Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Эсенбек Кудайбердиев: "Спорттон чыныгы досторду таптым"
Күрөш15-декабрь 2017-жыл, пятница. 01:47

Эсенбек Кудайбердиев: "Спорттон чыныгы досторду таптым"

"Кыргызстанды дүйнөгө спорт жагынан таанытамдеген ой-максаттарым акырындык менен ишке ашып жатат" деп сыймыктанган Эсенбек Кудайбердиев topsport.kg`ге спорттук жолун төмөнкүчө баяндайт.

Мен 1993-жылы 10-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Кара-Булак айылында туулуп-өскөм. Үй-бүлодө 3 уул бир тууганбыз. Мен ортончусу болом.

Алыш күрөшүнө келип калганымдын себеби, Лейлек районунда лейлек күрөшү абдан популярдуу оюндардын бири болчу. Жыл сайын чоң байгелер коблган түрдүү мелдештер өткөрүлчү. Мына ушундай мелдештердин бирине 5-класста окуп жүргөн кезимде атам жетелеп барып, мен курактуу балдар менен күрөштүргөнү эсимде. Ошондо баарын жеңип чыгып, 1-орунду алып, белектерге ээ болгом. Досторум менен 5-10-сомго мелдешип ойночубуз. Ошентип лейлек күрөшүнө абдан кызыгуум арта баштады. Андан соң күрөш боюнча райондук, областык кийин республикалык деңгээлге чейин чыга баштадым. 2011-жылы Бишкек шаарына келип, алыш күрөшү боюнча мелдештерге катыша баштадым. Алыш күрөшү менен лейлек күрөшүнүн  эрежелери окшош болгондуктан, кыйынчылык жаралган жок.

2012-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында 1-орунду алдым. 2014-жылы Дүйнөлак көчмөндөрдүн оюнунда 3-орунга илиндим. 2015-жылы Иранда өткөң континентибиздин биринчилигинде 3-орунга жеттим. 2016-жылы Индонезияда Азия чемпиону болдум. 2017-жылы Түркмөнстанда алыш күрөшүнөн чемпион болуп, түркмөн күрөшү боюнча вице-чемпион аталгам. Негизи спорт чөйрөсүнө аралашканыма өкүнбөйм. Спорттун аркасынан эл көрдүм, жер көрдүм. Жалпысынан 12 өлкөгө барыптырмын. Спорттон чыныгы досторду таптым.

"Эмгек кылсаң, өнмөк бар" дегендей, спорт жолун тандаган соң талыкпаган эмгектин аркасында көптөгөн ийгиликтерди багындырганга аракет кылыш керек. Мен чоң спортко аралашканыма 7жылдай болду. Учурда машыктыруучу болуп да эмгектенип баштадым.

Алдыда чоң пландарыбыз бар. Башкы максатыбыз - алышты дүйнолүк аренага алып чыгуу! Буюрса 2018-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Индонезиядагы Азия оюндары күтүп турат. Ошол мелдештерден жеңиш менен гана кайтууну самайбыз жана ал үчүн болгон күч аракетибизди жумшайбыз!