Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
24
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Сырттан Сыргак уулу: “Күрөш менен 2 жыл машыксам да, каалоом тогуз коргоолго тартып кетти”
Улуттук түрлөрү20-ноябрь 2018-жыл, вторник. 11:06

Сырттан Сыргак уулу: “Күрөш менен 2 жыл машыксам да, каалоом тогуз коргоолго тартып кетти”

Бул жолку каарманыбыз 11-класстын окуучусу болсо да, спортту өнөр тутуп, бир топ ийгиликтерге жетишкен. Учурда Эл аралык класстагы спорт чебери болуп саналат. Айылдан чыккан жаш талант Сырттан Сыргак уулу менен маекти сунуштайбыз.

Сырттан Сыргак уулу

Туулган жылы: 16.07.2002
Туулган жери: Сокулук району, Асылбаш айылы
Бою – 165 см, салмагы – 55 кг
Машыктыруучусу: Дурусбек Ашимов
Жетишкендиктери: Тогуз коргоол боюнча Чүй облусунун чемпиону (2015), Манас оюндарынын жеңүүчүсү (2017), III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү (2018), Азия чемпионатында 2-орун (Монголия, 2018), Инеллектуалдык оюнндардын Олимпиадасында 2-орун (Чехия, 2018). Эл аралык класстагы спорт чебери.
Учурда Асылбаш айылындагы Бейшеналы атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу.

- Саламатсызбы?! Иштериңиз кандай?
- Саламатчылык, жакшы рахмат.

- Алгач өзгөчө атыңыз тууралуу сурагым келип турат. Ким койгон, эмнени билдирет?
- Атым жан-жаныбарлардын башчысы дегенди билдирет. Өзүңүздөр деле уксаңыздар керек эл арасында "Карышкырдын сырттаны" деп да айтылып жүрөт. Эл башкарып, элдин тагдырын чечкен азамат болсун деген тилек менен чоң энем койгон экен.

- Алышып алыңды, күрөшүп күчүңдү кетирбей бир орунда отуруп алып мелдешке чыккан оңой болсо керек?
- Туура, тогуз коргоолдо бир орунда отуруп алып ойнойсуң. Бирок мен муну оңой деген сөзгө кошулбайм. Себеби спорттун башка түрлөрүндө физикалык жактан күч жумшалса, бизде психологиялык жактан өлчөмсүз күч кетет. Бул деген көп ойлонууну талап кылат дегендик.

- Тогуз коргоол ойноо ыкчам ой жүгүртүүнү талап кылат эмеспи. Атаандашыңыздын ташын утуп алууга канча убакыт жумшайсыз?
- Тогуз коргоол абдан татаал оюн болгондуктан, ойлонбой туруп жүрүш жасоо мүмкүн эмес. Мен көбүнчө атаандаштарымды аз убакыттын ичинде эле жеңип алам. Ал эми күчтүүлөргө келгенде көп ойлонуп оюнду шашпай аяктайм. Оюнда негизинен эки саат берилет мыкты оюнчулар менен бет келгенде бул убакыт да жетпей калат.

- Айтсаңыз, эмне үчүн спорттун ушул түрүн тандадыңыз эле?
- Башында менен күрөш менен тогуз коргоолду катар алып бара жаткам. Күрөш менен машыкканыма эки жылга жакындап калган. Кийин эмнегедир тогуз коргоолго кызыгуум күч алып, каалоом ошол жакка тартып кетти.

- Футболдо бат жүгүрүү,күрөштө шамдагайлык жеңишке жеткирет.Сиздер үчүн баарынан эмне маанилүү?
- Бизде шахмат оюнундагыдай тез ой жүгүртүү жана көрө билгичтик талап кылынат.

- Эми суроолордун нугун жеке жашооңузга бурсак.Кандай үй-бүлөдө туулуп өскөнсүз?
- Үйдө үч бир туугандын улуусумун.Менден кичүү иним жана карындашым бар. Атам фирманын айдоочусу болуп иштейт, апам үй кожойкеси. Чоң атам менен чоң апам мугалим болушкан.

- Тогуз коргоол ойногондон башка биз билбеген таланттарыңыз барбы? Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Мен спорт сүйүүчүсүмүн деп айтсам болот. Себиби мектеп убагында футбол, волейболду кызыгуу менен ойносом, үйгө келгенде атам менен шахмат ойнойм. Бош убактымды болсо үй тиричилигине жардам берүү менен өткөрөм.

- Быйыл жараткан ийгиликтериңизден улам сизди улуттук спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу номинациясында талапкерлердин катарында экениңизден кабарым бар. Мыкты аталууга татыктуумун деп ойлойсузбу?
- Мыкты аталууга болгон күч-аракетимди жумшап жатам.

- Тогуз коргоол менен алектенем дегендерге кеңешиңиз?
- Тогуз коргоол менен алектенем дегендерге кеңешим: математика сабагын жогорку деңгээлде окугула, чыдамкай, сабырдуу, тырышчаак болгула. Анан албетте оюнчунун кызыгуусу күчтүү болушу керек, алдыга койгон ой максаттарына умтулуусу зарыл. Убакытты кенен коюп көп даярдануу мыкты оюнчу болгонго чоң өбөлгө түзөт.

- Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем!