Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Декабрь 2019
13
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Дайыр Карыяев: “Келечекте ММАга өтүү тилегим бар”
Башкалар20-ноябрь 2018-жыл, вторник. 22:26

Дайыр Карыяев: “Келечекте ММАга өтүү тилегим бар”

Быйыл ата мекендик самбо чеберлерибиздин ичинен эң жакшы көрсөткүчтү Дайыр Карыяев көргөздү. Ал өлкөбүздөгү бардык мелдештерди жеңип, Казакстанда өткөн дүйнө Кубагун да багындырды. Анын таймашууларынын туу чокусу 100дөн ашуун өлкө катышкан Румыниядагы Дүйнө чемпиондугу болду. Анда эмесе кеп башынан болсун.

Карыяев Дайырбек Үмүтбекович

Туулган жылы:1995-жыл 10-июль
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Кулжа району, Коо-Чатыр айылы
Бою – 180 см, салмагы – 74 кг
Машыктыруучусу: Андрей Тупик
Жетишкендиктери: Күжүрмөн самбо боюнча КРнын чемпиону, Гордеевдин мелдешинин жеңүүчүсү, Дуйнө кубогунун ээси, Дүйнө чемпионатынын күмүш медалчысы
Жактырган спортчусу: Раатбек Санатбаев
Үй-бүлөлүк абалы: Бойдок

- Саламатсызбы Дайыр мырза? Сөзүмдүн башында сизди жеңишиңиз менен куттуктап өтөйүн. Дагы да болсо чоң-чоң ийгиликтерди багындырып, Кыргызстандын желегин желбирете бериниз! Анда биринчи суроом мындайча: Румынияда өткөн Дүйнө чемпионаты тууралуу кенен кеп кылып берсеңиз: кандай максат менен бардыныз эле жана ага жеттиңизби?
- Бул Дүйнө чемпионатына 110дон ашык мамлекет катышты. Ал самбонун 80 жылдык мааракесине дал келгендиктен, жогорку деңгээлде өттү. Ал эми менин максатым биринчи орунду алып, Кыргызстандын желегин желбиретүү эле. Тилекке каршы андай болгон жок. Бирок Кудайга шүгүр 2-орун деле жаман эмес. Эми каталарымдын үстүнөн иштеп, буюрса кийинки мелдештерге даярданып, бийик максаттарды көздөп жатам.

- 2-орунду камсыздап, Дүйнөнүн вице-чемпиону аталып келгенден кийин кандай сыйлык жана белектерди алуудасыз?
- Азырынча эч кандай белек жана сыйлыктарды ала элекмин. Болгону моралдык жактан колдоолор жана куттуктоолор болуп атат.

- Негизи самбо менен канча убакыттан бери машыгып келесиз? Дал ушул түрдү тандап алууңузга ким себепчи болгон?
- Самбо менен 2011-жылдан бери машыгып келем. Спорттун сырларын Ош шаарындагы "Алыш" спорт залында Юнус Махмедов агайдан үйронө баштагам. Акыркы 2 жылдан бери Бишкекте Андрей Васильевичтин колунда күжүрмөн самбо менен алектенип келем. Бул спорт түрүн тандоого түрткү болгон адамым – бул өзүмдүн бир тууган агам болуп саналат.

- Кайсыл жердин кулуну болосуз? Кандай үй-бүлөдө туулупөскөнсүз?
- Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Коо-Чатыр айылында чоңойгом. Балалыгым айылда өттү. Ата-энемдин, агаларымдын айтуусунда, кичине кезимден эле спортко кызыккан, дилгир бала болгон экенмин. Ошол кичинекей кезимдеги кызыгуумду уланттым десем болот.

- Спорттон тышкары эмнеге кызыгасыз? Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Ар бир эле эркек көбүнчө ат минүүгө кызыкса керек. Ошол сапат менде дагы бар. Ат минип, улак тартканга кызыгам. Ал эми бош убактымды көбүнчө китеп окуу менен өткөрөм. Адабий китептерди окууга басым жасайм.

- Келечектеги пландарыңызда ММАга аралашуу жокбу? Анткени көптөгөн күжүрмөн самбочулар эрежесиз эр урушта жакшы карьера жасап жүрүшөт...
- Ооба келечекте ММАга өтүү тилегим бар. Бирок ага чейин самбодон бир катар ийгиликтерди жаратсам, жакшы жыйынтык көргөзсөм дейм.

- Маегиңизге рахмат! Тилегиңиз орундалсын!