Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Кааба уулу Кожомкулдун 55-чи эл аралык мелдешинин ачылышы болуп өттү
Күрөш16-декабрь 2017-жыл, суббота. 19:22

Кааба уулу Кожомкулдун 55-чи эл аралык мелдешинин ачылышы болуп өттү

14-декабрь күнү Арча-Бешиктеги «Газпром» спорткомплексинде эркин күрөш боюнча кыргыз элинин айтылуу балбаны Кааба уулу Кожомкулдун 55-чи эл аралык мелдешинин ачылышы болуп өттү. Мелдештин ачылышында балбандарды тарбиялаган ардактуу машыктыруучулар: Жекшен Карагулов, Жетиген Маданов, Назарбек Сулайманов, Төлөн Раимкулов, Анаркул Ибраев, Сарыгул Чекиров, Алмаз Касеновдор ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

Мелдеште 57кг-74кг салмак категориясындагы балбандар күч сынашты. Дээрлик 300гө жакын балбандардын арасынан бешөө суурулуп чыгып эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондору аталышты. Жеңишке жеткен балбандар Кыргызстандын курама командасына кошулуп, февраль айында өтө турчу Азия чемпионатына жолдомо алышты.Туркиядан келген Мехмет Түркмөн спортко кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы менен сыйланды. 

Мелдештин демөөрчүлөрү: KG  Групп, Sajda, Megakom, Kyrgyz Beton, Bigsersport ж.б компаниялар болушту.

Оюндун соңунда мыктылардын мыктысы аталып алтын медалдын ээси болгон бир нече балбан менен маектешип көрдүк.

Сманбеков Алмаз Сманбекович 57 кг салмак категориясында Кыргызстандын эркин күрөш боюнча чемпиону.

-Саламатсызбы, Алмаз мырза. Бүгүнкү жеңишиңиз менен куттуктайм!

-Чоң рахмат

-Кыскача өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз?

-Мен, Жалал Абад областынын Каракөл деген шаарчасынан болом, 1998-жылы 10-февралда төрөлгөм.

-Канча жашыңыздан баштап күрөш менен машыгасыз?

-Экинчи классыман баштап күрөш менен машыгам.

-Күрөштөгү эң чоң жетишкендигиңиз…

-lll Евразиялык өоюндарда күмүш медалдын ээси болгом. Ал эми 2015-жылы өткөн Дүйнөлүк чемпионатта 5-орунду ээлегем. Тилекке каршы медалга жетпей калгам.

-Азыр кайсы жакта окуйсуз?

-Азыр дене тарбия жана спорт академиясында 2-күрста окуйм.

-Спорттон тышкары эмне менен алектенгенди жактырасыз?

-Китеп көп окуйм, анан бош убактымда достор менен киного барганды жактырам.

-Азыркы учурда кыргыз спортчуларынын келечеги кандай деп ойлойсуз?

-Келечеги абдан кең. Азыркы өсүп келаткан жаш спортчуларга болушунча колдоо көрсөтүшүбүз керек. Өкмөттөн да колдоо көбүрөөк болсо жакшы болот эле дейм да.

-Кичинеңизде ким болом деп кыялданчу элеңиз?

-Кичинемде «комерсант» болсом дечүмүн.

-Жашоодо кандайдыр бир «девизди» колдоносузбу?

-Ооба. Эмгек, күч жана өзүңө болгон ишенимдүүлүк. Ушул 3 нерсени колдоном.

-Маегиңизге чоң рахмат.

 ___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Таалайбек уулу Динислам. 74кг салмак категориясындагы эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону.

-Динислам жеңишиңиз кут болсун!

-Чоң рахмат

-Бул сиздин канчанчы жеңишиңиз?

-Өзүм жаштар арасындагы курама командада биринчиликте турчумун. Улуулар арасында да чемпион болгом.

-Февраль айында боло турчу Азия чемпионатына жолдомо алдыңыз, даярдыктар кандай?

-Буйруса даярдык жакшы. Ал жактан да биринчиликти алып Кыргызстандын желегин желбиретебиз деген ниет бар.

-Үй бүлөңүз сиздин спортко болгон кызыгууңузду кандай карайт?

-Үй бүлөм колдоо көрсөтөт, эч кимиси каршы эмес.

-Кичине кезиңизде спортсмен болорунуңду билдиңиз беле?

-Жок. Спортко болгон кызыгуум Каракөл шаарына көчүп келгенден кийин, досторум аркылуу күчөгөн. Алар менен чогуу күрөшкө катышып калдым. Эң биринчи ийгиликтерим да ошол жакта башталган.

-Үй бүлөм каргы эмес деп калдыңыз, спортту түшүнгөн адамдар болсо керек….

-Ата-энем спорт менен деле кызыкпайт. Атамдын жеке бизнеси бар, апам үй кожойкеси. 1 иним 1 карындашым бар.

-Үйдө эң улуусу экенсиз, ата-энеңизге сиз көбүрөөк жардам берсеңиз керек?

-Ооба, иним менен карындашым азырынча кичинекей. Бош убактымда үй жумуштарын кылып жардам берем.

-Маегиңизге рахмат, Азия чемпионатынан жеңиштерди күтөбүз.

-Сизге да рахмат.