Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Июль 2019
16
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Нурзат Бактияр кызы: Кол күрөштө классташ балдарды да жеңип алчумун
Күрөш12-апрель 2018-жыл, четверг. 12:51

Нурзат Бактияр кызы: Кол күрөштө классташ балдарды да жеңип алчумун

Кыргыздын дагы бир жоон билек балбан кызы алыш күрөшү боюнча эл аралык жеңиштердин ээси Нурзат Бактияр кызы 1994- жылы Өзгөн районунун Жаңгакты айылында жарык дүйнөгө келген.

Окуучулук кезден тарта волейбол, жеңил атлетика, таяк тартыш, кол күрөш менен алектенип жүрүп, чоң спортко алыш күрөшү менен бет алган. Ушул туурасында кененирээк сөз кылабыз.

- Салам Нурзат! Мартта өткөн Б. Эркинбаевдин жаркын элесине арналган алыш күрөшү боюнча турниринде биринчи болдуң. Спорттук карьераңыздан кеп баштасак?

- Саламатчлык спорттук жашоомо быйыл 7 толот. Атам спортту абдан жакшы түшүнгөн киши. Менин устатым. Күрөшүп калуум жөн жерден эмес, анткени чоң атам белгилүү балбан киши болгон. Чоң атамдын балбандыгы атама, атамдан мага ооптур. Атам Бактияр мени колдоп, айылда шарттарды түзүп берип, мелдештерге өзү эрчитип барчу.

- Эмне үчүн күрөштү тандадыңыз?

- Мага волейбол жагат. Мектеп курагымда командылык курам менен айылдык мелдештен баштап, республикалык мелдештерде оюн көрсөткөнбүз. Негизи командалык оюнда жеңишке жетүү бир топ оор, баары бирдей аракеттенбесе. Ойлонуп отуруп атам менен кеңешип күрөштү тандадым. Мындан сырткары жеңил атлетика, таяк тартыш менен да мелдешип келем.

- Күч түзүмдөрүндө эмгектенип жатыпсыз, окуучуларды таптоого убакыт болобу?

- Кесибим боюнча Бишкектеги Эргеш Алиев атындагы ИИМ академиясын аяктагам. Учурда Өзгөн райондук ИИБнүн жаш өспүрүмдөр иштери боюнча инспектору болуп эмгектенем. Буюрса келечекте устаттык милдетимди аткарам.

- Кандай жетишкендиктериңиз бар?

- 2016- жылы дүйнөлүк 2- Көчмөндөр оюндарында 70 кг салмакта Түркмөнстандык атаандашым Рано Узаковадан жеңилип күмүш тагынганмын. 2017- жылы Ашхабатта өткөн Азия оюндарында бел боо күрөшүндө 3- орунду камсыздап, Алыш күрөшүндө финалдык беттеште кайра эле Рано Узакова менен беттешип алтын медалды тартып алдым (күлүп). Бул жеңиш эң эсте калаарлык болду мага.

- Балбандыка салып жигиттерди уяткарып койгон учурларда болобу?

- Мектепте окуп жүргөндө кол күрөштөн классташ балдарымды да утуп алчумун. Кээде балдар да күч сынашуудан баш тартып, "кой ай сенден жеңилип калып, уят болбоюн" деп калышчу ( күлүп).

- Үй бүлөөдө канча спортчу бар?

- Он бир туугандын ичинен жалгыз өзүм спортчумун.

- Келечек пландар кандай?

- Июнь айында айымдар арасында өтүүчү Курманжан Датканын алыш күрөшү боюнча турнирине кызуу даярдыктамын. Ошондой эле III-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнундарындаа Кыргызстандын капчыгына алтын алып келүү үчүн бар күчүмдү жумшайм.

- Тилегиңизге жетиңиз. Маанилүү маек үчүн рахмат.