо келиши менен спортко берекеси тийип жатат десем болот. Ал спортту түшүнбөйт бирок колдойт. Мурун бокска кызыкчу эмес кийин интернеттен видеолорумду көрүп аз да болсо кызыгуу жаралды болуш керек.

- Устатым деп кимди эсептейсиз?
- Мени ушундай жакшы жолдо алып бараткан эки адам бар анын бири биринчи машыктыруучум Ильяс Маров жана учурдагы Клим Василич Те

- 2000-жылдардын башында дүйнөдө бокс абдан популярдуу болчу. Учурда ММАнын көлөкөсүндө калып кеткендей. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Бокс ММАнын көлөкөсүндө калып кетти деген сөзгө кошулбайм. Себеби популярдуулук гана эмес тарых жагынан да алып кароо зарыл.Бокс терең,чоң тарыхы бар спорттун түрү болуп эсептелинет.

- Sports Аwards-2015те Мыкты мушкер аталган элеңиз. Бул сыйлык тууралуу пикириңиз?
- Аталган сыйлыкты алганымда аябай кубангам. Сиздерге чоң рахмат, биздин кылган эмгектерибизди баалап, ушундай иш-чараларды уюштуруп жатканыңыздарга.

- Рахмат! Ийгилик каалайбыз!