Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
24
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Манас Ниязов: “Чемпионатка катыша албай калганымдын жүйөлүү себеби бар”
Улуттук түрлөрү20-ноябрь 2018-жыл, вторник. 17:53

Манас Ниязов: “Чемпионатка катыша албай калганымдын жүйөлүү себеби бар”

Көк бөрү боюнча Өлкө чемпионатына катышпай, түрдүү пикирлерди жараткан Манас Ниязов менен баарлаштык. Албетте катышпаган себебин угуп, жакында бойдокчулук менен кош айтышып атканын да билдик.

Ниязов Манас Токтогулович

Туулган жылы: 24.04.1993
Туулган жери: Өзгөн районунун Дөң-Булак айылы
Бою – 183 см, салмагы – 85 кг
Машыктыруучусу: Ниязов Жаныш, Ниязов Байыш
Жетишкендиктери: Кыргызстандын жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону, Sports Awards-2016 салтанатында “Мыкты улакчы” аталган.
Жактырган спортчусу: Авазбек Аманбеков
Үй-бүлөлүк абалы: Жакында үйлөнөт)))

- Саламатсызбы Манас мырза ал жайыңыз кандай?
- Жакшы баары, рахмат.

- Алгачкы суроом болсун Манасты Манас кылган Бойкабы же Бойканы Бойка кылган Манаспы?
- Манасты Манас кылган Бойка, Бойканы Бойка кылган Манас!

- Быйылкы сезондо өзүңүздүн оюн-аракеттериңизди кандай баалайсыз? Жыл жыйынтыгында мыкты аталууга татыктуумун деп ойлойсузбу?
- Быйылкы жылы жакшы оюн көрсөтүүгө колумдан келгенче аракет жасадым. Эми аны эл бааласын. Өзүм бааласам туура эмес болуп калат. Жакшы сөз бар эмеспи, "Эл тараза - эл сынчы" деген. Болгону маалымат иретинде айта кетсем, Ноорузда өткөрүлгөн мелдеште жана 9-май Жеңиш күнүнө арналган оюнда "Мыкты спортчу" деген наамды алып, III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда эң көп улакты тай казанга таштаган да мен болдум.

- Саяпкер мыкты болбосо күлүк чуркабайт дейт. Күлүгүңүздү багуу кимдин мойнунда?
- Туура айтасыз, күлүк табында болбосо чуркабайт. Бойкага кам көрүп, таптап сынына чыгарган Таалай деген байке.

- Жашоодо жана спортто устатым деп кимди эсептейсиз?
- Агаларым Жаныш, Байыш жол көрсөтүп, мени ушул даражага жеткирди. Булардын жашоодо да спортто да мага карата мээнети көп.

- Өзгөн айылдык кеңешинин депутаты экениңизди билем. Көк бөрү менен жүрүп ишиңизди кылууга убакыт таба албай калбайсызбы?
- Көк бөрү менен жүрүп башка иштерим калып кеткен учурлар көп эле кездешип жатат. Ошого карабай экөөнү тең алып кеткенге аракет кылып жатам.

- Көк бөрү күйөрмандарын кызыктырган суроо: Ош шаарында өткөн Өлкө чемпионатына Ош облусунун намысын коргоп эмне себептен катышкан жоксуз?
- Ал жерде бир гана мен эмес, "Достук" тайпасынын мүчөлөрү баарыбыз катыша алган жокпуз. Мунун жүйөлүү себеби – мелдешке аттарыбыз даяр болбой калды.

- Бийкечтерди кызыктырган суроо: Качан бойдокчулук менен кош айтышасыз? Бизге жеткен маалыматтар боюнча жакында үйлөнөт экенсиз, сизди арбап алган сулуу ким болду экен?
- Ооба буюрса үйлөнүү тойду 12-декабрга белгиледик. Болочок жубайымдын аты-жөнү азырынча сыр болсун.

- Улактан башка эмнеге кызыгасыз, бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Улак көп болгондуктан бош убактым деле болбойт. Бошоп калганда үйдө жана досторум менен болом. Кээде футбол ойноп калам.

- Кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат!