Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
“FIHGT NIHGT” МЕЛДЕШИН БАГЫНДЫРГАН БИР ТУУГАНДАР
Бокс/MMA03-май 2018-жыл, четверг. 18:39

“FIHGT NIHGT” МЕЛДЕШИН БАГЫНДЫРГАН БИР ТУУГАНДАР

Грэпплинг боюнча Азия, ММА боюнча дүйнө чемпиону аталган Расул Тезекбаев менен Жаныш Ураим уулунун бир тууган ага-ини экендигин көпчүлүк биле бербесе керек. Алар үчүн жаз мезгили жемиштүү болуп, бир топ ийгиликтер жылмайды. Спортчу ага-инилер биздин редакцияга маек курушту.

Грэпплинг боюнча Азия, ММА боюнча дүйнө чемпиону аталган Расул Тезекбаев менен Жаныш Ураим уулунун бир тууган ага-ини экендигин көпчүлүк биле бербесе керек. Алар үчүн жаз мезгили жемиштүү болуп, бир топ ийгиликтер жылмайды. Спортчу ага-инилер биздин редакцияга маек курушту.

 

-         Расул, Казакстанда апрель айында өткөн fihgt nihgt мелдешине кантип катышып калдың?

-         Астана шаарында Орусиялык fihgt nihgt уюмунун чакыруусу менен грепплинг боюнча мелдеш өткөрүп келдим. Бул мелдешке 12 мамлекеттик профессионал спортчулары катышты. Негизги мелдеш Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда болду. Казакстандын көзгө басаар мушкери Нартай Кожеков менен беттештим. 8 раунд толук ойноп, жеңишке жеттим.

-         Мелдештен алган таасирлериң?

-         Балалыкта дүйнөнү багынткан спортчу болгум келчү. Ошол кыялдардын орундалышына убакыт келди окшойт. Учурда fihgt nihgt уюму менен келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул маселе бир тараптуу чечилсе, биринчилерден болуп сиздердин редакцияга сүйүнчүлөйм. Буюрса, Кыргызстанды UFC боюнча дүйнөгө таанытам деген тилегим бар.

-         Жаныш Ураим уулу сенин иниң экендигин көпчүлүк биле бербесе керек?

-         Ооба, өзүнүн эмгеги жана аракети менен ийгилик жаратып жатат. Абдан аракетчилдиги мени кубандырат. Мен чет жерден мелдештен келгенде, “кезектеги мелдештен кандай тажрыйба алып келдиңиз?” деп сурай берет.

-         “Жаныш менин окуучум” деп айта аласыңбы?

-         Мм... Анда аша чаап кетем. Жөн гана агалык милдетимди аткарып, жол көрсөтүп турам. Инимдин өзүнүн устаттары бар.

-         Жаныш, Расул тууралуу оюң?

-         Агамдын ар бир ийгилиги – менин ийгилигим. Ийгилик оңой менен келбейт да. Расул дайыма кыймылда, токтоп калганын көрө элекмин. Эсимде, кичинекей кезибизде агам оор таштарды көтөрүп, узакка чейин чуркай берчү. Айылда спорт менен машыгуу үчүн шарт жок да. Бирок, Расул өз алдынча машыга берди. Кийин шаарга келип, спорттун бир канча түрүнөн Азиянын, дүйнөнүн чемпиону болду. Учурда агамдын спорттук карьерасын көз ирмебей күзөтүп барам. Кандай жаңы ыкмаларды үйрөндү экен деп, дайыма карап турам.

-         Дүйнө чемпиондугуна кантип жеттиң?

-         Бардык нерсе жөн жерден боло бербейт. Ооба, агаларымдын арты менен спортко аралаштым. Тынымсыз аракетимдин үзүрү кайтып, ушул жылдын март айында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн ММА боюнча дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалдын ээси болдум. Алтын медалдар алдыда.

-         Спортто кумириң барбы?

-         Агам Расул мага үлгү. Менин ар бир машыгуумду, ар бир мелдешимди көз жаздымда калтырбайт. Агам менин бир тууганым эле эмес, устатым, досум жана сырдашым.