Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Азизбек Сатыбалдиев: "М-1дин курун сөзсүз багындырам"
Бокс/MMA03-июль 2018-жыл, вторник. 15:35

Азизбек Сатыбалдиев: "М-1дин курун сөзсүз багындырам"

Белгилүү ММА мушкери Азизбек Сатыбалдиев менен маек курдук.

- Азиз акыркы беттешиң боюнча айтып берсең?
- Санкт Петербургда 21-майда өткөн М-1 версиясындагы беттештин жыйынтыгын мындай бүтөт деген ой жок эле. Азыр жолдо учураткан ар бир экинчи адамдын берген суроосу "Эмнеге жерде жаткан атаандашыңды тээп салдың?" болууда. Германиялык атаандашымды оңой эле утуп жаткам, тепкенге чейин эле узаткан соккум жаагын сындырган экен. Ошондон улам башын көтөралбай, менин чабуулума ыңгайсыз жаратып жатыптыр. Атаандашымдын абалынан пайдаланып беттешти мөөнөтүнөн мурда бүтүрөм деп шашып кеттим.

- Жеңишти оңой кармата салганыңа өкүндүңбү?
- Албетте ичим ачышты. Көп адамдын үмүтүнө атайлап суу сепкендей сезилди. Ошол жердеги күйөрмандар да "азаматсын, сен таза жеңдиң" деп сүрөп турушту. Өткөн ишке салабат, бул да болсо спорттук бир сабак жана сыноо деп кабылдадым.

- М-1ден таптакыр кол үздүңбү?
- Менеджерим Айбек Мусаев өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Күзгө чейин жооп болуп калат деп турам. Кудай насип этип оң жака чечилсе, сөзсүз М-1 курун багынтам.

- Буга чейин карьераңда Чехияда өткөн беттешиңде бир бактысыздыкка тушуктуң эле?
- Эки жыл мурун Дагестандын "Ахмат" клубунда келишимдин негизинде иштешип, машыгууларды өткөргөм. Туура айтасыз Чехияда өткөн беттеште колуму чыгарып алгам. Бирок дарыгер колумду салып, майданга уруксаат бергенине карабай, мени жеңилүүгө дуушар кылышкан. Анткени атаандашым дагестандык болчу. Мунун себебин айтпаса деле түшүнүктүү. Ошол маалда Кореядан да сунуш түшүп жаткан. Негедир болуп өткөн окуядан кийин чет жактык клубдар менен иштешүүнү убактылуу токтоттум.

- Эр урушка чейин кандай баскычтардан өттүң?
- 5-класста Алай району боюнча күрөштөн мыкты болгом. Грэпплинг боюнча КРнын жаштар арасындагы 2014- жылы чемпиону, 2015- жылы аралаш уруш боюнча КР нын чемпиону, ММА Ысык Көл мейкиндиги аттуу профессионалдар арасында жеңүүчү, 2018- ж күжүрмөн самбо боюнча 61 кг да Кыргызстандын чемпионумун.

- Жогоруда өзүңүз белгилеп өткөндөй, мүчүлүштүктөрдөн улам тажрыйба алмашуу оюңузда барбы?
- Мен алгач спорттун астанасын аттаганда эле тажрыйбалуу айым тай боксчу Елена Шевченконун ашканасынан баштагам. Андан кийин өткөн жылы белгилүү мушкер Хабиб Нурмагамедов менен биргеликте машыгып, тажрыйба топтогом. Мактанбайм чет жака көп эле чыктым. Кыргызстан менен башка элдин спорт чөйрөсүндө айырма жоктой. Болгону машыгууну гана күчөтүп жатам.

- Кайсы кесиптин ээсисиз?
- Учурда Ош технологиялык университетинде 4-курста окуп жатам. Бажы иши багытында билим алуудамын. Азырынча бир гана спорттун артынан жүрөм. Убагы келгенде кесибимди да аркалайм го.

- Машыктыруучуң Тынчтык Өмүрзаков менен ортоңордо кандай келишим бар?
- Эч кандай келишим жок. Спорттогу Азиз Сатыбалдиев деген аттын таанылышына Тынчтык агамдын көмөгү чоң. Болгону духтан түшпө, сөзсүз жеңиш биздики деп бар күчүн мага жумшайт.