Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Октябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Рустам Тыналиев: “Ат көп нерсени чечет”
Улуттук түрлөрү20-ноябрь 2018-жыл, вторник. 17:17

Рустам Тыналиев: “Ат көп нерсени чечет”

Көк бөрүдө ат көп нерсени чечет дегендердин катарында Рустам Тыналиев да бар. Жыйынтыкталып бараткан сезон тууралуу айтылуу улакчыбыз менен маектешип, оюн билдик.

Рустам Тыналиев

Туулган жылы: 07.07.1989

Туулган жери: Чүй облусу, Жайыл району, Суусамыр айыл өкмөтү

Бою – 177 см, салмагы – 70 кг

Машыктыруучусу: Толтоев Нуристан

Жетишкендиктери: Кыргызстандын көп жолку чемпиону. Sports Awards-2015 салтанатында “Мыкты улакчы” наамынын ээси.

- Саламатсызбы Рустам мырза? Sports Awards мыктылырды сыйлоо аземинде эң алгач “Мыкты улакчы наамын сиз алгансыз. Быйыл дагы бул наминацияга талапкерлердин катарындасыз. Быйылкы сезонду кандай өткөрдүм деп ойлойсуз?
- Саламатчылык, ооба 2015-жылы “Мыкты улакчы” болгом. Быйылкы сезон дагы жакшы өттү, жакшы оюндар болду. Быйыл эми кийинки өсүп келе жаткан жаштардан алса деген ойдомун.

- Быйыл чоң 5 мелдеш болду: Нооруз, Жеңиш күнү, Көчмөндөр оюндары, Эгемендик күнү, Өлкө чемпионаты. Сиз алардын бардыгында ойнодуңуз. Кайсынысы эмнеси менен эсте калды?
- Ооба, быйыл чоң мелдештер көп болду. Ноорузга биз жакшы даярданып келгенбиз бирок тилекке каршы утулуп калдык. Жеңиш күнүндө болсо биздин командабыз тарайт, тарабайт деп атып бир жума калганда чогулуп, ойдогудай даярдана албай утулуп калдык. Ал эми Көчмөндөрдө биз казак бир туугандар менен ойнойбуз деп даярданганбыз. Кайра эле биз ойлогондой болбой калды.

- Ооба, өзүңүз айткандай чынында быйыл баары Кыргызстан-Казакстан финалын күтүшкөн. Казак туугандар менен көптөн күткөн финалдын ишке ашпай калышы сизди канчалык ирээнжитти?
- Биз казак бир туугандар менен ойнойбуз деп 2 ай бою даярданганбыз. Күтүлбөгөндө казактар өзбек туугандарга утулуп калышып, биз күткөндөй болбой калды.

- Ошентсе да биздин оюбузча баягы атагы таш жарган Рустамды быйыл көрө албадык. Жакшы оюн көрсөттүңүз, бирок биз күткөндөй өтө жакшы эмес. Мунун себеби эмнеде: Комбат табында болбой калып аттыбы же башка сыры барбы?
- Ар нерсе өз убагы менен болот экен. Кезинде мен да жакшы оюн көрсөткөм. Азыр жаштар жакшы оюн көрсөтүп жатышат. Ат дагы көп нерсени чечет. Азыр Комбатты минбей калгам, аны башка командада башка улакчы минип жүрөт.

- Улактан тышкары эмнеге кызыгасыз? Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Бош убактымда көбүнчө айылдамын. Айылда атам күлүк жылкыларды багат, ага жардам берип, бош убактымды үй-бүлөм, келинчегим, балдарым менен өткөрөм.

- Кандай үй-бүлөдо туулуп-өскөнсүз? Ата-эне, бир туугандарыңыз тууралуу айтып берсеңиз.
- Мен 5 бир тууганмын. 2 эжем, карындашым жана иним бар. Адар баары өз алдынча үй-бүлө болуп калышкан. Мен ата-энем менен айылдамын.

- Улакчы катары өзүңүздүн күчтүү жактарыңызды жана кемчиликтериңизди атап бере аласызбы?
- Мен өзүмдү күчтүүмүн деп эсептебейм, ал эми кемчилигим – ызакормун. Бир нерсе болсо эле ызаланып калмай адатым бар.

-Маегиңизге чоң рахмат!