Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
FFC`нин түптөөчүсү Шер Насирдинов: "Кыргызстандагы ММА уюмдар биригишибиз керек"
Бокс/MMA05-март 2018-жыл, понедельник. 11:21

FFC`нин түптөөчүсү Шер Насирдинов: "Кыргызстандагы ММА уюмдар биригишибиз керек"

11-мартта Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жаңы түзүлгөн Falco Fighting Championship уюмунун тунгуч беттеши болгону турат. Анын уюштуруучусу Шер Насирдинов менен маектештик.

- FFC`ни ачуу идеясы кантип жаралган?
- Көптөн бери балдарды машыктырып, чет өлкөлөргө чыгарып келем. Көп өлкөлөрдө бири-бирине тоскоолдук кылбастан, жардам берип иштеген уюмдар көп. Канчалык уюмдар көп болсо, ошончолук мушкерлер тажрыйба топтошот. Атандашуу өстүрөт эмеспи. Биз чет мамлекеттерге көз каранды болбостон, өзүбүздүн Кыргызстандан даярдап, чет өлкөгө чыгарышыбыз керек. Ошондой ойдо бул нерсени ойлоп чыккам. Азыркы учурда чет мамлекеттен өткөрөлү деген сунуштар түшө баштады. Мисалы, Өзбекстан, Россия, Украинадан байланышышты. Спортчулардын дээрлик көбү колдоп жатышат.

- Өзүңүз жөнүндө кыскача маалымат берсеңиз?
-
Өзүм 1987-жылы Ош шаарында туулуп-өскөм. Татар элинин өкүлү болсом да, кыргыз жергесинде туулуп, кыргыз мектепте окугам. Окуумду аяктап, армияга бардым, андан соң Бишкеке келип иштеп калдым. Ата-энем Ош шаарында жашашат. 5 бир тууганбыз. Бош убактымда ууга чыкканды, досторум менен балыкка барганды жакшы көрөм. Көп убактымды спортко бөлө албайм. Ден-соолугум үчүн машыгып турам. Спортко абдан кызыгам. Ошондуктан кыргыз спортунун өнүгүшүнө 10% болсо да салымымды кошсом деген ой менен иштеп жүрөм.

- Эмне себептен FFC деп атагансыз? Кандай максаттарды көздөп жатасыздар?
-
Falco Fighting Championship деп атаганыбыздын себеби Falco кыргыз тилине которгондо “ак шумкар “ дегенди түшүндүрөт. Эгерде биз кыргызча “ак шумкар “деп атап койсок, чет элдиктер түшүнбөй калышат. Биз деңгээлибизди көтөрүү үчүн, бардыгы түшүнүүсү үчүн англисче ат койдук. Андан тышкары Falco деген машыгуу залыбыз да бар.Азыр JFCден Айбек Мусаев, ММА Академиясы жана Номад Файтстын жетекчиси Руслан Ниязакунов мелдеш өткөрүшөт. Алар менен баарын чогуу өткөрүп, кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мисалы, 2-3 уюм бириксек, Жогорку Кеңешке сунуш киргизүүгө мүмкүнчүлүк болот. Жок дегенде мушкерлерге беттештерден кийин бекер профилактикалык дарыланууга шарт тузүп берсек жакшы болот. Анткени алар жаракат алып, кам көрүүгө муктаж болушат. Негизи Кыргызстандагы ММА уюмдар биригишибиз керек. Баарыбыз бөлүнбөй, биригип иш алып барсак, бир нерсеге жетишүү да оңой. Анан албетте бардыгыбыздын максатыбыз болгон мушкерлерибиздин да деңгээли өсөт.

- MMA Академиясы, Номад Файтс, ВЕФ, ЖФС - булар менен атаандаш боло турган деңгээлге жете аласыздарбы кандай ойлойсуз?
-
Булар менен биз эч качан атаандашпайбыз. Тескерисинче аларды колдойбуз. FFC клубунун атынан аталган уюмдардын мелдештерине мушкерлерди чыгарсам деген ниетим бар. Мен башында эле атаандаштык кылбайм деген ой менен баштагам. Мен конкуренция көрбөйм. Алар өзүнүн программасы менен, мен өзүмдүн программам менен, бири-бирибизге тоскоол болбой иштей беребиз.

- 6-март күнү WEF`тин мелдеши өтөт. А сиздер эмне үчүн 11-мартты тандап алдыныздар? Сиздердин мушташ кечеде күйөрмандар кандай өзгөчөлүктөрдү көрө алышат?
-
Негизи WEF 25-февралга коюлган эле. Ошого карап 11-мартты белгилеп жүргөнбүз. Биздин турнир өткөн соң Караганда шаарына барабыз. Алаш прайд да биздин турнир өткөн соң өткөрө турган болушту. Кийин WEF 6-мартка жылды. А биз башка датага жылдыра албай калдык. Ар бири-биздин өз ырыскыбыз бар. Мен аракет кылам жогорку деңгээлде өткөргөнгө. Бул турнирде 100% согуш болот. Мушкерлерге гонорардан тышкары бонустар берилет. “Кеченин мыкты беттеши" деген номинациябыз бар. Катышуучулар тууралуу айтсам, аты чыгып калган балдар. Башкы беттеште Бахтияр Тойчубаев кыргыздын намысын талашат. Кеченин өзгөчөлүктөрүнүн бири тай бокс чебери Жаныбек Бейшебек уулунун ММА эрежелери менен беттешке чыгуусу болмокчу. Калыстар Тажикстандан чакырылды. Буюрса баары эң эле жогорку деңгээлде болот деп айта алам.

- Башка уюмдарда спортчуларга чектөөлөр коюлган. Ал эми бул боюнча сиздерде кандай?
- Ооба туура айтасыз. Чынында бул нерсе мушкерлерге абдан тоскоолдуктарды жаратат. Бизде андай нерсе жок. Себеби, мушкерлер менен контракт түзүп алып, аларды кармаган болбойт. Федерация болобу, уюм болобу, өзүбүз жардам берип, башка жактарга чыгарыш керек. Ошондо гана биздин балдар өсөт деп ойлойм.