Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Нургазы Амиракулов: "Спортко болгон сүйүүмдү бычактын мизи да кайтара албады"
Бокс/MMA30-март 2018-жыл, пятница. 23:57

Нургазы Амиракулов: "Спортко болгон сүйүүмдү бычактын мизи да кайтара албады"

Спорт күйөрмандары “Айкөл Манас” спорт клубун жакшы билишет. Алыскы Орус жергесинде түптөлүп, мыкты спортчуларды чыгарып келе жаткандыгы жалпыга маалым. Так ошол спорт ордонун келип чыгышы, максаты , ийгилиги жана келечеги тууралуу негиздөөчүсү Нургазы Амиракулов бизге маек куруп берди.

- Саламатсызбы? Алгач өзүнүздүн киндик кан тамган жериниз, балалыгыныз тууралуу кеп баштасак?
- Мен Амиракулов Нургазы Аттокурович 1981- жылы Ош облусунун Жапалак айылында туулгам. Үй-бүлөөдө үч бир тууганбыз. Алардан мен эле спортко жакын өстүм.

- Кимдин таасиринен спортrо келип калдыныз?
- Биздин жаш кезибизде сыналгыны көбүрөөк көрөөр элек. Сыналгыдан кино жылдыздары аткарган трюктарына таасирлендим окшойт. Кошуна Орке деген айылга каратэге барчумун. Залга жетип баргыча жолдо балдардан токмок жеп, көк ала болсомда каратэ менен машыкканыма кайыл болуп барчумун (күлүп) . Менин ошондогу кебетеме үйдөгүлөр да каршы турушту. Ден соолугун да дурус эмес, оорукчан болуп каласын деп чоочулашты. Мен дагы өжөрлөнүп артка кайтпадым. Акыры агамдын колдоосу менен Оштогу бокс мектебине 5- классымдан Турдаалы Оморов агайдын окуучусу болуп калдым.

- Эмнеге Кыргызстанга эмес, Орусияга спорт ордо ачтыныз?
- 2000-жылдары турмуштун агымы менен Орусияга эл катары мигрант болуп калгам. Ошол кезде кечкисин кыргыздын кыз келиндерин коркутуп акча, баштыгын тартып алуу фактылар көп эле. Так ошондой күндөрдүн биринде кыргыз эжеге болушам деп куралдуу кылмышкерлер менен кармашып денемде бычактан оор жараат алдым. Мына ошондон улам спорттон айласыз кетүүгө туура келди. Бирок спортко болгон сүйүүм абдан күчтүү болчу. Спорт зал ачууну көздөдүм. Бир чети өзүм сыяктуу жаш агымдын топ тээп, спорт менен алек болчу кезинде эрте жашынан турмуштун оор арабасын тартып жүргөндөрүнө ичим ачышты. Ден соолукту дурустап алып, спорт зал ачамын деп максат коюп, акыры ниетиме жетиштим.

- Кимдер колдоп, кимдер жол тосту?
- Спорт зал ачам деген оюмду бири күлкүлүү, кээ бири тан калыштуу кабыл алган. Анткени 17 жыл илгери жашоо бир топ оор болчу. Зал ачканга чейин өзүм машыгып жүрүп, орус, дагес, азер, чечен досторум бар эле ошолордун пайдасы тийди. Кыргыздар таптакыр колдобой койду дебейм саналуу жолдоштор колдошту.

- Оштогу залдын ачылары менен “EREM” аталышын алып жүрөсүнөр?
- Орусияда Айкөл Манастын 10 го жакын филиалы бар. Кичи мекениме залды ачууда Ерем спорт клубу бизге чон колдоо көрсөтүп, спорттук жабдыктарды камсыздап берди. Ошол менен чет жака чыгуубузга да өнөктөшүбүз “EREM” спорт клубу маселени чечип беришет.

- Чет жакта жүрүп, жергиликтүү машыктыруучулардын тажрыйбасындагы айырмачылык байкадынызбы?
- Албетте. Мисалы жылдызы жанган машыктыруучу Абдуманап Нурмагомедов убагында биз сыяктуу карапайым спортчу эле. Талыкпаган эмгектин, изденүүнүн натыйжасында, тажрыйбалуу машыктыруучуга айланды. Бул менен сөзсүз чет жактан адис алып келип зал иштетүү эмес, өзүбүздүн машыктыруучулар менен эле иштешип аларды опыт алмашуусун шарт түзүп беришибиз керек.

- Байкашымча олимпиадалык спорт түрү машыктырбайт экенсиз?
- Буюрса жакынкы күндөрү бокс, күрөш, греко рим күрөшү боюнча машыгууларды баштоо алдында турабыз. Андан сырткары аралаш уруш, ММА, эр уруш түрлөрүнөн Учубуз куру эмес дүйнө чемпиондору Медербек Шерматов, Жаркынбек Байзаков, Рыскул сыяктуу намыска жараган жигиттерибиз бар.

- “EREM Айкөл Манас” эмнеси менен өзгөчө?
- Бизде кыздар да машыгат ММА боюнча. Чын эле биздин менталитет башкача бирок, кыздардын кызыгуусу болуп турса чектегим келбейт. Мүмкүн булардын арасын Шевченколордой патриот кыздарыбыз өсүп келе жаткандыр. Менимче спортто эркек, айым деп кароого болбойт го.

- Кыргыз спортунун кайсы маселеси түйшөлтөт сизди?
- Сапат маселеси бар. Спорт залдар өтө тездик менен ачылганы бир чети сүйүнтсө бир чети шарттардын жетишсиздиги байкалат. Ичи да суук талапка жооп бербейт. Кээде жеке кызыкчылыгы үчүн зал ачып, тигинин балдары деген команда түзгөндөргө түз карабайм.

- Спорттогу кызыктуу учурлардан айтып берсениз?
- 2005 жылы болсо керек Москвада мелдешке бара албай калып Жаркынбек деген жигитти залдын атынан өкүл кылып келгем. Бизден Акжол деген балбан беттешмек. Орус калыстар биздин ID картабызды арткы жагынан карап Жаркынбектен никеси жок деген жерди фамилиясы деп ойлошуп Жаркынбектен мобу Акжол никеси жок да сураса Жаркынбек да ооба никеси жок деп коет. Беттешке чакыраарда “Никеси жок Акжол” деп чакырып атпайбы (күлүп). Түшүнгөндөр кыраан каткыр түшсө, кээ бирлер түшүнбөй ызылдап калышкан. Ошодон улам беттешке түшөөрдө фамилияңарды тактагыла деп күлүп калабыз.

- Кызыктуу маегиңизге ыраазычылык, ийгиликтерди каалайбыз!