Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Декабрь 2019
13
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Бекназар Райимкул уулу: “Спорттук карьерамды убактылуу токтоттум”
Башкалар13-ноябрь 2018-жыл, вторник. 21:50

Бекназар Райимкул уулу: “Спорттук карьерамды убактылуу токтоттум”

Былтыр кыргыз спортунун тарыхында алгачкы жолу күжүрмөн самбо боюнча Дүйнө чемпиону аталып, “Sports Awards” салтанатында “Мыкты спортчу” аталган Бекназар Райимкул уулу менен маекти сунуштайбыз. Ал спорттон алыстап кеткенинин себебин айтып, акыркы жаңылыктары менен бөлүштү.

Райимкул уулу Бекназар

Туулган жылы: 1993-ж. 31- май
Туулган жери: Ош облусунун Кара Кулжа району
Бою – 177 см, салмагы – 78 кг
Спорт клубу: “Мухаммед Умар”
Машыктыруучулары: Курбанов Мухаммед, Жусупов Бакыт
Жетишкендиктери: Күжүрмөн самбо боюнча Азиянын, Дүйнөнүн жана жабык имараттарда өткөн Азия оюндарынын чемпиону (2017)
Билими: ОшМУнун Медицина колледжин аяктаган
Жактырган спортчусу: Криштиану Роналду
Үй-бүлөлүк абалы: Бойдок
Учурда Россиянын Пенза шаарындагы Медицина институтунун тиш дарыгери адистигинин 1- курсунун студенти

- Салам Бекназар! Былтыр триумф жараткандан бери быйыл таптакыр жоголуп кеттиң. Мунун себеби эмнеде?
- Саламатсызбы? Кесибим боюнча тиш дарыгермин. ОшМУнун Медицина колледжин бүтүргөм. Жана муну менен чектелбестен билимимди терендетүүнү чечтим. Анын үстүнө апам да дарыгер болгондуктан, убактылуу спорттук карьерамды токтоттум. Учурда Россиянын Пенза шаарында жогорку тиш дарыгери адистигинде 1- курста окуп жатам.

- Спортту таптакыр таштап койдуңбу же анда-санда спорт залына баш багып турасыңбы?
- Спорттогу карьерамды жыйынтыктоого эч бир себеп жок. Бул жакта окуудан сырткары 2 саат убактымды дзюдо менен өткөрөм. Бош убактымда футбол да ойноп турам. Окуумду ийгиликтүү аяктап, чон спортко жаңы дем-күч менен кайтып келем деген ниетим бар.

- Кыргыз спортун күзөтүп барууда болсоң керек? Быйыл кыргыз спортчуларынын кайсы ийгилиги сени кубантты?
- Уучубуз куру эмес, Кудайга шүгүр 2018- жыл да жемиштүү жыл болуп жатат. Албетте сыймыктануу менен айта алам. Азия оюндарында көп жылдан берки күткөн алтын медалды Төрөхан Багынбай уулу багындырып берсе, грек рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугунда Акжол Махмудов менен Эрбол Бакиров намыска жарашты. Жыл аягына чейин Кыргызстандын капчыгына дагы медалдар келишине тилектешмин.

- Келечектеги пландарыңда ММАга аралашуу жокпу? Анткени самбо боюнча көптөгөн чемпиондор ММАда ийгиликтүү карьера жасап келишүүдө. Мисалы ошол эле Хабиб Нурмагомедов...
- Келечек пландарымды алдын-ала айтууну туура көрбөйм. Бирок ММА боюнча так айта алам, мушкер болуу оюмда жок.

- Дүйнө чемпиону экениңди билген орусиялыктар келишим түзүү боюнча сунуш бербей элеби?
- Жеке өзүмө келип андай сунуш берише элек. Менден маалымат топтоп, кызыгуу артып жүрүшкөнүн угуп калдым. Билим алам деп келдим окушум керек. Буюрса эмки жылы үйлөнүү максатым бар. Убакыттан пайдаланып кыргыз элиме сагынычтуу салам айтам. Topsport.kg`нин жамаатына ыраазычылык!