Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Июль 2019
17
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
“БАРБАЙ ЭЛЕ КОЙСОҢОР БОЛМОК”. Же футзал боюнча Кыргызстан курама командасы тууралуу күйөрмандар эмне дейт?
Футбол07-февраль 2018-жыл, среда. 22:22

“БАРБАЙ ЭЛЕ КОЙСОҢОР БОЛМОК”. Же футзал боюнча Кыргызстан курама командасы тууралуу күйөрмандар эмне дейт?

Өзүңүздөр билгендей, футзал боюнча Азия чемпионатына Кыргызстандын спортчулары да учуп кетишкен. Тайпанын биринчи оюнунда Ливан менен 2:2 эсебинде тең ойноп, экинчи оюнда Иорданияны 3:1 эсебинде утуп алышкан. Андан соң чейрек финалдын жолдомосу үчүн чечүүчү беттеште Тайланд курама командасына 8:1 эсебинде утулдук! Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы Инстаграм баракчасына “Үйгө кайтууга аргасызбыз” деп жазып чыккан эле. Ошол постко күйөрмандар тарабынан калтырылган комментарийл

Aitikeev9: Тактика деген такыр жок. Башкы машыктыруучуну алмаштыруу керек, оюндар мыкты.

Aslan.kenjebaev1507: Дубанаев машыктыруучу болуш керек.

Sadilsaatov: Бизде бир зал жок талапка жооп берген. Балдар колдон келгенин жасашты,күнөөлөй бербейли. Таиланд футзалдан күчтүү өлкө.

_welcome_to_football_world_: Мага сезилип жатабы же бул оюнду сатып алышканбы? Кыргызстан 200 эсе жакшы ойномок , 8 голду өткөрүп жибермек эмес.

Draxler: Барбай эле койсоңор болмок.

Da.niel7572: Дагы жакшы 8:1 эсеби 21:0 эмес.

Jumabaev.arzy: Эй туугандар, кыргыз деп соксо жүрөгүң, жеңилсе да бирге болосуң команда менен, эгер жаман комментарий берсең сен кыргыз эмес башка улутсуң.

Jamilamatov: Балдар, эч нерсе эмес. Топ тоголок. Айтып коюш оңой, а чынында абдан оор. Кээ бир учурда жөн гана жол болбой калат.

Spartak1548: Экономика кандай болсо, ошондой футбол. Эмнени күттүңөр  эле? Балдарга рахмат айтыш керек.

U.chynybaev:Ушундай кантип болсун, достор? 2 оюнда утканда алар баатыр, биздин жигиттер, биздин сыймык, бүркүттөр, биз силер менен, Алга Кыргызстан деп, анан утулуп калганда эле Кыргызстандын курама командасынын майкасын кийгенге татыктуу эмес дейсиңер.  Урматтуу футбол федерациясы, качан жана канчада учуп келерин жазып койсоңуздар,сураныч. Биз аларды татыктуу тосуп алышыбыз керек.

Bakirov5215: Жигиттер, мыктысыңар. Билебиз. Мунусунда жолуңар болбой калды, албетте кийинкисинде утасыңар. Алга, жигиттер. Ишенебиз.

Onarchinskiy: Бирде болбосо бирде утасыңар, кайгырбагыла деп өзүбүздү өзүбүз сооротуп отура берели.

Altyntopmendeev: Көнүп деле калдык го утула берип…

Kubanychev00: Уят.

Ilimdar_live: Эч нерсе эмес, утулганды да билиш керек. Азияга чыгып ойнош - бул чоң жетишкендик.