Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Октябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Сейитбек Анарбек уулу: “Ийгиликтин 80 пайызы аттан көз каранды”
Улуттук түрлөрү15-ноябрь 2018-жыл, четверг. 00:15

Сейитбек Анарбек уулу: “Ийгиликтин 80 пайызы аттан көз каранды”

Бүгүнкү коногубуз өзгөчө улакчы болуп саналат. Ал ат жана позиция тандабайт. Майданда каалаган ат менен каалаган позицияда ойноп, командасына чоң пайда алып келет. Анын ар тараптуулугу муну менен чектелбейт. Кеп ким жөнүндө болуп жатат дейсизби? Анда эмесе улакчы Сейитбек Анарбек уулу менен маекти сунуштайбыз.

Анарбек уулу Сейитбек

Туулган жылы – 1992-жыл, 17-декабрь
Туулган жери – Чүй облусу, Аламүдүн району, Арашан айылы
Бою – 173 см, салмагы – 75 кг
Командасы – “Ынтымак” (Талас)
Машыктыруучусу: Тазабеков Ислам
Жетишкендиктери: Көк бөрү боюнча Кыргызстандын 4 жолку, Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын 3 жолку чемпиону.
Жактырган спортчусу: Марсело (“Реал”)
Үй-бүлөлүү. Келинчеги экөө бир уул жана бир кызды тарбиялап келишет.

- Сейитбек улакчы болуп төрөлөбү же калыптанабы?
- Ар бир адамдын өзүнүн шыгы болот, бирок, менин оюмча, улакты канында барлар тартат го. Балким кызыгуусу күч болсо оюндарды көрүп, ойноп тартып кетиши мүмкүн. Негизи улакчы болуп төрөлөт деп ойлойм.

- Сен кантип улакчы болуп калдың эле? Ким же эмне түрткү болгон?
- Улакчылык менин канымда бар. Чоң атам, атам, бир туугандырам улакчы. Менин улакчы болбой калышым мүмкүн эмес болчу. Атамды, агаларымды ээрчип жүрүп, бул оюнга болгон кызыгуум жаш кезимде эле калыптанган.

- Эр жигитке 70 өнөр аздык кылат дейт. Улак тартуудан башка колуңдан эмне келет? Эгер улакчы болбосоң ким болмоксуң?
- Албетте жигитке 70 өнөр аздык кылат. Улактан сырткары футбол менен волейболго кызыгам. Ал эми улакчы болбосом башка ким болорумду элестете албайм.

- Улактан башка баш-отуң менен кирип берилген нерсең барбы?
- Ар бир ишти так аткарганга аракет кылам. Ойлонуп көрсөм улактан сырткары футболду баш-отум менен берилип ойнойт экем. Ар дайым утканга аракет кылам.

- Сени ат тандабайт дейт? Анан дагы сени көбү универсал оюнчу деп мүноздөшөт: бардык позицияда ойной алат, коргонуу жана чабуул, жада калса жекеме-жекеге да түшөт дешет. Мындай ар тараптуулукка эмнеден улам келгенсиң? Мунун сыры эмнеде?
- Мунун сыры атамда. Атам мени ушинтип үйрөткөн. “Бир атка көнбө, баардык атты мин. Бүт жаука чыгасың: коргонууда да ойнойсуң, чабуулда да ойнойсуң” деп айтчу. Бирок мен башында коргонууда көп жыл ойнодум, андан кийин чабуулга өттүм. Жекеме-жекеге да чыгам. Айтор атам бир эле учурда менин устатым да болгон.

-Улакта эмне башкы орунда: физикалык даярдыкпы, тактикабы, психологиябы, аттарбы, ооматтын оошубу же башка нерсеби?
- Улакта акыл жана тактикасыз кыйын. Жана дайыма мыкты физикалык даярдыкта болуу шарт. Мына ушул 3 нерсени белгилеп кетем.

- Саяпкерлик да жайың бар экен...
- Эми албетте ат минип, ат үстүндө жүргөндөн кийин саяпкерлик бир аз да болуш керек. Анткени ал атты даярдап, семиз болобу, арык болобу аттын табын билиш керек. Жаш кезимден күлүк чаап жүрдүм: автоууна жана ар кандай байгелерди утчубуз. Ошол кездерден да көптү үйрөнгөм.

- Кээде оюнуң жүрүшпөй калат эмеспи? Аттардын да ошондой ийгиликсиз күндөрү болобу?
- Ооба, кээде оюн жүрбөй калат. Мисалы менин колум келбей калат, бирок оюн жүрө берет. Аттардын да ошондой ийгиликсиз күндөрү болуп калышы мүмкүн. Аттын табы келип турса, ал чуркайт, келбесе чуркабайт. Бир күн ачка, бир күн ток, ошолорун байкап, аттын көзүнөн эле билип каласың. Колуң жүрбөй калган күндү оюн жүрбөй калды деп коет. Эгерде колуң жүрсө кандай гана ат болбосун, ойноп кете аласың, жүрбөсө ойной албайсың.

- Негизи улакта ат менен чабандестин айкалышы канчалык маанилүү? Кайсынысы канча пайыз чечүүчү роль ойнойт?
- Улакта ат менен жигит бири бирине жүз пайыз келишиши керек, ошондо ат баланы бала атты түшүнүп калат. Бирок мен ойлойм учурда улакта ийгиликтин 80 пайызы аттан көз каранды болуп калды. Атың чуркап, казанга барып, улак алганда карматпай качып, бирөөгө урдуртпай турса, анда жеңиш сен тарапта болот. Аты ушинтип жакшы болуп турса, чабандес улак менен гана алек болот.

- Оюнга кантип даярданасың? Кантип “настрой” коёсуң?
- Оюнга даярданганда, эң биринчи баарын Кудайга коем. Ал эми настрой койгондо ойноп утуш керек дейм. Ар кимдики ар кандай, мен баарын Кудайга коюп берип, оюнда болсо өзүмдүн ишимди аткара берем.

- Башка спорт түрлөрүн да күзөтүп турасыңбы? Быйыл кыргыз спортчуларынын кайсы ийгилиги сени кубантты?
- Быйыл Акжол Махмудов абдан кубандырды. Чоң ийгиликтерди алып келди. Дагы да чоң ийгиликтерге жетип, Кыргызстандын желегин желбирете берсин.

- Бош убактынды кантип өткөрөсүң, кантип эс аласың? Эмнеден эргүү аласың?
- Бош убактымды үй-бүлөм же болбосо бир туугандарым, досторум менен көңүлдүү өткөргөнгө аракет кылам.

- Чоң ат майдандарда оюн алдында чогулган элдин алдына чыкканда өзүмдү Байыркы Римдеги гладиаторлордой сезем деген кебин бар. Азыркы замандын Гладиатору болуу деген кандай сезим? Биз карапайым адамдар менен бөлүшө кетпейсиңби?)))
- Мен аны айтканымдын себеби биз оюн талаасына чыкканада эл аябай курчап турат, жүрөгүн тынчыбай эмне кыларынды билбей каласын, ошондо тамаша иретинде айтып койгом, “элдин астына чыгып баратканда өзүбүздү гладиатор сезебиз” деп. Оюнга чыгып баратканда бири-бирибизге атаандашбыз, оюнда баары болот, урушасын, талашасын, бирок оюн бүткөндөн кийин баарыбыз бир туугандай болуп калабыз.

-Маегибиздин аягында жеке жашооң тууралуу маалымат бербесең болбос: келинчегиң, балдарың тууралуу кеп кылып берсең?
- Биз келинчегим экөөбүз эрте эле баш кошконбуз. Анын аты Айпери, бир айылдан болобуз, экөөбуз бир жылдай сүйлөштүк, антсе да аны ала качып алгам. Кызымдын аты Айдана экинчи класста окуйт, ал эми уулум Эржан төрт жашта. Кайда болбосун ал деле ар кандай жыгачтарды минип алып, өзүнчө эле бир улакчы, баламды көрүп кубанам. Ар бир адамдын өз каалоосу болот, ал эми балам улакчы болом десе каршы чыкпайм, анткени бул биздин каныбызда бар. Улакчы болуу – жакшы нерсе, ат үстүндө улак тартып эр жигиттер гана жүрүшөт.