Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Темир Муса уулу:"Былтыр бул наамга жетпей калгам…"
Волейбол16-декабрь 2017-жыл, суббота. 18:41

Темир Муса уулу:"Былтыр бул наамга жетпей калгам…"

«Улар» командасынын мыкты оюнчусу Темир Муса уулу спорт чөйрөсунө аралашканына 7 жыл болсо да, көптөгөн ийгиликтерди багындыра алган. Ошол жети жыл ичиндеги жетишкендиктери жөнүндө бөлүшкөн маегибизди окурмандарыбызга сунуштайбыз.

- Темир мырза, алгач  биздин окурмандарга өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз?

Мен, 1994-жылы 12-апрелде Нарын областынын  Ат-Башы  районуна караштуу  Ача-Кайынды айылында төрөлгөм.  9-класска  чейин  Ой-Терскин  мектебинде окуп, шаарда  №100 кесиптик лицейинде 2009-2012-жылдары окуп бүтүргөм.  Азыркы  учурда КГУСТАда спорт боюнча окуп жатам. Ак түскө жакынмын.  Бош убактымда  ар кандай китеп, журналдарды окуганды жакшы көрөм.

- topsport.kg  уюштурган  «Sports Awards-2017»  маарекеси тууралуу уксаңыз керек. Ошого  «Мыкты волейболист» наамына коюп жатышат…

- Ооба, бул мен үчүн  «сюрприз» болду. Укканда сүйүндүм. Былтыр да көрсөтүлүп, бирок жеңиш мага буйрубай калган эле.

-Айтсаңыз, ушул наамга «татыктуумун»  деп  ойлойсузбу? « Жеңишке жетем» деген ишеним барбы?

-Билбейм, буйруганы болот го. Бирок өзүмө ишенем. Наамды албай калсам деле өкүнбөйм. Жашоомдо  кандай машыгып жатсам, ошонун үзүрүн көрөм да. Баарын эл чечет.

-Ушул спорттун артынан кайсы өлкөлөргө бардыңыз эле? Кандай жетишкендиктериңиз бар?

-Негизи көп жактарга чыгабыз.  2015-жылы Бангладеш, 2017-жылы  Мальдивы аралына, Казакстан, Москва  шаарларына көп эле барып жүрөбүз. Ал эми жетишкендигим, 2016-жылы Ыссык-Көл областында өткөн Азия оюндарынан «Мыкты оюнчу» наамын алганым болду.

-Оюн учурундагы кызыктуу, эсте калган  окуялардан айта кетсеңиз?

-Жалал-Абадга Аксыда турнир болуп калып барганбыз. Жамгыр нөшөрлөп жаап жаткан.  Футбол талаасы болсо ылай. Топту чабайын десең чаба албайсың , кичине бассаң жыгыласың, ошого карабай ойногонбуз. Дайыма баары жакшы боло бербейт, мындай учурлар көп эле кездешет.

-Спорт сиздин жашооңузда кандай мааниге ээ ?

-Негизи спорт жакшы нерсе. Мащыгып жүрүп жыйынтыкка ээ болбосоң да ден соолугуң, формаңды алып жүрүүң үчүн керек. Жашооңдода жакшы нерселер, түшүнүктөр, достор пайда болот. Спорттун эч кандай зыяны жок. Ошол үчүн спорт менен жүргүлө, спорту сүйгүлө, спорт-жакшы!

-Кыргызстанда «волейбол» оюнунун  келечеги кандай?

-Келечеги бар, ишенем. Буйруса шарттар түзүлүп жатат. Биздин клубдун тренировка кылган жерлери, жатаканасы, жуунган жери, тамак-ашы баардыгы бар. Учурдан пайдаланып биздин  клубдун президенти Исаев Тыныбек мырзага ыраазычылык билдирип кетээр элем.

-Эми сөздү жеке жашооңузга бурсак…

-Үй-бүлөдө  4 биртууганмын. Эң улуусу болом, менден кийин 3 иним бар.  Атам 1973-жылкы,  апам 1975-жылкы. Чоң атам, чоң апамда бар. Волейбол ойноп калганыма  чоң атам  түртку болгон десемда болот. Мен кылып жаткан жумушумду тащтатып, «бар ойно»-деп айтчу.

-Мыкты спортчуну жандаган кыздарда аз эмес чыгар? Сиз менен байланышууга чыкканымда тренериңиз Учкун мырза: «Кой кызым болбойт, анын сүйлөшкөн  кызы бар» - деп айта кетти…

-Негизи спортто күйөрман кыздар болот. Айтып калышат «ойногонуңузду көрдүк» -деп (күлүп). Бирок, сүйлөшкөн кызым жок. Тренерим тамашалап айтып койсо керек.

-«Жума намаздан кийин жолугалы» - деп калдыңыз. Жараткан алдында пенделик парзыңызды да аткарып жатыптырсыз. Деги эле жашоодо кандай адамсыз?

-Жашоодо жөнөкөй адаммын. Жоопкерчиликтүү, чынжыл болгонду баалайм жана аракет кылам. 

- Маегиңизге чоң рахмат. Сизге ийгилик каалайм!