Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Октябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Аида Акматова: “Буюрса 80 жашка чыкканда неберелерим менен машыгам”
Улуттук түрлөрү08-ноябрь 2018-жыл, четверг. 23:57

Аида Акматова: “Буюрса 80 жашка чыкканда неберелерим менен машыгам”

Кыргыз улуттук спортуна аралашканына аз болсо да ийгилик жаратып, күнүмдүк турмушунда жаштарды сергек жашоо образына үндөп келген Аида Акматова аттуу кыргыз бийкечи бар. Аида айым спорттук жолун баяндап, ийгилик сыры менен бөлүштү.

Акматова Аида Муратбековна

Туулган жылы: 31-май, 1986-жыл

Туулган жери: Архангельск (Россия)

Бою – 165 см, салмагы – 55 кг

Машыктыруучулары: Дамир Ашимов, Самат Суеркулов

Жетишкендиктери: Жаа атуу боюнча III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын күмүш медалчысы. Фитнес-модель.

Билими: Кыргыз мамлекеттик юридика академиясын жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган.

Жактырган спортчулары: Оскар Писториус, Рич Фронинг

Үй-бүлөлүк абалы: Бойдок.

- Биз Сизди сергек жашоо образын алып жүргөн жана башкаларды да ага үндөгөн айым катары билебиз. Эмне себептен же эмнеге байланыштуу ушундай жашоо образына келгенсиз же тандап алгансыз? Буга эмне түрткү болгон?
- Менин ата-энем цирк артистери. Апам спорттук акробатика боюнча спорт чебери болсо, атам Москвадагы Цирк өнөрү боюнча атайын окуу жайды аяктап келген. Ушуга байланыштуу кичинекейимден ата-энемдин машыгуулары менен чыгууларын көрүп, мен да алардай болсом деп кыялданып чоңойгом.

- Улуттук спорт түрлөрү менен да алектенип келериңизден кабарыбыз бар. Бул жаатта жетишкендиктеринизден бөлүшө кетсеңиз?
- Салбуурун федерациясына келгениме аз эле болду. Быйыл III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында аттан жаа атуу боюнча 2-орунду камсыздадым. Бул үчүн 2 ай тынымсыз даярдандым жана мындай натыйжага жетишүү мага өтө кыйын болду.

- Учурда жашооңузда спорт жана дене тарбия кандай роль ойнойт? Жашооңузду буларсыз элесетете аласызбы?
- Чоң ролду ойнойт десем жаңылышпайм. Кичинемден бери машыгып келем. Спортсуз жашоомду элестете албайм. Кээде 3-4 кун машыкпай калсам, денем кадимкидей бир кызык болуп, машыгууну сурап баштайт. Буюрса 80 жашка чыкканда деле спортту таштабай, неберелерим менен чогуу машыгам деп ойлойм (жылмайып).

- Негизи эле өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз: кайда жана кандай үй-бүлөдө туулуп-өскөнсүз? Кесибиңиз боюнча кимсиз?
- Жогоруда айтып өткөндөй цирк өнөрчүлөрүнүн үй-бүлөсүндө туулуп-өскөм. Мен ата-энем Архангельск шаарына гастролдоп барганда төрөлүп калганым бобосо, кыргыздын эле жаранымын. 2 кесиптин ээсимин. Юридика академиясы менен Маданият жана искусство университетин аяктагам.

- Негизи спорт менен туруктуу түрдө алектенип, машыгуу үчүн күн сайын күчтүү эрк, сабыр керек. Булар үчүн мотивацияны кайдан аласыз?
- Эң негизги мотивацияны ата-энемден жана жетишкен ийгиликтеримден алам. Мындан тышкары интернет аркылуу жаш кыздардан “Аида эже азаматсыз, мен сиздей болгум келет, бар болуңуз” деген сыяктуу билдирүүлөр келет. Мындай билдирүүлөр бир чети мотивация болсо, экинчиден жоопкерчиликти талап кылат. Ушинтип мага ишеним артып аткан жаштардын үмүтүн актап, татыктуу болгум келет.

- Бош убактынызды кантип өткөрөсүз?
- Чыгын айтыш керек, бош убактым өтө аз болот. Аны жакындарым менен чогу өткөргөнгө аракет кылам.

- Эгер “Бактылуу жашоонун сыры” деген китеп жазсаңыз, ал кандай саптар менен башталмак?
- Астыга максат коюп, ошол максатка жетүүгө умтулууш керек.
“Бактылуу болуш үчүн зарыл чоң эмгек,
Ошол эмгек бакытка алып келет.
Ааркет кылсаң берекет,
Ишенип кой, колундан баары келет!”

- Кыска бирок маанилүү маегиңизге ыраазычылык! Ийгилик каалайбыз!